ЖаңылыкКлимат

ЦАКИК-2023: “Климаттын өзгөрүшү боюнча 5-конференция” Дүйшөмбүдө өттү

Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) май айында Дүйшөмбү шаарында кезектеги 5-конференциясын өткөрдү. Ал «Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын кесепеттерин жумшартуу программасы» ошондой эле бул программаны каржылоону улантуу (CAMP4ASB AF), «Суу-энергетика-азык-түлүк» тармагындагы секторлор аралык каржылоону стимулдаштыруу боюнча Борбор Азия диалогу (Нексус) жана «Борбор Азиядагы суу энергетика программалары» (CAWEP) алкагында болду.

Конференцияда МГЭИК (IPCC), Дүйнөлүк Банк, Бүткүл Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо уюму, GIZ, ITC, ФАО жана башка эл аралык уюмдар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде Борбор Азия өлкөлөрү эмнеге даяр болушу керек, бизди эмне күтө турганы боюнча терең анализдер айтылды.

Маселен, Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссия (IPCC) өзүнүн алтынчы баалоо отчётунда климаттын өзгөрүшү Борбор Азия мамлекеттери үчүн олуттуу коркунуч туудурат деген бүтүмгө келген. Себеби аймакта температуранын жогорулашы дүйнөлүк температурага салыштырмалуу жогору. Адистер муну Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагындагы мөңгүлөрдүн эришинен улам суу ресурстарынын көлөмүн кыскартууга түрткү болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Мындан улам суу ресурстарын эффективдүү башкаруу өзгөчө актуалдуу болоору айтылды. Андыктан, Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн салттуу билимдерди заманбап илим менен интеграциялоо, жергиликтүү жамааттарды, өкмөттү, жарандык коомду, жеке секторду тартуу менен тез арада көп секторлуу мамилени жандандыруу зарыл. Ошондой эле климаттын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн узак мөөнөттүү пландаштыруу механизмдери маанилүү деп белгилешти адистер.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Климаттын өзгөрүшү эң чоң жаратылыш кырсыгына алып келди

Батыш Европа өлкөлөрү, биринчи кезекте Германия, ошондой эле Бельгия, Нидерландия, Швейцария жана Австрия суу ташкынынын кесепеттери менен күрөшүүнү  улантып жатышат. Илимпоздор муну акыркы 1000 жылдыктагы  эң күчтүү кырсык деп аташты.
Жаңылык

Президент Садыр Жапаровго кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр НургожоевичкеУрматтуу Садыр Нургожоевич! Жогорку Кеӊеш тарабынан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорунун (мындан ары
Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык
Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы