Климат

ЦАКИК-2023: “Борбор Азияда суу таңкыстыгы күчөйт”

Борбор Азиядагы суу жетишсиздиги беш глобалдык тобокелликтердин бирине кирет.
Бул туурасында IPCC (МГЭИК) жумушчу тобунун башкы автору Алишер Мирзабаев Дүйшөмбү шаарындагы РЭЦЦА тарабынан уюштурулган “Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор-Азия өлкөлөрүнүн 5-конференциясында” билдирди.
Айтымында, Бүткүл Борбор Азиядагы жер бетиндеги температуранын кескин жогорулашы байкалган”.

Температуранын жогорулашына байланыштуу Борбордук, Түштүк-Батыш, Түштүк-Чыгыш Азияда ошондой эле Европада мөңгүлөр азайып жатат. Тянь-Шань тоолорунда мөңгүлөрдүн кичирейүү процесси жана кардын калың катмарынын азайышы Борбордук Азияда суунун жетишсиздигин күчөтөт. Болжолдоолор боюнча 2100-жылга карата 56 ири көлөмдөгү мөңгүлөрдүн үчтөн биринде агымдын орточо жылдык азайышы 10%дан ашат. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна, орто жана узак мөөнөттүү келечекте чыр чатакка алып келиши мүмкүн. Кыргызстанда жана Тажикстанда табигый кырсыктарга байланыштуу олуттуу жер которуулар бар, мисалы, Хатлондо жаандан келип чыккан катуу сел 5400 ал эми Жалал-Абадда 4700 жаңы жылышууну пайда кылды”.

Региондогу климаттын өзгөрүшү, малдын санынын көбөйүшү жерди дегрдадацияга алып келет. Ал эми Борбор Азиядагы жерлердин деградациясынын жалпы чыгымы болжол менен 6 миллиард долларга жетет”,-деди Мирзабаев.

Биздин келечегибиз – бул климаттык тобокелдиктерди азайтуу-адаптация чаралары, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу ошондой эле,
биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу
” болуп эсептелет.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Климат

Таштанды полигондогу “TRASH-3” экофестивалы

Таштанды полигонунун жанындагы "Алтын-Казык" конушунда "TRASH-3”, тагыраагы  искусство+экология (art + ecology) аттуу экофестивалы өттү. Уюштуруучулардын айтымында үч ай бою сүрөтчүлөр жана эко -активисттер менен “Искусство + Экология” темасында иштер жүргүзүлүп,
Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы
Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Климаттын өзгөрүшү боюнча 5-конференция” Дүйшөмбүдө өттү

Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) май айында Дүйшөмбү шаарында кезектеги 5-конференциясын өткөрдү. Ал «Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын кесепеттерин жумшартуу программасы» ошондой эле бул программаны каржылоону улантуу
Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы