Жашыл-экономика

ВИДЕО: Таштандысын бөлгөн мейманкана

Кой-Таш айылындагы Jannat Resort отели катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчүлөргө өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Мисалы, ресторанда таштандылар үчүн 5 чака коюлган.
1-челек катуу металлдар үчүн;
2-челек кургак таштандылар үчүн;
3 –тамак аш калдыктары;
4-челек айнек бөтөлкөлөргө арналса;
5-челек пластик буюмдары үчүн коюлган.

Чогулган бардык катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчүлөр келип алып кетишет.
Мындай жол менен мейманканадан чыккан таштандылар дээрлик полигонго жетпейт. Ал эми тамак-аш калдыктарын Кой-Таш айылына жакын жашаган кызматкерлер кезек-кезеги менен алып кетишет. Тактап айтканда Jannat Resort таштандылардын 70% кайра иштетүүгө жөнөтөт.
Jannat Resort Hotel дин мындан башка дагы кызыктуу эко-чечимдерин видео материалдан көрө аласыздар.

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.


Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Оператор, монтаж: Руслан Кубанычбеков

Графика: Расим Ниязалиев

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
Жашыл-экономика

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана
Ден-соолук

“Achekey” катырагы–табигый азык

Экологиялык таза, кошулмасыз мөмө-жемиштерден катырактарды (чипсы) даярдаган Азизбек Шерниязов кесиби боюнча банк кызматкери. Азизбек бир жылдан бери «Achekey» бренди менен алма, мандарин, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштерден кургатылган катырактарды жасап келет. --Азыркы
Carbon Free Kyrgyzstan

Электро унаа—таза жана үнөмдүү

Электро транспорттун кеңири жайылышы абага бөлүнүп чыккан парник газдарынын эмиссиясын азайтат. Бишкекте расмий түрдө 370 000 автомашина каттоодон өткөн, өлкөгө айрыкча эски унаалар келет. Ал эми изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы унаалар орто