ЖаңылыкЖашыл-экономика

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг пластмассаны кайра иштетет. «Келечекте бул демилге бир гана Баткен шаарын эмес, бүтүндөй Баткен облусунан алып келинген таштандыны иштетиши зарыл», – деп эсептейт иш чаранын уюштуруучулары.

Ошондой эле шаардын ичинде «ЭкоБаткен» кайра иштетүлүүчү материалдарды кабыл алуу пункту ачылды. Баткен тургундары пластик, кагаз, картон жана алюминий тапшырганы үчүн акчалай компенсация, же үй жана кеңсе буюмдарды ала алышат. 

Кабыл алуучу жайдын жана кайра иштетүүчү цехтин ачылышы «ТРЭШ 6: Баткен Таштандысыз» экологиялык арт-фестивалынын алкагында 26-апрелде Баткен шаарында өттү.

Ошондой эле фестивалдын программасында Алтын Капалованын мектеп окуучуларынын таштанды тоосу менен күрөшү тууралуу «Жаркыраган тоо» жомогу» боюнча коюлган көргөзмөнү жана спектаклды 300-дөн ашык окуучу көрдү. Фестиваль жана спектакль түзүү идеясы Аймерим Турсалиева менен Бермет Бөрүбаевага таандык. Мындай иш-чаралар аркылуу алар Кыргызстандын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана таштанды төгүүчү жайлардын көйгөйүн чечүүгө салым кошууда.

Фестиваль жергиликтүү бийлик менен Бишкек заманбап искусство мектеби (БиШСИ), Тазар Мекеним, ЭкоБаткен жана Баткен Таза Аймак Баткен облустук музыкалык-драма театрынын өнөктөштүгү астында уюштурулду.

Долбоор ГЭФ, БУУӨП, Глобалдык Экологиялык Фондунун Чакан Гранттар Программасынын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылды. 

Shares:

Related Posts

айлана-чөйрө

Суу бүркүтү жок болуп кетүү коркунучунда

Кыргызстандагы жаратылыштын ажайып канаттууларынын бири болгон - суу бүркүтү биздин аймакка миграцияга кышкысын гана учуп келет. Аны азыркы учурда- жок болуп кетүү коркунучу алдында турган, сейрек кездешүүчү  жаратылыш мурасы десек жаңылышпайбыз.
Гендер жана климат

Гулбара Оморова, гляциолог: “Биздин жашоо мөңгүлөрдөн көз каранды”

Гляциолог Гулбара Оморова Кыргызстандагы мөңгүлөрдү, көлдөрдү изилдеген жалгыз айым. Жашыл подкастта аял кишинин мөңгүлөрдү изилдөөдөгү кыйынчылыктары, тоскоолдуктары жана эмне үчүн мөңгүлөрдү изилдөө маанилүү экенин айтып берди. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ
Жаңылык

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш
Жаңылык

“КЕШИК” мультимедиялык көргөзмө дүйнөнүн экологиялык абалын чагылдырат

Экологиялык көйгөйлөр барган сайын негизги маселеге айланууда. CUT A DASH брендинин негиздөөчүлөрү, кыргыз дизайнерлери  Айжан менен Сайкал Сейталиевалар дагы экологиялык проблемаларга арналган коллекциясын түзүп, Бишкекте көргөзмө уюштурду. Виртуалдык реалдуулук функциясындагы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген