ЖаңылыкЖашыл-экономика

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг пластмассаны кайра иштетет. «Келечекте бул демилге бир гана Баткен шаарын эмес, бүтүндөй Баткен облусунан алып келинген таштандыны иштетиши зарыл», – деп эсептейт иш чаранын уюштуруучулары.

Ошондой эле шаардын ичинде «ЭкоБаткен» кайра иштетүлүүчү материалдарды кабыл алуу пункту ачылды. Баткен тургундары пластик, кагаз, картон жана алюминий тапшырганы үчүн акчалай компенсация, же үй жана кеңсе буюмдарды ала алышат. 

Кабыл алуучу жайдын жана кайра иштетүүчү цехтин ачылышы «ТРЭШ 6: Баткен Таштандысыз» экологиялык арт-фестивалынын алкагында 26-апрелде Баткен шаарында өттү.

Ошондой эле фестивалдын программасында Алтын Капалованын мектеп окуучуларынын таштанды тоосу менен күрөшү тууралуу «Жаркыраган тоо» жомогу» боюнча коюлган көргөзмөнү жана спектаклды 300-дөн ашык окуучу көрдү. Фестиваль жана спектакль түзүү идеясы Аймерим Турсалиева менен Бермет Бөрүбаевага таандык. Мындай иш-чаралар аркылуу алар Кыргызстандын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана таштанды төгүүчү жайлардын көйгөйүн чечүүгө салым кошууда.

Фестиваль жергиликтүү бийлик менен Бишкек заманбап искусство мектеби (БиШСИ), Тазар Мекеним, ЭкоБаткен жана Баткен Таза Аймак Баткен облустук музыкалык-драма театрынын өнөктөштүгү астында уюштурулду.

Долбоор ГЭФ, БУУӨП, Глобалдык Экологиялык Фондунун Чакан Гранттар Программасынын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылды. 

Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму,
Жашыл-экономика

ВИДЕО: Таштандысын бөлгөн мейманкана

Кой-Таш айылындагы Jannat Resort отели катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчүлөргө өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Мисалы, ресторанда таштандылар үчүн 5 чака коюлган.1-челек катуу металлдар үчүн;2-челек кургак таштандылар үчүн;3 -тамак аш калдыктары;4-челек
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
Жашыл-экономика

Нурзат Абдырасулова: “Абаны тазалоо имаратты жылуулоодон башталат”

Кыш мезгилиндеги абаны каптаган смог көйгөйү акыркы бир нече жылдан бери эң көп талкууланган темага айланды. Буга быйылкы суунун аздыгы,  энергетикалык каатчылык кошулду. Бийлик болсо жарыкты өчүрүп, энергияны үнөмдөп, көмүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген