Сууктун түшүшү менен кошо келген смог көйгөйү, абанын булганышы боюнча эколог Калия Молдогазиеванын пикирин уктук.
![](http://kuramastory.com/wp-content/uploads/2021/10/154472767_3681400178605066_7392919231193132305_n-965x1024.jpg)
—Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу ЖЭБде көмүр эки эсе көп жагылаары айтылып жатат, Бишкектеги абанын сапаты кандай болот? Андан арылуунун кандай жолдору бар?
–Сөзсүз түрдө көмүр жагууда абага уулуу заттар чыгат, абаны булгайт, бирок бул көмүрдүн сапатынан дагы көз каранды. Мурун Караганданын көмүрү келчү азыр Кара-Кече, Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүнүн бир канча түрү келип жатканына байланыштуу алардын сапатын азырынча айтуу кыйын. Абанын булганышына ТЭЦтен дагы автомобилдерден чыккан түтүн терс таасир берет. Айдоочулар эски автотранспортторду катализаторлору жок деле айдап жүрүшөт. Мындан чыккан түтүндүн абага тийгизген зыяны эбегейсиз чоң. Катализаторлор унаа айдагандан чыккан зыяндуу газдарды тазалоо үчүн иштелип чыккан атайын техника. Мамлекеттик орган ошолордун бар жогун текшерип, айдоочуларды катализаторду тагып жүрүүгө милдеттендирүүсү шарт. Бул техника жок унаанын айдоочуларына айып пул салыш керек.
![](http://kuramastory.com/wp-content/uploads/2021/10/2019-03-29_09-41-35_179991.jpg)
Мындан тышкары, Бишкектин айланасындагы жеке үйлөр суук түшкөндө көмүр жагышат, таштандыларды жаккандары дагы арбын. Тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагышат, алар күйгөндө уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Абанын тазалыгы боюнча өкмөт, бей өкмөт уюмдар, ар бир жаран ойлонушу керек. Балдардын ден-соолугун биринчи орунга коюп, сапаттуу көмүр жагуу зарыл. «Таштандыларды жагып, бир аз акчаны үнөмдөйм» дегендер, өздөрүн, балдарын, жакындарын бүтүндөй шаар тургундарын уулантып, ден-соолугуна зыян келтирип жатканын түшүнүшү маанилүү. Албетте, азыр экономикалык каатчылык, бардык нерсе кымбат, жарандарды түшүнсө болот. Ошол эле учурда жөнөкөй ыкмалар аркылуу кырдаалдан чыгууга мүмкүн. Мисалы, энергияны үнөмдөө деген бар, үйдү жылыткандан кийин баардык тешиктерди бүтөп, жылуулукту көпкө кармоо ыкмасы аркылуу жылуулук изоляциясын жасоо зарыл. Мындан азыраак көмүр кетет. Өзүңүздөр байкагандай, быйыл көмүрдүн тартыштыгы байкалууда. Пандемиянын шартында жыл ичинде калктын жашоо деңгээли кыйла төмөндөдү. Бул кышта Бишкектин жана анын чет жакаларынын жашоочулары колуна тийген нерсени жагышы ыктымал, демек, түтүн көйгөйү курчуйт.
![](http://kuramastory.com/wp-content/uploads/2021/10/smog-1.jpg)
–Ар бир жаран абанын тазалыгы үчүн кам көрүү зарылдыгын айттыңыз. Муну элдин аң сезимине жеткирүү үчүн чоң кампаниялык жумуштар жүрүш керекпи?
–Алдын ала түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Качан кыш келип, үстүбүздө кара түтүн айланып калганда эле эмес, жайында, жылдап аракеттер көрүлүшү кажет. Буга мамлекеттен көзөмөл, туура мыйзамдар, журналисттер, блогерлерден маалыматты таркатуу, бейөкмөт уюмдарынан так анализдер талап кылынат. Ушундай аракеттердин арты менен натыйжалуу жыйынтыктарга жетишибиз мүмкүн. Мисалы, көмүр кымбат, аны бардык эле үй бүлө сатып ала албай калышы турган иш, мында монополияга каршы агенттик киришип, кара алтындын баасын турукташтырып, жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн эске алуусу абзел. Комплекстүү чечиле турган көйгөй, бир эле өкмөттүн же экологдордун колунан келе калбайт. Смог-угардык газ, көмүр кычкыл газы, формальдегид, бензол сыяктуу химиялык уулуу заттын топтому. Ал аба аркылуу адам дем алганда өпкөгө, кан тамырларга, мээге таасир берет. Узак мөөнөттүү таасири болот, убакыттын өтүшү менен гана организмде булардын кесепети билине баштайт. Сөзсүз бир оорууларды пайда кылат. Азыр таза абага чыгуу оор болуп калды. Сыртка чыксаң атмосфера булганып турса, кайдагы тазалыкты айтабыз? Ошондой болсо да Бишкектеги жашыл аймактарга барып турганга аракет кылыш керек. Жашыл аймак, парктар абаны тазалап турат да. Салыштырмалуу ал жактарда аба таза болот, ошол үчүн жашыл дарактарды көбөйтүш керек.
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөттөр интернеттен алынды