Жашыл-экономика

Эко жалаяктар

Таштанды жайларына ыргытылган полиэтилен көөктөр жана жалаяктар айлана-чөйрөгө зыян келтирген уулуу заттарды бөлүп чыгарарын билчү белеңиз? Бирок, Айсулуу Борбуева мунун экологиялык альтернативасын таба алды! Айсулуу 3 жылдын ичинде эле чирип кетүүчү эко-жалаяктарды тигет. Эгерде салыштыра турган болсок, полиэтилен жалаяктар 500 жылга чейин чирибейт. Ошентип, Айсулуунун ыкмасы метандын чыгындысы жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө жардам берүүдө.🌿🌍 Айсулуу экологияга жана айлана-чөйрөнү таза кармоого кошуп жаткан бул чакан салымы чоң пайдага айланарына ишенет.🙌 Айсулуунун мисалы позитивдүү өзгөрүүлөргө шыктандырат. Себеби, экологиялык альтернативаларды тандоо сыяктуу кичинекей кадамдардан баштап, биз планетабызга чоң пайда алып келерибиз анык.🌱💚 @kuramastory баракчасына катталыңыз жана «ЭкоЖаша» маалыматтык кампаниясына кошулуңуз 🙌🏻https://www.youtube.com/watch?v=c1ue-FDc3E8

Shares:

Related Posts

Carbon Free Kyrgyzstan

Күлдү кайра иштетсе болобу?

Көмүр кыргызстандыктардын үйүн жылытуучу негизги сырье. Бирок, көмүрдүн иси абанын булганышынын башкы себепчиси. Жакынкы жылдары көмүрдөн  баш тартуу мүмкүн болбогондуктан, анын күлүн кайра иштетүү зарылчылыгы келип чыгууда. Булак: "МувГриндин" изилдөөсү.
айлана-чөйрө

Желимден кантип баш тартабыз?

Ар бирибиздин үйүбүздө желим баштыктар бар. Пакеттерди бизге бардык жерде берет: дүкөндө, базарда, ал тургай конокто. Ушу тапта Бишкек санитардык полигонго күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды төгүлөт. Экоактивисттердин эсебинде, алардын
Жашыл-экономика

ВИДЕО: Кыргызстанда пластикти кайра иштетүү кандай өнүккөн?

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрлөрүн, целлофан, картон, кап
Жаңылык

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг