Климат

Дыйкандарды түйшөлткөн кургакчылык

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдө
Бишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну аз талап кылган арпа же буудай гана себет. Эгер суу жетиштүү болсо, өсүмдүктүн башка түрлөрүн дагы себет болчумун дейт.

Адистер суунун тартыштыгынын негизги себеби – кургакчылык менен жарактан чыккан ички чарбалык каналдар болууда дешет.

Бул жумуштар Орто Азиядагы Регионалдык экология борбору (РЭЦЦА) тарабынан, Coca-Cola эл-аралык Фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Пилоттук негизде 2,5 км ички чарбалык каналдар тазалынып, анын ичинен 100 метр канал бетондолот.

Айта кетсек, өлкөдөгү ички чарбалык каналдар 2000-жылы Суу пайдалануучулар ассоциациясына (АВП) өткөрүлүп берилген. Буга ылайык, дыйкандарга сугат сууну жергиликтүү АВПлар бөлүштүрүп берет.

Кыргызстанда 450 дөн ашык АВП бар. Алардын балансындагы ички чарбалык суу каналдарынын жалпы узундугу 23 миң чакырымды түзөт. 1990-жылдары колхоз-совхоздордун жерлери жеке менчике өткөндүгүнө байланыштуу, ички чарбалык каналдар жана ирригациялык курулмалар дээрлик кароосуз калган.

Автор: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Жашыл демилгелерди илгерилетүүдө жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын ролу чоң”

"Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге алсыз бойдон калууда мындан улам жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын өлкөдөгү жашыл демилгелерди алдыга жылдыруудагы ролу маанилүү болуп саналат", - деди "Кыргызстандын жашыл альянсы" бирикмесинин
Климат

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ: БОРБОР КАЛААНЫ ЧАҢ БАСЫП, ЧӨЛГӨ АЙЛАНЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?

Бишкектеги жашыл аймактардын жетишсиздиги, экологдордун изилдөөлөрү, шаар кеңейгенден кийинки бул маселени чечүү жолдору жөнүндө- эколог, ботаник жана геомаалымат адиси, «Демилге Арча» коомдук фондунун жашылдандыруу маселелери боюнча эксперти Дмитрий Переяславский менен
Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы
Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген