айлана-чөйрөЖаңылык

Суу бүркүтү жок болуп кетүү коркунучунда

Кыргызстандагы жаратылыштын ажайып канаттууларынын бири болгон – суу бүркүтү биздин аймакка миграцияга кышкысын гана учуп келет. Аны азыркы учурда- жок болуп кетүү коркунучу алдында турган, сейрек кездешүүчү  жаратылыш мурасы десек жаңылышпайбыз. Бул жырткыч куш карчыга сымалдуулар тукумуна кирет жана негизинен балык, суудагы канаттуулар менен азыктанат. Тилекке каршы, бул түр өлкөдө сейрек кездешүүчү, саны азайып бараткан канаттуулардын катарында болгондуктан Кызыл китепке киргизилген.

Суу бүркүттөр негизинен суу жээктеринде, көлдөрдө, көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда жашашат. Өткөн кылымдан бери Кыргызстандын эч бир жеринде уялап, жумуртка баскан эмес,  ошондуктан бул түр миграциялык болуп эсептелет. Өлкө аймагында негизинен Ысык-Көл, Токтогул суу сактагычы жана Чүйдөгү суу бар аймактарда кездешет.

Акыркы жылдары суу бүркүттөрү Кыргызстанды уялап, балапан чыгаруу аракеттерин жасай баштады. 2023-жылы бир жуп Чүй өрөөнүндө уя куруп, балапан чыгарган. Бирок алардын уясы жогорку чыңалуудагы электр мамысынын эң бийик чокусуна салынгандыктан, ылдый кулатылып ал жерден жок кылынган. Быйыл дагы бир жуп кайрадан ошол айланадагы  жогорку чыңалуудагы электр мамынын үстүндө уялап 3 жумуртка басканы турат.

Экологдор менен орнитологдор бул – суу бүркүттөрүнүн Кыргызстанга кайтып келип туруктуу байырлоосунан кабар берээрин айтышууда. Электр тогун өткөрүү мамычага салынган уя, куштар эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анткен менен куш кароочулар коому куштардын уясын бузбай сактоо керектигин айтып тынчсызданууда.

Куш кароо коомунун мүчөсү Адинай Ахматова төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Биз  үчүн куштардын бул жайды тандоосу кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок дүйнө жүзүндө жана жалпы эле Борбордук Азияда жогорку чыңалуудагы электр мамыларды куштар уялаган учурлар көп. Дүйнөлүк тажрыйбада атайын коргоо жабдууларын орнотуу усулдары бар, алар жогорку чыңалуудагы электр мамыларды жана куштарды коргоого мүмкүнчүлүк берет. Суу бүркүттөр уялаган жогорку чыңалуудагы электр мамысы – бийик болгондуктан ыңгайлуу жана коопсуз болот. Анткени алар тандаган Озерное айылында уя курууга ыңгайлуу бийик дарактар жок. Куш кароо коому байкоо жүргүзүү учурунда учурда болжолу менен 40-60 куш бар экенин аныкташкан.

Суу бүркүтүнүн экосистемадагы мааниси чоң- ал экосистеманын эң жогорку тепкичиндеги жырткыч. Бүркүт чоң балыктар, суу канаттуулары менен азыктанат ошондой эле өлүк жандыктарды жейт. Бул өз кезегинде жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоого жардам берет.

Суу бүркүтүнүн жок болуп кетүүсүнө жол бербеш үчүн Озерное айылындагы көлмө ээлери, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өзгөчө маанилүү болуп турат. Ак куйруктуу бүркүттөр – экосистеманын ажырагыс бөлүгү алар башка жырткыч канаттуулар сыяктуу эле адамдар менен тыгыз байланышта жашайт. Калктуу конуштарга жакын аймактарда уя куруп, жаратылыш менен шаардык инфраструктуранын ортосундагы аяр тең салмактуулукту сактоого көмөктөшөт.”

«Суу бүркүттөрүнүн жеке көлмө ээлеринин канаттууларынын балыгын жеп кеткени албетте жакпайт бирок, алар көп деле зыян келтирбейт. Бул канаттуунун табиятын түшүнбөгөндөр ага зыян келтирип койбосо экен деп коркобуз. Суу бүркүттөрдүн популяциясы аз, саны азайып бараткан сейрек түр. Демек, Чүй облусунда уя салуу Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн маанилүү окуя жана көлмөлөрдүн экологиялык абалы жакшы, балыктардын ден соолугу чың экендигинен кабар берет. Каалоочулар, куш сүйүүчүлөр бул керемет канаттууларга байкоо жүргүзө алат. Эгер жергиликтүү эл канаттууларга кол салбай, энергетика кызматкерлери куштун уясына залал келтирбесе, алардын ушул жакта төлдөшүнө шарт түзүлөт. Анда келечекте бул жерге – чет өлкөлүк куш кароочу туристтердин кызыгуусу артат. Озорное туристтер жактырган айылга айланат», – дейт куш кароочу Нурлан Калчинов.

Жаратылыштын маанилүү бөлүгү болгонуна карабай жок болуп кетүү коркунучунда турган суу бүркүттөрүн сактап кала алабызбы?

Суу бүркүттөрүнүн жашоо чөйрөсү кескин өзгөрүп, азайып кетүүсүнүн негизги себептери бул – суулардын булганышы, уяларынын жок кылыныш жана азыктануу базасынын кыскарышы.

Кыргызстанда бул куштарга болгон мамилени өзгөртүү жана алардын жашоо мейкиндигин коргоо зарыл. Жергиликтүү тургундарга куштарды чочутпай аяр мамиле жасоо керектигин жеткирүү зарыл болууда. Айрыкча, жогорку чыңалуудагы электр линияларын тейлеген кызматкерлерден, жооптуу мекемелерден суу бүркүттөрүнүн уясын бузбоосун өтүнөбүз. Чанда кездешүүчү жаратылыш көрүнүшүн биргеликте сактап калалы.

Автор: Гүлбара Оморова, куш кароочу

Сүрөт, видео: Мырзабек Өзүбеков, Павел Исаенко.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Видео: Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай?

Үйдү жылуулонун эң арзан жолу кандай? | ЭкоЖаша - YouTube Канткенде чыгымдарды кыскартып, климаттын өзгөрүшү менен күрөшө аласыз? Бул үчүн үйүңүздү жылуулаңыз! Кыргызстандыктардын үйлөрүндөгү жылуулуктун 60% сыртка эле чыгып кетет
Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген