Аймээрим Турсалиева менен Айнура Сагын Кыргызстанда Tazar – мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Тазар өзүнө бир нече элементтерди камтыйт. Таштандыларды сорттоо, кайра иштетүүгө багытталган билим берүүчү платформа, мындан тышкары тиркемеде катуу тиричилик калдыктарын кабыл алуучу 200дөн ашык пункттун даректери картада көрсөтүлгөн. «Тазардын» ушул жана башка өзгөчөлүктөрү туурасында тиркеменин негиздөөчүлөрүнүн бири Аймээрим Турсалиева айтып берди.
Бишкектин экологиясын сактап калууга болот
-Өзүңүздөр көрүп жаткандай тилекке каршы, акыркы жылдары Бишкекте экологиялык көйгөйлөр көбөйүп кетти. Көчөлөрдөгү таштанды таштоочу жайлар толуп, жолдорго унаалар батпай, бак-дарактар кыйылып, шаардын үстүндөгү түтүн жай мезгилинде да байкалат. Бирок биз Бишкектин экологиясын сактап калууга болот деп эсептейбиз. Ал үчүн таштандынын санын азайтыш керек. Биз, Айнура экөөбүз пластик, айнек, кагаз, полиэтилен, металл, органикалык заттарды, жабдууларды, кийимдерди чогултуу пункттарын бириктирген акысыз мобилдик кызмат ачканбыз. Тиркеме “Tazar” деп аталат ал 2019-жылы 22-апрелде Эл аралык Жер күнүнө карата расмий иштеп баштаган. Биздин команда чакан жана жалаң кыздардан турат. “Тазар” көп тармактуу, анын ичинде шаар тургундарынын таштандыларын үйүнөн алып кетүү кызматы каралган. Ушунун баарын “Тазардын” тазалыкты сүйгөн, Бишкектин экологиясына чын дилинен күйгөн кыздары аткарат. Бардык жарандар Tazar колдонмосун AppStore жана PlayMarketтен жүктөп алып, биз менен кызматташса болот.
Таштандыларды үйдөн алып кетебиз
-Биз эмнеге жарандардын таштандыларын үйлөрүнө барып чогултуп кетебиз? Биринчиден, көп кабаттуу үйдө жашагандардын 4-5 кг таштандысы үчүн кайра иштетүүчүлөр келбейт, экинчиден, батирде жашагандар 5-10 кгдан ашык таштанды чогулта албайт. Ошондуктан, бардык таштандылар полигонго кетет, бул өтө чоң көйгөй. Ушундан улам шаар тургундарына таштандыны туура сорттогонду үйрөтөлү деп чечтик. «Тазар» тиркемеде эки негизги функция бар: 200 дөн ашык кабыл алуу пункттарынын даректерин, байланыш телефондорун камтыган карта жана экогид.
Таштандыны кабыл алуу пункттарынын картасы кандай иштейт?
-Мисалы, тиркемедеги карта аркылуу өзүңүздүн геолакацияңызды (местонахождение) көрсөтүп, жакын жердеги пункттарды таба аласыз. Бул таштандыларды өткөрүү процессин жеңилдетет. Картадан көчөлөрдө орнотулган эко урналарды дагы көрүүгө болот. Маселен, сиз «Менин үйүмдө 5 кг пластик, 10 кг кийим, 3 кг айнек чогулуп калды», – деп, аты жөнүңүздү, номериңизди, дарегиңизди жазып койсоңуз, биздин кыздар байланышып барып алып кетишет. Ордуна тазар балл ыйгарышат. QR-код аркылуу баллды өнөктөштөрдүн кызматтарына алмаштыра аласыз. Эко прокладка, китеп, музейлерге билеттер, «Шоро», «Тумар» же өнөктөш банктар аркылуу акча алсаңыз болот. Эң көп балл топтогондорго Караколго эс алып келүүгө 3 күндүк путевка беребиз. «Тазардын» кызматы кичинекей балдары менен үйдө отурган энелерге, кары кишилерге ыңгайлуу. Анткени, көпчүлүк учурда кабыл алуу пункттары Ош базар, Фучик сейил багы тарапта жайгашкан, албетте, башка базарларда дагы бар.
Экогид тууралуу
-Тиркемедеги экинчи функциябыз— бул экогид деп аталат. Анда таштандыны кантип сорттоо керектигин үйрөтөбүз. Буга аябай көп убакыт коротуп жатабыз, көпчүлүк туура сорттогонду билбейт. Жарандарга кайра иштетиле турган идиштеги продукцияны сатып алууну сунуштайбыз. Максатыбыз – адамдардагы керектөө маданиятын өзгөртүү аркылуу жергиликтүү өндүрүшкө жана кайра иштетүүгө колдоо көрсөтүү. Азыр жашыл, ак бөтөлкөнү сатса болот, бирок күрөң бөтөлкө алышпайт. Былтыр ак бөтөлкөнү алышчу эмес, кайра иштетүү рыногунда бул бат- бат өзгөрүп турат. Органикалык калдыктарды сатса болот, Бишкекте андан газ жасашат. Себеби, таштандынын 50% органикалык болуп саналат, 27% пластик жана айнек. Биздеги мусордун 77%ын экинчи жолу иштетсе болот. 19% гана кайра иштетүүгө жатпайт. Медициналык таштанды, дөңгөлөк, целлофандын бардык түрлөрүн кабыл алышат. Таштанды канчалык таза болсо, баасы жогору жана сапаттуу буюм жасоого мүмкүн.
«Тазар» тиркемесин 6 миңден ашык адам көчүрүп алды
-Тиркемеде бир гана Бишкектеги кабыл алуу пункттарынын даректери эмес, Каракол, Нарын, Кочкор, Ош боюнча маалыматтар бар. Бишкектиктер үчүн таштандыны сорттоо жаңы тема болгондуктан «Тазардын» командасы жыл сайын мектептерге, хорека (HoReCa) тармагында иштегендерге тренингдерди өтүп турат. Ири мейманканалар менен келишимдер бар. Технологиянын бардык түрүн, ошол эле компьютерди дагы таштандыга ыргытпоо керек, алар сууга тийбеши зарыл. Анда көптөгөн оор металлдар бар, ар кандай химиялык заттарды бөлүп чыгарышы мүмкүн. Бул өтө маанилүү. Ошондуктан таштандыны сорттоо экологияны коргоодогу эң эффективдүү чечим болуп саналат.
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөт: Аймээрим Турсалиеванын архивинен алынды