Климат

Таштанды полигондогу “TRASH-3” экофестивалы

Таштанды полигонунун жанындагы “Алтын-Казык” конушунда “TRASH-3”, тагыраагы  искусство+экология (art + ecology) аттуу экофестивалы өттү.

Сүрөт: Бермет Бөрүбаева

Уюштуруучулардын айтымында үч ай бою сүрөтчүлөр жана эко -активисттер менен “Искусство + Экология” темасында иштер жүргүзүлүп, 20дан ашык долбоорлор, инсталляциялар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрү көрсөтүлгөн. Алар  текстиль, органикалык жана тиричилик калдыктары темасын ачып берди.

Эко-турдун жүрүшүндө искусство катышуучулары жана коноктор Бишкек таштанды полигонунда болушту.

Көптөр үчүн, Бишкекти башка жагынан, татаал жашоо шарттарын көрүү биринчи жолу болду. Эко-тур учурунда таштанды төгүлүүчү жайдын жанында жайгашкан Ала Арча суу сактагычын, кайык жана каноэ спорту боюнча чемпиондор машыгуучу спорттук базаны кыдырдык.

Сүрөт: Дмитрий Лужанский

Сүрөтчүлөр, дизайнерлер, эко-активисттер, студенттер, музыканттар жана жөн эле кайдыгер эмес шаардыктар экологиялык жашоо образын колдонуп,  табиятка карата этият мамиле жасап, креативдүү системага өтүүнү колдогон уникалдуу долбоорлорун сунушташты.

Мында жергиликтүү тургундардын иш –чарага активдүү катышуусун баса белгилөө маанилүү. Тилекке каршы, искусство фестивалы жаңы конуштарда биринчи жолу болуп жатат, анткени иш -чаралар көбүнчө шаардын борборунда гана өтүп келет.

Сүрөт: Оксана Капишникова

Ошол эле учурда балдар үчүн чыгармачылык менен алектенип, китеп окуп билим алууга ылайыкталган бир дагы имарат жок. Ушундан улам “Алтын-Казык” конушунда “Куткарылган  китептердин китепканасы”аттуу жаңы маданий жай пайда болду. Бул чакан имарат мурда дүкөн болгон эми жергиликтүү тургундар үчүн билим берүүчү жана чыгармачыл аянтча катары пайдаланууга берилди. Ошондой эле бул жерде баардык пайдалуу, кызыктуу иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн. Бул уюштуруучулардын жеке демилгеси менен ишке ашты.

Чындыгында Бишкектеги эң чоң таштанды полигонунун терс таасиринен биринчи болуп дал ушул балдар жабыркап келет. Аларга искусство, спорт тармагы тургай ичүүчү суу дагы жетиликтүү эмес.

Сүрөт: Бермет Бөрүбаева

Алтын-Казык өлкөдөгү эң ири таштанды полигондун жанында жайгашкан жаңы конуштардын бири. Адамдардын ден соолугун, өмүрүн ууландырган бул түтүн менен күн сайын ушул жакта жашаган балдар жана чоңдор дем алышат. Тилекке каршы, таштанды көйгөйү Бишкек эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн актуалдуу.

Сүрөт: Бермет Бөрүбаева

Шаар бийлиги таштандыларды кайра иштетүүнүн заманбап инфраструктурасын түзүүгө милдеттүү. Полигонду рекультивациялоо долбоорунун ишке ашпай калышына күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Таштандылар бүгүнкү күндө баалуу ресурс болуп эсептелет, биз  экологиялык жана креативдүү альтернативалар аркылуу канткенде планетаны таштандыдан арылта алаарыбызды көрсөткүбүз келди.

Булак: bishci.com

Shares:

Related Posts

Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы
Климат

Дыйкандарды түйшөлткөн кургакчылык

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдөБишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну
Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Гендер жана климат

Климаттын өзгөрүшү менен күрөшкөн багбан аялдар

Багбанчылык климаттын өзгөрүү коркунучунун алдын алат. Мындан улам "Фонд Илбирс" коомдук фонду Чоң-Кеминдеги 20 аялдан турган топко чычырканак тиккенге көмөктөштү. Долбоор Чоң-Кеминдин тоолорун байырлаган ак илбирсти анын азыгын сактоо, тоо