ЖаңылыкЖашыл-экономика

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып өрттөнгөндө  андан метан бөлүнүп чыгып абага тарайт. Ошол себептен шаардан анча алыс эмес жерде жайгашкан таштанды жайы жыл бою түтөп, өрттөнүп турат. Ошол эле учурда Бишкекте тамак-аш калдыктарын биогазга айландырган  «Флюид» мекемесине сырье жетишсиз болууда.

«Флюид» коомдук фонду биогаз технологиясын колдонуп, тамак-аш калдыктарын иштеткен Бишкектеги жалгыз компания. Негиздөөчүсү Алексей Веденевдин айтканына караганда бул жерде тамак-аш калдыктары, малдын кыгы кайра иштетилип биогазга айланат.

«Биздикиндей технологияны мал-чарба кармаган  фермаларга орнотуп күнүнө 5 тоннага чейин малдын кыгын иштетсе болот. Шаарда 3-3,5 тонна  тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Бирок биз чийки заттын тартыштыгына байланыштуу жарым тонна эле иштетүүдөбүз. Шаар тургундары таштандыларын бөлүп, бизге өткөргөндүн ордуна баарын аралаштырып, полигонго кетире беришет. Бишкекте эмне көп? Албетте, кафе, ресторан. Анткен менен көпчүлүгү чыккан таштандыны бөлүп бизге жеткирип койгондон ээринишет. Болгону бир нече тамактануучу жайлар менен келишим түзүп, калдыктарын жыйнап келебиз. Аларга контейнер коюп бергенибизге карабай  башка  калдыктарды деле сала беришет. Биз аларды кайра бөлүп, сорттоп убара болобуз».

Биогаз технологиясы кандай жол менен иштейт?

 “Чогулган тамак- аш калдыктары адегенде майдалагычка салынат. Малдын кыгын болсо түз эле техникага кетире берсе болот. Ал жерден масса бир өңчөй абалга, нымдуулукка келтирилген соң биогаз техникасына салынып, метан бөлүп чыгара тургандай болуп ачыйт. Ииштелип чыккандан кийин биз биогаз жана жер семирткичтен турган эки продукция алабыз. Биогаз даяр болгондо аны газ тетикчелеринде каалагандай колдонсо болот, ал жаратылыш газынан эч айырмаланбайт. Мындан тышкары  үйдү жылытууга дагы жарайт. Мисалы, 100 квадарт чарчы метр турган үйдү жылытыш үчүн суткасына 25 кубометр биогаз керектелет. Эгер короодо 20 баш мал болсо, бир тонна кык ала алабыз, андан 30 кубметр газ өндүрсө болот. Бул тамак жасаганга, суу ысытканга, үй  жылытууга кенен жетет”, — дейт  Веденев.

Биогазды электр энергиясын чыгарууга, автоунааны кубаттоого колдонсо болот. Мындан тышкары биогаздан жер семирткич өндүрүлөт.

«Ал үчүн кошумча техника керектелет. Бир тонна кыктан 30 кубометр, ал эми 1 тонна тамак-аш калдыгынан 150 кубка чейин газ өндүрүүгө болот. Ал эми 1кубометр биогаз  2 кВт электр энергия бере. Биогаздан чыккан дагы бир маанилүү продукт бул жер семирткич. Иштетилип чыккан кык тамак-аш калдыктарындай эле экологиялык жактан таза жер семирткич болуп саналат. Ал В группасындагы витаминдерге бай. Үй жаныбарлары үчүн дагы мыкты тоют алууга болот. Атайын жүргүзүлгөн экспериментте бул тоютту   букаларды семиртүүгө колдонуп көрүшкөн».

«Флюид» коомдук фонддун жетекчиси Алексей Веденевдин айтымында мындай  биогаз өндүрүү бизнеси өзүн үч жылда толугу менен актайт.

Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Сүрөт: Movegreen.kg

Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму,
Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык
Жаңылык

Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?

Бишкек бир канча жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгууда. Economist.kg порталы уюштурган “Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?” аттуу  темада эксперттер, экологдор, мамлекеттик кызматкерлер ой бөлүштү.