Жаңылык

Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?

Бишкек бир канча жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгууда. Economist.kg порталы уюштурган “Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?” аттуу  темада эксперттер, экологдор, мамлекеттик кызматкерлер ой бөлүштү.  

Бишкектин үстүндөгү кара түтүн күн суукта эле пайда болбойт, ал жыл бою турат. Буга кыш келгенде жеке үйлөрдөн чыккан кара түтүн кошулуп, ылдый түшөт. Мындан тышкары биздеги автоунаалардан чыккан түтүн абаны булгаган негизги факторлордун бири. Себеби алардын бардыгынын катализаторлору жок. Ошондой эле, күйүүчү майдын сапатынын төмөндүгү кошумча”, – деди  ЭкоМиР/ Экологиялык мониторинг жана иликтөө коомдук фондунун эксперти Влад Ушаков.  

Влад Ушаков

#БишкекСмог (#БишкекКараТүтүн) демилгесинин негиздөөчүсү Бермет Борубаева Бишкектеги смог көйгөйүнө таштанды полигондон чыккан түтүндүн дагы салымы чоң, ушу тапта  тигүү цехтеринен чыккан тонналаган таштандылар өрттөлүп жатат анткени деген пикирин айтты.       

 «Мэрия курулуш компанияларга үй курууга уруксат болбогон жерлерди берип жатат. Учурда салынып бүткөн көп кабатуу үйлөрдүн көбү мурун жайыт же айдап себүүгө багытталган аянттар болгон. Буга бийлик көзүн жумуп, жерлерди трансформациялоодо. Буга кошумча, Бишкектин тегерегиндеги заводдор дангы  абаны булгашат”.  

MoveGreen коомдук уюмунун өкүлү Ажар Байсалова, кара түтүндүн негизи себеби жаңы конуштарда деп эсептейт.  

Ажар Байсалова

Жаңы конуштардын жашоочулары, жер үйдө жашагандар үйлөрүн жылуулап, көмүрдү аз колдонушса, атмаосферага болгон зыяндуулук дагы азаймак”, – деди ал.

Бишкекти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов өз кезегинде мэрия тигүү тармагынан чыккан таштандыларды кайра иштете турган цех курулаарын билдирди.   

«Шаардын ар бир районунда таштанды сорттоочу пункттарды куруу пландалып жатат. Бул пилоттук проект, бирок бара бара аны кеңейтебиз. Азырынча 400 пункттун  курулушун  күтүп жатабыз. Мындан тышкары таштандыны кайра иштеткен завод салууну көздөа жатабыз. Учурда мэр Чехиянын бул тармактагы тажрыйбасы менен таанышып жатат”.

Бермет Борубаева

Ошондой эле, Молдокулов, 2023-жылы Бишкектеги 22 жылуутучу мешти газга өткөрүүнү пландаган. Айтымында учурда 4 меш газ менен иштеп жатат.

“Жашыл энергия” коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева мэриянын ишин сынга алды.

Жыл сайын кара түтүн менен күрөшүү планында мэрия автобустарды алып жатабыз же коомдук транспортторду газдаштыруу боюнча “Газпром” менен сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз деген отчет берет.  Биз мындай аткарылбаган убадалардын тажадык. Кана ошол автобустар? Качан маршруткалардан кутулабыз? Биз экологдор өкмөт менен биригип 40 пункттан турган иш план жазганбыз, бирок, улам кадрлар алмаша берип, ал иштин бирөөсү  эле аткарылды”.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Эксперт: “Кыргызстан энергияны бай өлкөлөрдөй эле колдонот, үнөмдөбөйт”

"Жашыл подкастта" Юнисон Групп коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдрасулова менен энергоэффективдүүлүк, имараттарды жылуулоо, каражат үнөмдөө, жашыл энергия, каржылык колдоо сыяктуу темаларда сүйлөштүк. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ тилиндеги алгачкы ЖАШЫЛ подкасттардын
Жаңылык

Швейцария дүйнөдөгү экологиялык эң таза өлкө

Абанын ашыкча булганышы, жагымсыз экологиялык кырдаал азыркы глобалдык дүйнөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелет. Өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо узактыгы, төрөлүү деңгээли, ден-соолугунун бекемдиги жана жалпы жыргалчылыгы ушул проблеманын чечилишинен көз каранды.
Гендер жана климат

Гулбара Оморова, гляциолог: “Биздин жашоо мөңгүлөрдөн көз каранды”

Гляциолог Гулбара Оморова Кыргызстандагы мөңгүлөрдү, көлдөрдү изилдеген жалгыз айым. Жашыл подкастта аял кишинин мөңгүлөрдү изилдөөдөгү кыйынчылыктары, тоскоолдуктары жана эмне үчүн мөңгүлөрдү изилдөө маанилүү экенин айтып берди. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ
Жаңылык

ВИДЕО: Стамбул аэропортундагы таштанды көргөзмөсү

Стамбул аэропортунун жүргүнчүлөр терминалы сүрөтчү Дениз Сагдычтын адаттан тыш экспозициялары менен кооздолгон. Бул тууралуу Түркиянын "Anadolu" басылмасы жазды. Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – эмгектер эски формалардын калдыктарынан,  топчулардан, желим кутучалардан, баштыктардан жана