ЖаңылыкКлимат

ЦАКИК-2023: “Жашыл демилгелерди илгерилетүүдө жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын ролу чоң”

Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге алсыз бойдон калууда мындан улам жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын өлкөдөгү жашыл демилгелерди алдыга жылдыруудагы ролу маанилүү болуп саналат“, – деди “Кыргызстандын жашыл альянсы” бирикмесинин директору Ильгиз Камбаров.

Камбаров мындай пикирин Дүйшөмбү шаарындагы РЭЦЦА тарабынан уюштурулган “Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор-Азия өлкөлөрүнүн 5-конференциясында” билдирди.

Айтымында “Кыргызстандын жашыл альянсынын” мүчөлөрү бир катар жашыл демилгелерди ишке ашырып жатат. Ал Кыргызстандын калкынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусун, экономикадагы жашыл демилгелерди алдыга жылдыруусун шондой эле аймактардын үзгүлтүксүз туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган. Ильгиз Камбаров конференцияда алардын айрымдарына токтолду.

1- GO GREEN долбоору Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, өндүрүштү экологиялык көйгөйлөргө ыңгайлаштырууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, социалдык жана жергиликтүү агро-ишканаларды курууга көмөктөшүүчү айыл чарба секторунда кошумча нарк чынжырчасынын моделин иштеп чыгуу аркылуу, климаттын өзгөрүшүн жумшартууга салым кошууну көздөйт.

2-«Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын мисалында, токой экосистемаларын туруктуу башкарууга жана пайдаланууга жергиликтүү калкты тартуу». Бул Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда. Натыйжада 1045 гектар токой аянты жергиликтүү жамаат тарабынан корголууда. Деградацияга учураган 3 га жерге мөмө-жемиш көчөттөрү отургузулуп, келечекте климаттын жакшыруусуна жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга салым кошууда.

3-БИОМ экологиялык уюму тарабынан иштелип чыккан “Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун мыкты практикалары”аттуу тиркеме ишке кирди. Ал жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө даярдыгын баалоого жана адаптациялоо чараларын көрүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу санариптик тиркеме.
«Үч долбоор тең башка көптөгөн долбоорлор сыяктуу климаттын өзгөрүшүнө карата коомчулуктун ыңгайлашуусуна өбөлгө түзүүдө”,- дейт “Кыргызстандын жашыл альянсынын” аткаруучу директору.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт, видео: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Климат

Дыйкандарды түйшөлткөн кургакчылык

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдөБишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну
Климат

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдө

Бишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну аз талап кылган арпа же
Климат

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ: БОРБОР КАЛААНЫ ЧАҢ БАСЫП, ЧӨЛГӨ АЙЛАНЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?

Бишкектеги жашыл аймактардын жетишсиздиги, экологдордун изилдөөлөрү, шаар кеңейгенден кийинки бул маселени чечүү жолдору жөнүндө- эколог, ботаник жана геомаалымат адиси, «Демилге Арча» коомдук фондунун жашылдандыруу маселелери боюнча эксперти Дмитрий Переяславский менен
Климат

ЦАКИК-2024: Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын бардык аймактарына таза суу жеткирүү боюнча ири долбоорун баштайт

Бул ири программа Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк Банк ортосунда 6 ай мурун келишилген. Ал 3 багытта иштейт.Энергетика;Суу, элди таза суу менен камсыз кылуу;Айыл чарба.