Климат

Нью-Йорктогу климаттык саат

Нью-Йоркто экологиялык кырсыкка чейинки убакытты эсептеген саат коюлган.

Таймер 2020-жылдын 19-сентябрында саат 15:20 да старт алган. Анда “7:103:15:40:07”, деген сандар жазылган, бул жети жыл, жүз үч күн, он беш саат, кырк мүнөт жети секунд дегенди билдирген сандар болгон.

Климаттык өзгөрүүлөрдү изилдөөчү Mercator Институтунун эсептөөлөрү боюнча, глобалдык жылуулук сөзсүз боло турган учурга чейин адамзаттын дал ушунча убактысы калды. Изилдөөлөргө ылайык, бул учур жылуулук деңгээли 1,5 °С ден ашканда келет.

Климаттык сааттын идеясынын автору сүрөтчүлөр Ган Голан менен Эндрю Бойд болгон. Муну менен алар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурдурууну каалашкан. Ошондой эле, Голан менен Бойд climateclock.world деген долбоордун сайтын түзүшүп, климаттык сааттын сандарына кенен түшүндүрмө беришкен. Мындан тышкары, сайт калыбына келүүчү булактардан алынган дүйнөлүк энергиянын пайызын көрсөтүп турат.

Shares:

Related Posts

Климат

Биоартүрдүүлүккө салым кошкон Чоң-Жаргылчак

Кыргызстандын жаратылышы өзүнүн кооздугу менен өзгөчөлөнөт.  Өлкөдө бардыгы болуп  сегиз мамлекеттик коруктар жана тогуз улуттук жаратылыш парктары бар. Аларды байырлаган  жаныбарлар жана куштар мыйзамсыз  аңчылардын кызыгуусун арттырып турат. Мамлекеттик егерлер
Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы
Климат

Дыйкандарды түйшөлткөн кургакчылык

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдөБишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну
Климат

Климат темасы эмне үчүн маанилүү?

Бишкекте төртүнчү ирет “Кыргызстан 30+” жарандык форуму өттү, ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр катышты. Форумда төрт теманын алкагында талкуу жүрдү: жергиликтүү жамааттар, чакырыктар жана жарандар; коомчулуктун баалуулуктары, келечекке болгон көз