Климат

Пригородный айылындагы дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдө

Бишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен дыйкан Капар Урбаев суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана албай, сууну аз талап кылган арпа же буудай гана себет.

Эгер суу жетиштүү болсо, өсүмдүктүн башка түрлөрүн дагы себет болчумун дейт.Адистер суунун тартыштыгынын негизги себеби – кургакчылык менен жарактан чыккан ички чарбалык каналдар болууда дешет.

Эл аралык экологиялык уюмдардын колдоосу менен, пилоттук негизде 2,5 км ички чарбалык каналдар тазалынып, анын ичинен 100 метр канал бетондолот.Айта кетсек, өлкөдөгү ички чарбалык каналдар 2000-жылы Суу пайдалануучулар ассоциациясына (АВП) өткөрүлүп берилген.

Буга ылайык, дыйкандарга сугат сууну жергиликтүү АВПлар бөлүштүрүп берет.Кыргызстанда 450 дөн ашык АВП бар.

Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500
Климат

Зоя Кретова: «Карсыз жана жылуу кыш климаттын өзгөрүп жатканын далилдейт»

Быйылкы кыш башка жылдардан кар жаабаганы менен айырмаланып жатат. Анткени январь айы ортолоп, кыш чилдеси түшсө да кар оор жаай элек. Бул көрүнүш Бишкекте эле эмес өлкөнүн айрым  аймактарында дагы
Климат

Климат темасы эмне үчүн маанилүү?

Бишкекте төртүнчү ирет “Кыргызстан 30+” жарандык форуму өттү, ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр катышты. Форумда төрт теманын алкагында талкуу жүрдү: жергиликтүү жамааттар, чакырыктар жана жарандар; коомчулуктун баалуулуктары, келечекке болгон көз

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген