ЖаңылыкКлимат

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү.


Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы деле ооруканада дарыланууда. Климаттык эксперттер буга чейин Кыргызстанда мындай катуу ылдамдыктагы кумдуу бороон болбогонун, бирок бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин бир гана мисалы деп белгилеп жатышат.

Климатолог, Ольга Стрижанцева: Кыргызстандыктар эми мындай бороонго даяр болушу керек себеби биз азыр өзгөргөн климатта жашап жатабыз. Ошондуктан адамдар буга адаптацияланып, анын ден соолукка зыян келтирип, материалдык чыгымдарга алып келээрин кабыл алышыбыз керек”.

Бул материал “МувГрин” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында даярдалды.

Бул материалдын мазмуну үчүн “PROclimate.kg” жооптуу. Материалда айтылган пикирлер “МувГрин” коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.”

Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш
айлана-чөйрө

“Салттуу билим жана климаттын өзгөрүүсү: көчмөн экологиялык философиянын бүгүнкү актуалдуулугу”

Кезектеги “Жашыл подкасттын коногу Кыргыз салттуу билимин алып жүрүүчү журналист Мирхамид Токтогул болду. Материал «MoveGreen» коомдук бирикмеси жана «Дүйнө үчүн нан» эл аралык агенттигинин колдоосу менен даярдалды. Бул материалдын мазмунуна
Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы
Жаңылык

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген