Жаңылык

Сүрөтчү Влад Сохин Тынч океандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу китеп чыгарды

Сүрөтчү Влад Сохин Warm Water аттуу китебин чыгарды. Анда климаттын өзгөрүшү Тынч океандын табиятына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу сүрөттөр чогултулган.

“Көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн климаттын өзгөрүшү акыркы жылдары көп айтылып жүргөн жөн эле куру сөз эмес, бул-реалдуулук”, – дейт Сохин. Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, аба ырайынын жана жээктин эрозиясынын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши, токойлордун кыйылышы, жаныбарлардын миграциясынын өзгөрүшү, аңчылык, балык уулоо эрежелеринин бузулушунун кесепетинен планетанын эң чоң аймагындагы жашоо туруктуулугу чоң коркунуч алдында турат”.

Автордун айтымында, анын эмгектери дүйнөнү климаттын өзгөрүшүнүн таасирин сезгендердин көзү менен кароого мүмкүндүк берет. Сүрөттөр глобалдык экологиялык көйгөйлөр тууралуу айтып берет.

2013 -жылдан бери Сохин АКШнын эң түндүк бөлүгүнөн тартып, Жаңы Зеландияга чейин саякаттап келген. Ал 18 өлкөнү жана аймакты басып өткөн. Влад ар бир саякатынан климаттын өзгөрүшү адамдардын жашоосуна кандай таасир этери тууралуу фото баян алып келип турган.

Анын сүрөттөрүндө деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн ээн калган айылдар, суу жууп кеткен көрүстөндөр, океан талкалап, агызгандан калган бетон үйлөр, жегенге эч нерсе жоктугунан өлүп жаткан деңиз мышыктары, үйлөрүнөн ажыраган адамдар бар.

takiedela.ru

Фото: Влад Сохин

Shares:

Related Posts

айлана-чөйрө

Илбирс бар жерде экосистема сакталат

Жашыл подкасттын бүгүнкү коногу Илбирс коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков. Илбирс фонду көп жылдан бери жапайы жаныбарларды коргоо, көбөйтүү, анын экосистемасын жакшыртуу, аларга болгон аңчылыка каршы туруу боюнча иштерди аткарып
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
айлана-чөйрө

“Салттуу билим жана климаттын өзгөрүүсү: көчмөн экологиялык философиянын бүгүнкү актуалдуулугу”

Кезектеги “Жашыл подкасттын коногу Кыргыз салттуу билимин алып жүрүүчү журналист Мирхамид Токтогул болду. Материал «MoveGreen» коомдук бирикмеси жана «Дүйнө үчүн нан» эл аралык агенттигинин колдоосу менен даярдалды. Бул материалдын мазмунуна
Жаңылык

Эксперт: “Кыргызстан энергияны бай өлкөлөрдөй эле колдонот, үнөмдөбөйт”

"Жашыл подкастта" Юнисон Групп коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдрасулова менен энергоэффективдүүлүк, имараттарды жылуулоо, каражат үнөмдөө, жашыл энергия, каржылык колдоо сыяктуу темаларда сүйлөштүк. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ тилиндеги алгачкы ЖАШЫЛ подкасттардын

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген