Без рубрикиЖаңылык

Ашимова: “Климаттын өзгөрүшү боюнча мыйзам 2006-жылдан бери өзгөргөн эмес”

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн катаал таасирине дуушар болуп жатат, мында орточо температура жогорулап, жаан-чачын азайып, катуу кургакчылык каптап, табигый кырсыктардын коркунучу күчөдү. Бул чакырыктар биргелешкен аракеттерди жана чечимдерди талап кылат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, эл аралык уюмдар, адистер менен биргеликте Климаттын өзгөрүшү, кычкылтекти нейтралдаштыруу боюнча майзамдын үстүндө иш алып барууда.

Демилгечилердин бири Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова климаттын өзгөрүшү боюнча биздин мыйзамдар 2006-жылы кабыл алынганын андан бери өзгөрүү кирбегенин айтты.

«Биздин мыйзамдар аз көмүртектүү экономикага өтүүнү колдоп, жумуш орундарын түзүшү керек. Климаттык саясатты ишке ашыруу үчүн мыйзамдарды оптималдаштыруу биз үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча алдыга койгон максаттарга жетүүдөгү чечүүчү кадам болуп саналат», – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова.

Мыйзам сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

“Бул материал “МувГрин” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында даярдалды.

Бул материалдын мазмуну үчүн PROclimate.kg жооптуу. Материалда айтылган пикирлер “МувГрин” коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.”

Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг
айлана-чөйрө

Устукандын климат менен байланышы

Достор, климаттын өзгөрүшүн ар бирибиз жон терибиз менен сезип жатабыз. Ага далил катары жайкысын ысык күндөрдүн көбөйүшү, сел каптоолор, суу тартыштыгы, жана кургакчылык. Окумуштуулардын айтымында, адамдын ишмердүүлгү климаттын өтө тездик
Жаңылык

Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?

Бишкек бир канча жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгууда. Economist.kg порталы уюштурган “Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?” аттуу  темада эксперттер, экологдор, мамлекеттик кызматкерлер ой бөлүштү.  
Без рубрики

Эксперт: “Малдын саны өссө, тобокелдик дагы өсөт”

17-июнда Жалал-Абадда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну көз жумду. Сел Момбеков айыл өкмөтүндөгү Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында жүрүп, үйлөрдү, имараттарды суу каптап, трактор, машиналарды бир

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген