Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы байкалууда. Климат боюнча эксперт Зоя Кретова муну климаттын өзгөрүп жатканынын бирден бир далили деп эсептейт.

«2021-жылдын декабрь айындагы аба ырайы дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда дагы климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканын ырастап жатат. Тактап айтканда, быйылкы кыш кыска жана жылуу болууда. Маселен, ар бир 10 жылда январь айы 0,4◦Сга, февралда 0,5◦Сга жылуу болот. Бишкекте декабрь айында абанын температурасы туруктуу болуп келген, бирок Кыргызстандын башка аймактарында суук тенденциясы байкалчу. Ал эми «Погода и климат» сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрь айы демейдегиден дээрлик 4°C жылуу болгон, анткен менен бул рекорддук көрсөткүч эмес. Мисалы, 1971-жылдын декабрында айлык температура нормадан дээрлик 6 градуска жогору болгон».

Буга чейин деле Бишкекте абанын температурасы бир нече күн бою 20°Cнын тегерегинде болгон учурлар бар.

«Бирок, акыркы жылдары мындай көрүнүш  же ысык толкундар узарып, бир нече күн бою аномалдуу суук температура азыраак байкалууда. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылдыкта кыш мезгилиндеги жылуу күндөр төмөнкү күндөргө туура келет: 2021-жылдын 16-январында абанын температурасы +20°С, 2016-жылдын 26-февралында +25,4°С, 2021-жылдын 2-декабрында +23,7°С болгон. Климаттык болжолдоолорго ылайык, бул жылы Бишкекте жана Кыргызстандын кээ бир аймактарындагы абанын температурасынын жогорулашы уланат. Ал эми мындай карсыз жана жылуу кыш бара, бара кадимки көрүнүшкө айланат.».

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Руслан Кубанычбеков

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат.
Климат

Жалгыз мамлекеттик оранжереянын бүгүнкү абалы

Бийиктиги 50 метр болгон чыныгы пальма дарагын  же Түштүк Американын  чөлдөрүндө, жылуу өлкөлөрдө гана өсө турган кадимки банандар менен кактустарды  Кыргызстандын кайсыл жеринде көрүүгө болот? Мунун бардыгын Бишкектеги Горький көчөсүндө
Гендер жана климат

Климаттын өзгөрүшү менен күрөшкөн багбан аялдар

Багбанчылык климаттын өзгөрүү коркунучунун алдын алат. Мындан улам "Фонд Илбирс" коомдук фонду Чоң-Кеминдеги 20 аялдан турган топко чычырканак тиккенге көмөктөштү. Долбоор Чоң-Кеминдин тоолорун байырлаган ак илбирсти анын азыгын сактоо, тоо
Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500