Без рубрикиКлимат

Эксперт: “Малдын саны өссө, тобокелдик дагы өсөт”

17-июнда Жалал-Абадда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну көз жумду. Сел Момбеков айыл өкмөтүндөгү Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында жүрүп, үйлөрдү, имараттарды суу каптап, трактор, машиналарды бир топ жерге чейин агызып салган. Айылдагы тургундардын айтымында мындан бир жарым ай мурун эле сел жүрүп, эмиден гана жыйналып бейкапар жашоолоруна кайта башташкан.


Бекболот Жумашов, Кочкор Ата айылынын тургуну, Жалал Абад облусу.
Кечээ күнү эле сел кирип, бары жокту каптап кетти эле. кайра башынан куруп бүткөн болчубуз. Бир жарым айдан кийин кайра келди. Үйгө кире турган жолдорду көпүрөлөрдү кайра тазалап, жасаган болчубуз. Муну бүткөндө эми кайра каптап кетти да. Биздин айылда сел бат бат жүрө баштады, сел келгенде үй бүлөбүз менен бардыгыбыз эвакуация болуп, көчөгө чыгабыз, бийик жерлерге барабыз. Жакшы тоспой жатышпайбы, андай жерлерге канал тругузуп, суу кире турган жерлерди таш менен тизиш керек. Дамба деген нерсе курулуш керек. А булар келишет кичине тазаламыш болушат, ӨКМ келип тазалап берип коет, ошол эми эле тазалап бүткөндө кайра эле ушундай болуп жатпайбы.


Жыл өткөн сайын сел жана суу ташкындарынан дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар жабыркоодо. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Республикада жылына орточо эсеп менен сел жана суу ташкындарына байланыштуу 70ке жакын өзгөчө кырдаалдар келип чыгат, бул бардык өзгөчө кырдаалдардын 29-30%ын түзөт. Мындай жаратылыш кырсыктары олуттуу экономикалык чыгымдарга алып келет. Маселен, Калктуу конуштарда жергиликтүү жарандардын турак жайынан тышкары, транспорттук коммуникациялар, айыл чарба жерлери, гидротехникалык, ирригациялык курулуштар жана башка объектилер жабыр тартат. Ал эми республиканын бардык калктуу конуштарынын 95% дарыялардын же убактылуу суу агымдарынын жээгинде орун алган.


Алексей Кокорин /Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондусунун – WWF, климаттык программасынын директору


Эгерде узак мөөнөттүү прогнозду карай турган болсок, 21-кылымдагы ар кандай болжолдоолор боюнча Кыргызстандын аймагында жаан чачындар мурдагысындай эле көрүнөт, бирок, бул абдан чоң адашууга алып келиши ыктымал. Анткени жаан чачындын режими алмашып, алардын сезондук бөлүнүшү да өзгөрүп жатат. Орой айтканда, мурда жаан-чачындын белгилүү бир көлөмү бир сутка жааса, азыр ошол жаан 2 саатта, эгерде мурда 2 саат болсо, азыр 20 мүнөттө жаап коюуда. Албетте мунун бардыгы инфраструктурага сел жана көчкү жүрүү коркунучу бар эңкейиштерге чоң таасирин тийгизип жатат. Өтө сейрек кездешүүчү кубулуштар, айталы, 50 жылда бир жолу болсо, азыр алар бир жарым эсе бат болуп жатат“.


Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин маалыматы боюнча Кыргызстандын дээрлик бүт аймагында сел жүрүү коркунучу бар. Токойлор кыйылып, жолдор жана башка курулуштарды салууда жаратылыштагы өзгөчөлүктөр эске алынбаса, табигый дренаждын өзгөрүшү жана жердин кыртышынын начарлашы сел жүрүү коркунучун күчөтүшү мүмкүн.


Рикс Бош / Dutch Green Business, Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча кеңешчи
Биз адамдарды селдерге, кургакчылык, ысык күндөргө суунун жетиштигисиздигне адаптация кылышыбыз керек. Ал үчүн жаратылыш кырсыктары боюнча алдын ала маалымат берүү зарыл. Токойлордун санын көбөйтүш керек, тал- терек, токойлор селдердин, суу ташкындарынын санын жана масштабын азайтат. Адамдар, “биз эч нерсе кыла албайбыз” дешет, кыла алышат! Талдар таштарды, кумдарды сел менен кошо агызбай кармап калат, бул суу ташкындарынын ылдамдыгын азайтат. Эгер суу ташкындары жайыраак акса, сел жүргөндө адамдарга үч эсе жеңил болот. Чакан дамбаларды орнотуш керек. Мурда дарыялардын жээгинде, азыркыга салыштырмалуу токойлор, тал – теректер көп болгон. Эгер алар жок болсо суу оңго же солго кетпей түп – түз бойдон ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта агып түшүп, алдындагы бардык нерсени кыйратып кетет. Суу ташкындары ушундан улам келип чыгууда. Муну азайтуунун көптөгөн мүмүкүнчүлүктөрү бар, ал үчүн жер кыртышын жакшыртуу зарыл. Кыргызстанда жайыттар деградация болуп калган, себеби малдын саны көп, мурда элдер малдарын алыс жактарга жайышчу, бул учурда жерлер эс алганга жетишет эле. Жайыттардагы чөптөр тамырларын жайылтып, калыбына келчү. Эгер жердеги чөптөрдүн бардыгын койлор же уйлар жеп салса чөптөр жаңы жалбырактардын өнүп чыгышы үчүн тамырын колдонуп баштайт. Мындай учурда чөптөрдүн тамырлары терең өспөй, жерлер деградацияга учурайт. Малдын саны өскөн сайын тобокелдик дагы өсөт“.


Борбор Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнө өтө алсыз. Катуу ысык толкундар, кургакчылык, нөшөрлөгөн жаан-чачындар жана башка экстремалдуу аба ырайынын кесепеттери экологиялык, экономикалык жана ден соолуктун негизги көйгөйүнө айланууда. Маселен, Казакстандагы дээрлик 2 айга созулган суу ташкындары өлкөдөгү акыркы 80 жыл ичиндеги эң чоң жана катастрофалык сел болгону айтылууда. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болуп жаткан жаратылыш кырсыктары туурасында алдын ала эскертүү чаралары тобокелдикти азайтып, кесепеттерин минималдаштырат. Бул чаралар Париж келишиминин жана Сендай тобокелдиктерди азайтуу программалары сыяктуу глобалдык демилгелердин алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө абсолюттук артыкчылык болуп саналат.

Автор: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Климат

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ: БОРБОР КАЛААНЫ ЧАҢ БАСЫП, ЧӨЛГӨ АЙЛАНЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?

Бишкектеги жашыл аймактардын жетишсиздиги, экологдордун изилдөөлөрү, шаар кеңейгенден кийинки бул маселени чечүү жолдору жөнүндө- эколог, ботаник жана геомаалымат адиси, «Демилге Арча» коомдук фондунун жашылдандыруу маселелери боюнча эксперти Дмитрий Переяславский менен
Жаңылык

ЭКСПЕРТ: “Кыргызстандыктар эми кумдуу бороонго даяр болушу керек”

Бишкекте кумдуу бороондун кесепеттерине байланышкан өзгөчө кырдаал учуру алынды. Шаардык мэриянын билдиришинче жалпы чыгым 16 749 923 сомду түздү. Кумдуу бороондо 10 адам ар кандай жаракат алып, алардын айрымдары дагы
Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500
Климат

Таштанды полигондогу “TRASH-3” экофестивалы

Таштанды полигонунун жанындагы "Алтын-Казык" конушунда "TRASH-3”, тагыраагы  искусство+экология (art + ecology) аттуу экофестивалы өттү. Уюштуруучулардын айтымында үч ай бою сүрөтчүлөр жана эко -активисттер менен “Искусство + Экология” темасында иштер жүргүзүлүп,

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген