Экологиялык таза, кошулмасыз мөмө-жемиштерден катырактарды (чипсы) даярдаган Азизбек Шерниязов кесиби боюнча банк кызматкери. Азизбек бир жылдан бери «Achekey» бренди менен алма, мандарин, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштерден кургатылган катырактарды жасап келет.
–Азыркы күндө Ачекей бренди менен банан, киви, ананас, апельсин, мандарин, алма, алмуруттан жасалган продукциянын 8 түрүн чыгарып жатабыз жана лимон кошулган микс делген жемиштердин аралашмасы бар. Бизде кургатылган жемиш дегенде алма как, өрүк какты элестетишет. Бул как эмес, бакчада өскөн мөмө-жемиштерден ичке тууралып жасалган чипсы. Ар бир жемиш аппараттагы инструкцияга жараша кургатылат.
–Мөмө-жемиштерди кургатууда кумшекер, бал же башка даам берүүчү азыктарды колдонбойбуз. Жемиштер кургатылганга чейин тазалоо процессинен өтүшөт б.а. жууп, майда туурап, кургатууга жөнөтөбүз. Биздин кургаткычтар мөмө-жемиштердин бардык пайдалуу касиеттерин сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, алар ачык абада кургатылбагандыктан чаң, түз тийүүчү күндүн нурунан жана курт-кумурскалардан алыс. Аппараттар Германиядан буйрутма менен алынып келинген, жогорку сапаттагы эко материалдан жасалган. Ага жашылчаларды, нанды, жада калса этти да кургата аласыз. Аппарат май толтурууну, электр энергиясын талап кылбайт, продукцияны аба аркылуу кургатат. Мындан тышкары биздин өндүрүш үйүбүздө жайгашкан, көп орун ээлебейт жана кошумча жайларды ижарага алуунун кереги жок.
–Негизинен калктын басымдуу бөлүгү пайдалуу менен бир аз кымбаттын ортосунда арзан жана зыяндуу тамактарды тандап, анын кесепетинен ар кандай ооруларга туш болот. Тамак-ашка үнөмдөлгөн акча кымбат дарыларга жумшалат. Керектөөчүлөргө табигый азыктарды колдонуу менен витаминдин жетишсиздигин толтуруу керектигин массалык түрдө түшүндүрүү зарыл. Ооба, бул дайыма эле арзан эмес, бирок андан башка жол жок.
Жашылча-жемиштерди кургатуу экономикалык жактан да пайдалуу. Мисалы, көбүнчө лимонду бир же эки эле жолу кесип чайга салып ичебиз, артканы көпкө сакталбагандыктан ыргытылат. Ал эми бул технология менен кургатылган лимонду кийинчерээк, каалаган учурда колдонсоңуз болот.
–Кытайда окуп жүргөндө алардын тамактануу маданиятына баа бердим, айрыкча алардын эт менен нанды аз колдонгонуна таң калдым. Кытай ашканасында күрүч менен жашылча-жемиштерге, чөп чарга басым жасалат. Газдалган суусундуктарды биздегидей көп ичишпейт, бул адамдардын жашынын узактыгына таасирин тийгизет.
–Айына 500-600 таңгак кургатылган мөмө-жемиш чыгарып, Бишкектеги «Фрунзе» гипермаркеттерде сатабыз, мындан тышкары Ош, Жалал-Абадга да жөнөтөбүз. Продукциялар Таласта чыгарылгандыктан, дүкөндөрдүн текчелеринде жана ошол жерде бар. Дүң баасы 40 сомдон 120 сомго чейин. Азырынча тышкы рынокко чыга элекпиз, бирок учурда Орусияга, мекендештерибиздин дүкөндөрүнө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары жакынкы келечекте ЕАЭБ рыногуна чыгуу пландары бар.
–Продукциябыздын дагы бир өзгөчөлүгү – кагаз таңгакта. Биз, өндүрүүчүлөр керектөөчүлөрдүн алдында гана эмес, айлана-чөйрө үчүн да жоопкерчилигибизди сезебиз. Кагаз баштыктарды атайын Орусиядан заказ кылабыз, анткени мындай баштыктар Кыргызстанда чыгарылбайт.
Кагаз таңгактарда продукциялар бузулбайт жана бир жарым жылга чейин сакталат, азырынча бир жылдык сактоо мөөнөтүн беребиз.
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөт: Азизбек Шерниязов