Жаңылык

Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?

Бишкек бир канча жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгууда. Economist.kg порталы уюштурган “Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?” аттуу  темада эксперттер, экологдор, мамлекеттик кызматкерлер ой бөлүштү.  

“Бишкектин үстүндөгү кара түтүн күн суукта эле пайда болбойт, ал жыл бою турат. Буга кыш келгенде жеке үйлөрдөн чыккан кара түтүн кошулуп, ылдый түшөт. Мындан тышкары биздеги автоунаалардан чыккан түтүн абаны булгаган негизги факторлордун бири. Себеби алардын бардыгынын катализаторлору жок. Ошондой эле, күйүүчү майдын сапатынын төмөндүгү кошумча”, – деди  ЭкоМиР/ Экологиялык мониторинг жана иликтөө коомдук фондунун эксперти Влад Ушаков.  

Влад Ушаков

#БишкекСмог (#БишкекКараТүтүн) демилгесинин негиздөөчүсү Бермет Борубаева Бишкектеги смог көйгөйүнө таштанды полигондон чыккан түтүндүн дагы салымы чоң, ушу тапта  тигүү цехтеринен чыккан тонналаган таштандылар өрттөлүп жатат анткени деген пикирин айтты.       

 «Мэрия курулуш компанияларга үй курууга уруксат болбогон жерлерди берип жатат. Учурда салынып бүткөн көп кабатуу үйлөрдүн көбү мурун жайыт же айдап себүүгө багытталган аянттар болгон. Буга бийлик көзүн жумуп, жерлерди трансформациялоодо. Буга кошумча, Бишкектин тегерегиндеги заводдор дангы  абаны булгашат”.  

MoveGreen коомдук уюмунун өкүлү Ажар Байсалова, кара түтүндүн негизи себеби жаңы конуштарда деп эсептейт.  

Ажар Байсалова

“Жаңы конуштардын жашоочулары, жер үйдө жашагандар үйлөрүн жылуулап, көмүрдү аз колдонушса, атмаосферага болгон зыяндуулук дагы азаймак”, – деди ал.

Бишкекти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов өз кезегинде мэрия тигүү тармагынан чыккан таштандыларды кайра иштете турган цех курулаарын билдирди.   

«Шаардын ар бир районунда таштанды сорттоочу пункттарды куруу пландалып жатат. Бул пилоттук проект, бирок бара бара аны кеңейтебиз. Азырынча 400 пункттун  курулушун  күтүп жатабыз. Мындан тышкары таштандыны кайра иштеткен завод салууну көздөа жатабыз. Учурда мэр Чехиянын бул тармактагы тажрыйбасы менен таанышып жатат”.

Бермет Борубаева

Ошондой эле, Молдокулов, 2023-жылы Бишкектеги 22 жылуутучу мешти газга өткөрүүнү пландаган. Айтымында учурда 4 меш газ менен иштеп жатат.

“Жашыл энергия” коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева мэриянын ишин сынга алды.

“Жыл сайын кара түтүн менен күрөшүү планында мэрия автобустарды алып жатабыз же коомдук транспортторду газдаштыруу боюнча “Газпром” менен сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз деген отчет берет.  Биз мындай аткарылбаган убадалардын тажадык. Кана ошол автобустар? Качан маршруткалардан кутулабыз? Биз экологдор өкмөт менен биригип 40 пункттан турган иш план жазганбыз, бирок, улам кадрлар алмаша берип, ал иштин бирөөсү  эле аткарылды”.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
Гендер жана климат

Аймээрим Турсалиева: “Таштандыны сорттоо – экологияны сактайт”

Аймээрим Турсалиева менен Айнура Сагын  Кыргызстанда Tazar – мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Тазар өзүнө бир нече элементтерди камтыйт. Таштандыларды сорттоо, кайра иштетүүгө багытталган  билим берүүчү платформа, мындан тышкары тиркемеде катуу
Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет