Окуялар

Саман микроэлементтери боюнча ден соолукка пайдалуу

Нурлан Кальчинов чоподон жана самандан экологиялык үйлөрдү курат. Ал бизге экологиялык жактан таза үйлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Эмне үчүн чопо менен саман?

– Чопо камыр сыяктуу,  жылуу, ийкемдүү жана жагымдуу. Чопо кол капсыз иштей турган жападан жалгыз курулуш материалы, анткени ал колду жеп салбайт. Курамы жана микроэлементтери боюнча саман ден соолукка абдан пайдалуу жана жагымдуу жыты бар. Чопо, кум, саман – мунун баары табигый таза материалдар.

Мындан тышкары чопо жылуулукту абдан жакшы топтойт жана аны өтө жай коё берет. Жайкысын чоподон жасалган үйдүн дубалдары +20 градуска чейин ысып, суук түшкөндө кирпичтен же бетон дубалдан курулган имараттарда дароо муздабайт. Жылуулук бир нече айга чейин кармалышы мүмкүн. Чопо жылуулуктун  изолятору, бул мурдатан эле белгилүү, ошондуктан колдонушат. Эффективдүүлүгү жагынан чопо дагы деле баа жеткис курулуш материал болуп саналат.

– Өзүңүз чоподон салынган үйдө жашап көрдүңүз беле?

– Ооба, мен чопо менен самандан салынган үйүмдө 7-8 жылдан бери жашайм.  Бул технологияны башкаларга сунуш кылуудан мурун үйлөрдү өзүбүзгө курууну чечкенбиз. Менин үйүмдүн жарымы чопо, жарымы саман. Даяр түктөрдөн салабыз. Досум үйүн толугу менен самандан курду, мен болсо  жарымын гана самандан салгам, бирок толугу менен самандан курсам болмок экен. Анткени саман жылуулуктун эң жакшы изолятору.

Бул чыныгы экологиялык үй. Бул жагынан алганда, саман идеалдуу вариант болуп саналат – өндүрүш үчүн эч кандай зыяндуу технологиялар колдонулбаган кошумча продукт. Биз акчаны үнөмдөө менен ресурстарды сарамжалдадык. Себеби бардык башка кымбат баалуу курулуш материалдары экологиялык жактан таза эмес.

– Үйлөрдү өзүңүз курасызбы?

–Эко-үйлөрдү куруу – интуитивдик курулуш, сиз баарын алдын ала көрө албайсыз, андыктан дайыма процессте болушуңуз керек.

Үйүмдү куруп жатканда терезелерин  кайдан чыгара турганымды билчү эмесмин. Айлана-чөйрө кайсы жака жасоо керектигин айтып берет. Бакчада  кооз алмурут багым бар болчу, ошол жерге терезе жасадым. Анан  жарыктын сандыкка түшүшүн каалап, ал жака орноттум. Ошондуктан, менин залымда ар кандай көлөмдөгү жети терезем бар.

Биз үйлөрдү чопо, кум, акиташ, саман, жыгачтан салабыз. Албетте, бул үйлөрдү шыбап, ремонттоп, туш кагаздарды чаптап койсо болот. Бирок анын эмне кереги бар?

Сиз үчүн экологиялык жактан таза үй деген эмне?

– Эко үй – бул жашоо образыңыздын өзгөрүшүнө болгон жооп. Эгер сиз өзүңүздүн ден соолугуңузду ойлосоңуз, бара бара айланаңыздагылардын, жаратылыштын, шаардын саламаттыгы жөнүндө кабатыр боло баштайсыз. Кадимки чөйрөдө жашай албай каласыз, күндү, өзүңүздүн таза бадыраң, помидоруңузду каалап каласыз.

Самандан жасалган үйдүн баасы арзанбы?

– Ооба, анткени бир түп самандын баасы 60 сом турат. Менин үйүмө 40 түп,  2400 сом кетти. Негизги чыгымдар жумушчулардын эмгегине сарпталат, буларды колдонуу менен сиз материалдардан жана убакыттан үнөмдөйсүз. Эко үй – бул эркиндик.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

“Жердин чемпиону” Мария Колесникова: «Экология дегенде таштандыны гана түшүнчүмүн»

Өткөн жылдын аягында кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун «Жердин чемпиону» аттуу эң жогорку экологиялык наамына ээ болду. Колесникова мындай сыйлыкка татыган Кыргызстандагы алгачкы адам. Мария экоактивист, Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн
Окуялар

Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы

Алмаз Бараталиев менен Евгения Постанова Бишкекке жакын жердеги Лебединовка айылында жашашат. Алардын үйү башкалардан айырмаланып, “Быстротоктогу эко-үй” деп аталат. Бул үйдөн дээрлик эч кандай таштанды чыкпайт, себеби бардыгы ошол жерде
Жаңылык

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен. Бишкекте
Окуялар

Исмаил Карыпов: “Эко-жашоо образын ата-энем үйрөткөн”

Исмаил Карыпов экоактивист. Ал социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу адамдарды күтүп жаткан чоң кырсыктар жана болуп жаткан көрүнүштөр жөнүндө айтып турат. Ошондой эле экологиялык адаттар тууралуу лайфхактарды бөлүшүп, аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жашоо