Климат

ЦАКИК-2023: “Борбор Азияда суу таңкыстыгы күчөйт”

Борбор Азиядагы суу жетишсиздиги беш глобалдык тобокелликтердин бирине кирет.
Бул туурасында IPCC (МГЭИК) жумушчу тобунун башкы автору Алишер Мирзабаев Дүйшөмбү шаарындагы РЭЦЦА тарабынан уюштурулган “Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор-Азия өлкөлөрүнүн 5-конференциясында” билдирди.
Айтымында, Бүткүл Борбор Азиядагы жер бетиндеги температуранын кескин жогорулашы байкалган”.

“Температуранын жогорулашына байланыштуу Борбордук, Түштүк-Батыш, Түштүк-Чыгыш Азияда ошондой эле Европада мөңгүлөр азайып жатат. Тянь-Шань тоолорунда мөңгүлөрдүн кичирейүү процесси жана кардын калың катмарынын азайышы Борбордук Азияда суунун жетишсиздигин күчөтөт. Болжолдоолор боюнча 2100-жылга карата 56 ири көлөмдөгү мөңгүлөрдүн үчтөн биринде агымдын орточо жылдык азайышы 10%дан ашат. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна, орто жана узак мөөнөттүү келечекте чыр чатакка алып келиши мүмкүн. Кыргызстанда жана Тажикстанда табигый кырсыктарга байланыштуу олуттуу жер которуулар бар, мисалы, Хатлондо жаандан келип чыккан катуу сел 5400 ал эми Жалал-Абадда 4700 жаңы жылышууну пайда кылды”.

“Региондогу климаттын өзгөрүшү, малдын санынын көбөйүшү жерди дегрдадацияга алып келет. Ал эми Борбор Азиядагы жерлердин деградациясынын жалпы чыгымы болжол менен 6 миллиард долларга жетет”,-деди Мирзабаев.

“Биздин келечегибиз – бул климаттык тобокелдиктерди азайтуу-адаптация чаралары, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу ошондой эле,
биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу
” болуп эсептелет.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Климаттын өзгөрүшү боюнча 5-конференция” Дүйшөмбүдө өттү

Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) май айында Дүйшөмбү шаарында кезектеги 5-конференциясын өткөрдү. Ал «Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын кесепеттерин жумшартуу программасы» ошондой эле бул программаны каржылоону улантуу
Климат

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ: БОРБОР КАЛААНЫ ЧАҢ БАСЫП, ЧӨЛГӨ АЙЛАНЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?

Бишкектеги жашыл аймактардын жетишсиздиги, экологдордун изилдөөлөрү, шаар кеңейгенден кийинки бул маселени чечүү жолдору жөнүндө- эколог, ботаник жана геомаалымат адиси, «Демилге Арча» коомдук фондунун жашылдандыруу маселелери боюнча эксперти Дмитрий Переяславский менен
Климат

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча отчету: «Акыркы 170 жылдан бери ар бир жыл мурдагыга караганда жылуурак болууда. Климат бардык аймактарда өзгөрүп жатат. Глобалдык жылуулуктун негизги себеби - бул адамдардын
Гендер жана климат

Климаттын өзгөрүшү менен күрөшкөн багбан аялдар

Багбанчылык климаттын өзгөрүү коркунучунун алдын алат. Мындан улам "Фонд Илбирс" коомдук фонду Чоң-Кеминдеги 20 аялдан турган топко чычырканак тиккенге көмөктөштү. Долбоор Чоң-Кеминдин тоолорун байырлаган ак илбирсти анын азыгын сактоо, тоо