Кыш мезгилиндеги абаны каптаган смог көйгөйү акыркы бир нече жылдан бери эң көп талкууланган темага айланды. Буга быйылкы суунун аздыгы, энергетикалык каатчылык кошулду. Бийлик болсо жарыкты өчүрүп, энергияны үнөмдөп, көмүр менен электр энергиясынын баасын көтөрүү аркылуу маселени чечүү жолдорун издеп жатат.
Ал эми активисттер заманбап жана жеткиликтүү ыкмаларды сунушташууда. Бирок азырынча бийлик буга кулак сала элек.
Маселеге кайдыгер карабаган жарандар, активисттер энергетикалык кризисти түрдүү аянтчаларда талкуулап келишет. Алардын бири «Шааркана». Мында «Жеке менчик үйлөрдү жылытууда кантип зыяндуулукту азайтыш керек?» деген талкуу өттү.
«Юнисон Групп» КФ жетекчиси Нурзат Абдырасулова жогоруда айтылган эки маселенин чечүү жолу имараттарды жылуулоодо деди.
Көчөнү жылытып жатабыз
-Ички миграция күч алып, имараттар барган сайын маанилүү болуп, жаңы конуштар көбөйүп жатат. Ковид бизди үй ичинде көбүрөөк убакыт өткөрүүгө мажбур кылды, андыктан имараттардын сапаты, микроклиматы, жайгашкан жери жана алар кандай курулуш материалдардан жасалганы дагы маанилүү.
Союздун ыдырашы менен Кыргызстандын энергетикалык балансы бир топ өзгөрдү, эгерде буга чейин энергияны өнөр жай тармагы эң көп керектесе, азыр көмүрдүн, электр энергиянын 50%га жакынын имараттар колдонот, бирок ошол эле учурда жылуулуктун дээрлик 70% жоготууга учуроодо. Анткени алар 40 -50 жыл мурун курулган, СССРдин убагында бардыгын тезирээк турак-жай менен камсыз кылуу стандарттары иштеген.
Эгерде жеке же көп кабаттуу имаратты тепловизор менен карай турган болсок, анда нөлдүк температурада дубалдардан, терезелерден, чатырдан жылуулуктун көчөгө кетип жатканын көрүүгө болот. Демек, биз көчөнү жылытып жатабыз.
Энергияны үнөмдөө маселеси
Абдырасулова энергияны сарамжалдуу колдонбогондун негизги көйгөйү катары, имарат ээлеринин маалыматынын жана энергияны үнөмдөө боюнча мотивациянын жокутугун атады. «Тарифтерди эсептөө методологиясы так эмес. Мисалы, көп кабаттуу үйлөрдө суу менен жылытуунун баасын эмнеге чарчы метрди эсептеп чыгараары белгисиз».
Мындан тышкары, эксперт мамлекеттик колдоо программасы жок экенин белгилейт. «Мунун баары бюджеттин ысырап болушуна, сапатсыз кызмат көрсөтүүгө алып келүүдө. Эскирген имараттар болсо айлана-чөйрөнү булгаган көмүртектин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт».
Бишкектеги «Мегакомфорт» соода борбору жылына 443 мегаватт-саат энергияны үнөмдөөгө жана жылына 91,8 тонна көмүр кычкыл газын аз бөлүп чыгарууга мүмкүндүк берүүчү жылуулоо системасын ишке киргизди.
Имаратты жылуулоо чыгымды азайтат
Юнисондун жетекчиси Нурзат Абдырасулова бир подъезддүү тогуз кабаттан турган үйдү мисал келтирди:
«Бүгүнкү күндө жылууланбаган имараттар 1 чарчы метрине жылына 374 кВт/саат энергия сарптайт. Эгерде 5 см жылууласа, анда электр энергияны керектөө үчтөн бирге азайып, 152 киловатт саатты, ал эми 10 смге жылууласа 96 кВт саатты түзөт».
Андан кийин ал жеке үйлөрдү жылуулоонун эффективдүүлүгүнө токтолду. «Жеке үйлөрдүн биринин энергетикалык аудити жылуулуктун 42% дубалдан, 26% полдон, 13% чатырдан өткөнүн көрсөткөн. Демейде, чатыр аркылуу кеткен жоготуу 30% га чейин жетет. «Бул үйдүн чатыры жылууланган, бирок сапаты начар болгондуктан жоготуулар 13%ды түзүп жатат».
Анткен менен ал үйдүн дубалдарын ным тартып, көк пайда болгон. Бул учурда биз эки ыкманы сунуш кылдык: чатырды сапаттуу, аба өткөрө турган материалга алмаштыруу жана дубалдарды кургатып, жылуулоо.
«Негизги инвестициянын көлөмү 4300 долларды же 300 миң сомду түздү, жылуулук үнөмдүү пайдаланылып, атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттын көлөмү азайды», – деди Нурзат Абдырасулова.
Курулуп жаткан үйдү жылуулоо
Абдырасулова «эгерде тогуз кабаттан турган бир подъезддүү үй (дубалынын аянты 2000 чарчы метр) беш сантиметрлик жылуулоочу материал менен жабылса, анда электр энергиясын керектөө – жылына 374 МВт сааттан 152 МВт саатка чейин кыскарат. Бул жылына 5 миң долларга жакын каражатты үнөмдөйт. Мындан тышкары, оңдоп түзөө иштеринен кийин имарат көркүнө чыгып, шаардын келбети жакшырмак», – деди.
Эксперттин айтымында канча акча керек деген суроого так жооп жок, анткени ар бир үйүдүн чыгымы ар башка болот. «Бул дубалдарды, терезелерди же чатырды жылуулоого жараша аныкталат. Тогуз кабаттуу панелдүү имаратты жылуулоого 40 миң доллар инвестиция жумшалса, жылына энергияны үнөмдөө 6 миң долларды түзөт деп болжолдоп жатабыз».
Бишкектеги көп кабаттуу турак жайларды жылуулоодо чоң техникалык потенциал бар, эски батирлердин 80%ы энергетикалык жаңылоого муктаж. «Мындан тышкары, муниципалдык имараттарды модернизациялоо зарыл, анткени бул санитардык-гигиеналык ченемдер, конструкциясынын коопсуздугу, имараттарды пайдалануу мөөнөтүн узартуу».
Мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар, ооруканалар сыяктуу көптөгөн социалдык имараттардагы энергетикалык аудит алардын стандартка жооп бербей турганын көрсөттү. Бир жер ысып кетсе, экинчи жер анчалык жылыбайт, баардык жерде абанын сапаты, жарыктын жетишсиздиги байкалып, нымдуулук бар, ошол эле учурда энергияны үнөмдөө боюнча жаңы технологиялар пайда болууда. Азыркы күндө алар жеткиликтүү.
Бишкек шаарында жалпы аянты 691 миң чарчы метрди түзгөн мектеп, бала бакча, административдик имарат сыяктуу 263төн ашык муниципалдык имарат бар. Алар жыл сайын 19,5 миң киловатт-сааттан ашык электр энергиясын, 61 миң 278 гигакалория жылуулукту жана 72 миң 760 тонна ысык суу керектешет. Ар бир экинчи имарат 40-50 жыл мурун курулган жана жаңыланууну талап кылат. Өлкөдө электр энергиясы жетиштүү болуп турганда көптөгөн коомдук имараттар электр менен жылытууга өткөн. Азыр аларга газга, көмүргө өтүүнү сунуштап жатышат, себеби электр энергиясы жетишсиз, бул энергетикалык ресурска көз карандылыкты жаратып, чоң көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан, Юнисондун жетекчиси Нурсат Абдырасулова имараттарды жылуулоодон тышкары, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү, аны кеңири жайылтууну сунуштап келет.
Жыйынтык
Юнисондун адистери Бишкектеги ар кандай түрдөгү имараттардын энергия натыйжалуулугун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле муниципалдык имараттар, жеке сектор үчүн энергияны үнөмдөө чараларын, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү ишке ашыруу боюнча планын иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.
Имараттардын, көп кабаттуу батирлердин, жеке үйлөрдүн энергоэффективдүүлүгү боюнча шаардык фонд түзүү, ал аркылуу жылуулоо, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кандай түрлөрүн орнотуу. Мисалы, күн станциялары, энергияны үнөмдөөчү мештер. Долбоорлордун банкын иштеп чыгуу жана Мамлекеттик жеке өнөктөштүк тармагында кызматташууну жүзөгө ашыруу, энергетикалык сервистик келишим, жашыл стимул жана башкалар. «Институционалдык база абдан маанилүү – мэриянын штаттык түзүмүндө энергетикалык эффективдүүлүк боюнча атайын бөлүм керек. Ансыз маалыматтарды чогултуу дагы кыйын болот. Энергияны керектөөчү объектилерди инвентаризациялоо, бирдиктүү маалымат базасына киргизүү зарыл”, – деди Нурзат Абдырасулова.
Автор: Мунара Боромбаева
Cүрөт: «Юнисон Групп»
БУУнун Туруктуу өнүгүүгө жетүүнүн 17 максаты.
7-Максат. Ишеничтүү, арзан, туруктуу жана заманбап электр энергиясына болгон жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.