Бишкектин 148 жылдыгшына карата Royal Central Park шаардыктар үчүн масштабдуу майрам уюштурду. 24-апрель күнү мурдагы ипподромдун аймагында тамак-аш жандуу музыка жаңырып, балдар үчүн түрдүү сынактар, оюн-зоок көрсөтүлду.

Мындан тышкары көчмөн кыргыз элинин кол-өнөрчүлүгү жана улуттук суусундуктары, тамак-ашы жармаркеге коюлду. Жалпысынан Royal Central Park долбоору фейерверк шоусу камтылган программаны шаардыктарга сунуштады.

Белгилей кетсек, Royal Central Park долбоору мурунку ипподромдун ордуна көп кабаттуу турак-жай комплексин,шаарчасын түптөгөнү турат. Royal Central Park долбоору 2 миллион чарчы метр турак жай аянтын камтып, 12 курулуш фазасынан турат. Курулуш 8 жылдын ичинде курулуп бүтөт.

Комплекстүү пландаштыруу жашыл зонаны сактап калуу аракети менен жүрүүдө. Royal Central Park шаар ичиндеги уникалдуу шаар болуп саналат. Компания учурда The Essence биринчи фазанын курулушун жүргүзүүдө. Бул шаарчада инфраструктура,жашоочулардын ынгайлуу жашоосуна бардык шарттар каралат.

Ишемби күнү Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору Бишкектин 148 жылдыгында арналган фейерверк жана музыкалык фестивалга күбө болушту.Анда катышуучуларга ар кандай сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды. Бул учурда Royal Central Park шаарчасынан батир алууну каалагандарга жеринде кенеш берилип, ошол күнү компания менен келишим түзгөн кардарларга да өзүнчө белектер ыйгарылды.




