Окуялар

Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы

Алмаз Бараталиев менен Евгения Постанова Бишкекке жакын жердеги Лебединовка айылында жашашат. Алардын үйү башкалардан айырмаланып, “Быстротоктогу эко-үй” деп аталат. Бул үйдөн дээрлик эч кандай таштанды чыкпайт, себеби бардыгы ошол жерде кайра иштетилет.

Жубайлар 10 гектар жер тилкесине органикалык айыл чарба ыкмаларын жана жаңы технологияларды колдонуу аркылуу жашылча-жемиштерди өстүрүшөт.

«Биз экологиялык жашоо образына өткөнбүз. Электр энергиясын күн батареяларынан алабыз, тамак-аштын калдыктарын компост аркылуу жер семирткичке айлантабыз ал эми саркынды суулар өзүбүздө тазаланат. Бардык компоненттер бири-бири менен тыгыз байланышта, биз эч нерсени ыргытпайбыз, тескерисинче, баарын колдонобуз. Маселен, баклажкаларды бакчаны сугарууда пайдаланабыз»,-дейт Алмаз Бараталиев.

Эко-үйдүн ээлери WasteNetтин колдоосу менен «Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы» («Баклажку – в дело!») аттуу практикалык  иш  чара уюштурду.

«Кыргызстан ушу тапта кургакчылык мезгилин башынан кечирип жатат. Бул жай өзгөчө кургак болушу мүмкүн, андыктан  ушундай технологияларды колдонууга туура келет.Биздин «Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы» долбоорубуз арык системасы бузулуп, суусу жок  жеке үйдө жашагандарга жардам берет. Долбоор негизинен аялдарга жана жаштарга арналган, анткени үй жана бакчага аялдар көбүрөөк кам көрүшөт. Биз желим бөтөлкө, мык, кайчы, ширетүүчү үтүк жана тамчылаткыч сыяктуу эң жөнөкөй шаймандарды колдонуу менен бардыгына жеткиликтүү болгон технологияларды көрсөтөбүз. Сууну үнөмдөп, кол менен эмгектенүүнү азайткан, сугаруунун натыйжалуулугун арттырган эффективдүү сугат ыкмаларын үйрөтөбүз», – деди Евгения Постанова.

Биринчи ыкма жаадырып сугаруу. Евгениянын айтымында, бакчада жашылча көп өссө бул ыкмасыз сугаруу мүмкүн эмес.

«Мындай жерге суу астындагы насос керек, эгер ал жакта кум менен суу болсо, ал бүтөлүп калат. Ошондуктан, баклажканы бардык жеринен тешип,  шлангга туташтыруу керек, мында кум аны бүтөп калбайт. Бул конструкция суу булганган шартта дагы жакшы иштейт. Жамгырдай жаадырып сугаруунун артыкчылыгы өсүмдүк турган жердин кыртышынын үстүңкү катмары нымдалып турат, бул өсүмдүк үчүн абдан пайдалуу».

Экинчи ыкма ошол эле желим бөтөлкөлөр менен тамчылатып сугаруу болду.

«Мында суу түздөн-түз тамырларга кетип, суу ысырап болбойт. Түшүм жогорулап, сугатчынын кол менен эмгектенүүсү азайып, отоо чөптөр азыраак пайда болот. Сугаттын бул түрү көптөгөн дачасы барларды, багбандарды кызыктырат, анткени тамчылатып сугаруу системасын кароосуз калтырса болот».

Андан кийин Алмаз Бараталиев бөтөлкөнү илип койгон абалда тамчылатып сугаруу ыкмасын көрсөттү.

«Ал үчүн желим идиштин түбүн кесип капкак  жасап алабыз. Кесилген жердин  карама каршы тарабынан зымдан аскыч даярдап, тирөөчкө бекитилет. Бөтөлкөнүн капкагына кичинекей тешик жасап, эгерде суу өтө жай агып жатса, тешикти бир аз кеңейтип, андан кийин өсүмдүктүн үстүнө илип койсо болот».

Эко-үй бардык каалоочулар үчүн ачык

«Биз үйүбүздү адамдар өз чыгымдарын азайтып, таштандыларын иргеп, эко жашоо образын алып барышы үчүн көрсөтөбүз. Ооба, биздин үйдөгү саркынды сууларды тазалоочу канализация сыяктуу кээ бир технологиялар көптөрдүн колунан келбейт дегенге кошулам, бирок ар бир адам билиши керек болгон жөнөкөй чечимдер бар жана алар анчалык деле кымбат эмес. Мисалы, менде бир нерсе кылам деген максат пайда болсо, аны көпкө чейин изилдейм, интернеттен, атайын адабияттардан карайм. Кайра, кайра сынап, каталарды кетирип отуруп, өтө кымбат эмес, көпчүлүккө жеткиликтүүсүн тандайм. Баары эле видеону бир көрүп үйрөнүп кетишпейт. Ошондуктан биз мастер-класста адамдарды аралаштырып, өздөрүн жасатып көрөбүз. Бул алда канча натыйжалуу»,- деди Бараталиев.

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Мунара Боромбаева

Фото: Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жашыл-экономика

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана
Жашыл-экономика

ВИДЕО: Кыргызстанда пластикти кайра иштетүү кандай өнүккөн?

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрлөрүн, целлофан, картон, кап
Жаңылык

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен. Бишкекте
Гендер жана климат

“Жердин чемпиону” Мария Колесникова: «Экология дегенде таштандыны гана түшүнчүмүн»

Өткөн жылдын аягында кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун «Жердин чемпиону» аттуу эң жогорку экологиялык наамына ээ болду. Колесникова мындай сыйлыкка татыган Кыргызстандагы алгачкы адам. Мария экоактивист, Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн