Жашыл-экономика

Кундус Кырбашева: «Жашыл энергия дүйнөлүк тренд»

Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн таасири Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча быйыл кескин түрдө сезилди. Кургакчылык жана суунун жетишсиздиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыскарышына алып келди. Кыргызстанда  дагы суу  тартыштыгы жылдан жылга күчөп, быйыл өзгөчө электр энергиясына таңкыстык жаралаары айтылып жатат. Альтернативдик энергетикалык булактарды өнүктүрүү  боюнча эксперт Кундус Кырбашева сууну үнөмдөп, энергияны өндүрүүнүн башка ыкмаларын колдонуу зарыл деп эсептейт.

-Эмитеден эле электр энергиясына таңкыстык жаралаары айтылып жатат эмнеге бизде суу көп бирок энергетикабыз кризисте?

-Биздеги чоң-чоң ГЭСтер союздан калган өзүбүз ГЭС курган эмеспиз. ГЭСтер салынган 70-жылдары анын кубаттуулугу ошол учурдагы калктын санына, завод, фабрикаларга эсептелинген. Андан бери биздин калктын саны өстү көптөгөн жеке менчик фабрикалар ишке кирди. Ал эми электр энергияны өндүрүү көлөмү мурунку калыпта турат. Керектөө көбөйдү-өндүрүү ордунда калды. Мисалы, 2010-жылы өлкөдө 15 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлсө,  2020-жылы 14 млрд өндүрүлдү, бул-800 миллион кВт саатка аз. Биринчиден-жабдуулар эски, экинчиден-табигый маселе, суу азайып жатат. Суунун азайышы Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Орто Азиядагы көрүнүш. Жашыл климаттык фонддун прогнозунда суу быйыл эле эмес, жакынкы 5-10 жылдыкта мындан дагы азайуусу күтүлөт деп айтылып жатат. Ошондуктан,  Жашыл климаттык фонд «сууга көз каранды болгон мамлекеттер экономикаңарды азыртадан ойлонгула» деген коңгроосун какты. Сен бир эле булактан көз каранды болбошуң керек. Маселен биз энергетиканын 97% суудан алабыз. Баарын сууга байлап салдык, эгер суу азайып же тартыш болуп калса эмне кылабыз, абалдан кантип чыгабыз? Ошондуктан энергетиканын альтернативдик булактарын  колдонууга өтүү зарыл.  Алар, күн жана шамал. Мамлекет муну өнүктүрүшү керек. Бул улуттук энергетикалык коопсуздукту камсыздайт.

-Альтернативдик булактардан кандай кубаттагы энергия ала алабыз?

-Бизде электр энергиясын альтернативдик жол менен алууга бардык шарттар бар. Мисалы күндөн 3,5 млрд. кВт  сааттан ашык, шамалдан 2 млрддан ашык кВт саат энергия алганга мүмкүн. Негизги маселе  мыйзамдарды ушуга ылайыкташтыруу. Эксперттик топ мыйзамдарды инвентаризациялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Энергия өндүргөндөрдү кошумча салыктардан бошотуу жолдору каралышы керек деп эсептейм.

-Электр энергиясын альтернативдик жол мене алуунун экологиялык мааниси канчалык?

-Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан ЖЭБде (ТЭЦ) мурдагыдан 2 эсе көмүрдү көп жакканга мажбур болуп жатышат. Ал эми Бишкекти каптаган кара ыш көйгөйүн бардыгыбыз билебиз. Бул бирден бир экологиялык маселе. Жашыл энергия дйнөлүк тренд. Андыктан энергияны өндүрүүнүн альтернативдүү жолдоруна тезирээк өтүү биринчи орунга чыкты.

-Мыйзам кабыл алынгандан кийин альтернативдүү электр энергиясын мамлекет өндүрөбү же жеке жактарга уруксат берилеби, мыйзамда эмне деп жазылды?

-Мыйзамдын негизинде мамлекетке, жеке ишкерлерге, инвесторлорго да өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө бул тез эле өнүгүп кетет. Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал үчүн кошумча салыктарды азайтуу каралыш керек мындан жумуш орундары дагы  түзүлөт. Эң негизгиси Кыргызстандын бардык аймактары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалуусу шарт.

-Бүгүнкү күнү Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан альтернативдүү электр энергиясынын кубаттулугу канча?

-Албетте, суу менен өндүргөн электр энергиясын күндөн, шамалдан алган энергия толугу менен алмаштыра албайт. Бүгүнкү күнү бизде альтернативдүү жол менен алынган электр энергиянын көлөмү 1%га дагы жетпейт. Бир дагы шамал электр станциясы же күндөн энергия алуучу ири обьект жок. Электр энергияны альтернативдүү  жол менен өндүрүүнү  5% пайызга жеткирип алсак деле бизге чоң жетишкендик болмок. Өлкө импортко көз каранды, энергияны Казакстан, Өзбекстандан алып келсек, эми Түркменстандан алган жатабыз. Кандай гана продукциянын түрү болбосун импорт улуттук экономика үчүн зыяндуу. Бардык эле өндүрүмдү сырттан ала берсек, ата мекендик өндүрүш өлөт. Эгер алтернативдүү энергия өндүрүүнү ийгиликтүү колдонуп баштасак импорттук көз карандылыкты дагы азайта алабыз.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөттөр Кундус Кырбашеванын facеbook баракчасынан алынды

Shares:

Related Posts

Жашыл-экономика

ВИДЕО: Бир бутылкадан башталган бизнес

BEGREEN 2019-жылдан бери Бишкек менен Ысык-Көлгө 530 таштанды салуучу урналарды орнотту. 2 жыл ичинде 120 тоннадан ашык пластикалык буюмдарды чогултту 5040 кг өлчөмүндөгү зыяндуу заттардын абага тарашынын алдын алды Ал
Ден-соолук

“Achekey” катырагы–табигый азык

Экологиялык таза, кошулмасыз мөмө-жемиштерден катырактарды (чипсы) даярдаган Азизбек Шерниязов кесиби боюнча банк кызматкери. Азизбек бир жылдан бери «Achekey» бренди менен алма, мандарин, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштерден кургатылган катырактарды жасап келет. --Азыркы
Жашыл-экономика

ВИДЕО: Таштандысын бөлгөн мейманкана

Кой-Таш айылындагы Jannat Resort отели катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчүлөргө өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Мисалы, ресторанда таштандылар үчүн 5 чака коюлган.1-челек катуу металлдар үчүн;2-челек кургак таштандылар үчүн;3 -тамак аш калдыктары;4-челек
Жашыл-экономика

“Bishkek solar” Тору-Айгырга күн электр станциясын курат

Азамат Искембаев күн электр станцияларын иштеп чыккан Бишкек «Солар» компаниясынын башкы директору. -Күн электр станцияларын канча убакыттан бери өндүрөсүздөр? -Бишкек «Солар» компаниясы негизделгенине 5 жылдай болду, ошондон бери кайра жаралуучу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген