Жашыл-экономикаОкуялар

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана алюминий кабыл алат. Мекеме жетекчиси Айбек Ормоновдун айтымында желим бөтөлкөлөрдү экспортко чыгарышат, ал эми калган катуу тиричилик калдыктары жергиликтүү кайра иштетүүчүлөргө сатылат.

Таштандыдан акча жасайбыз

«Желим бөтөлкөлөрдү Бишкектин чет жагына  ташып келип, сорттойбуз. Бир алганда 100 тоннадан ашык кабыл алынат. Сорттоп, өңүнө жараша бөлгөндөн кийин пресстеп, экспорттойбуз. Жалаң эле пластикалык бөтөлкө эмес, картон,  пластмассалардын түрлөрүн, эски каптарды, алюминий банкаларды, тагыраагы катуу тиричилик калдыктарын кабыл алабыз. Бул жерде мындай калдыктардын (ТБОнун) бардык түрлөрү бар. Бирок, булардын ар бири экологияга зыян алып келет. Ошондуктан биз муну чогултуп, өндүрүшчүлөргө өткөрөбүз, алар даяр материал жасашат. Башкача айтканда таштандыдан акча жасайбыз».

Катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) тазалаганга чоң салым кошобуз

«Коомго, экологияга эбегейсиз пайда алып келебиз деп айта алам. Анткени жылына 1000 тонна желим бөтөлкө алып, экспорттойбуз. Жөнөкөй тил менен айтканда 1000 тонна, Бишкекти бир катмар желим бөтөлкө менен көмүп койгондой көлөмдү түзөт. Желим бөтөлкөлөрдү сыртка чыгарбай өзүбүз иштетүү зарыл. Мында биринчиден-акчабыз өзүбүздө калат, экинчиден- кардарларга жеңилдик болот, үчүнчүдөн- жаңы жумушчу орундар түзүлөт жана мамлекетке салык түшүп турат. 12-15 тонна таштанды салына турган  унаага желим бөтөлкө салганда 5-6 тонна эле мусор батып калат. Эгер пластик буюмдарын үйдөн сорттоп, өз өзүнчө чогултсак тазалыктын жумушу 2 эсеге кыскармак. Полигондогу пластиктерди дагы сатып алабыз, бирок ал жактан тергенге жетишпей көпчүлүгү өрттөнүп кетет. Мисалы смог, аба булганып жатат дейбиз, бирок  элдер деле өзүн өзү тарбиялап, жок дегенде желим бөтөлкөлөрдү үйүнөн сорттоп  койсо болот да. Таштандыларды сорттоо аркылуу полигондогу өрттөнүп жаткан түтүндүн 50% азайтса болот».  

Жаңы техника иштин натыйжалуулугун арттырууда

«Кыргызстандын бардык аймактары  менен кызматташабыз, желим идиштер Оштон, Жалал- Абаддан, Таластан, Каракол, Балыкчыдан келет. Аймактардан 500кг дан 1 тоннага чейинки көлөмдө өткөрүшөт. 1 кг баклажканы 35-37 сомдон алабыз. Картон менен иштеп баштаганыбызга 2-3 эле ай болду. Мурда  пресстеген  техникабыз жок болчу. «WasteNet.KGнин» жардамы менен баклажка, картон пресстей турган техника алдык. Мурда 1 жүк ташуучу унаага 12 тонна пресс жүктөп жүрсөк, азыр 24 тоннаны бир салабыз. Техника күнүнө 3-4 тонна пластик  пресстегенге күчү жетет».

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Руслан Кубанычбеков

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Эксперт: “Кыргызстан энергияны бай өлкөлөрдөй эле колдонот, үнөмдөбөйт”

"Жашыл подкастта" Юнисон Групп коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдрасулова менен энергоэффективдүүлүк, имараттарды жылуулоо, каражат үнөмдөө, жашыл энергия, каржылык колдоо сыяктуу темаларда сүйлөштүк. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ тилиндеги алгачкы ЖАШЫЛ подкасттардын
айлана-чөйрө

Желимден кантип баш тартабыз?

Ар бирибиздин үйүбүздө желим баштыктар бар. Пакеттерди бизге бардык жерде берет: дүкөндө, базарда, ал тургай конокто. Ушу тапта Бишкек санитардык полигонго күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды төгүлөт. Экоактивисттердин эсебинде, алардын
Ден-соолук

“Achekey” катырагы–табигый азык

Экологиялык таза, кошулмасыз мөмө-жемиштерден катырактарды (чипсы) даярдаган Азизбек Шерниязов кесиби боюнча банк кызматкери. Азизбек бир жылдан бери «Achekey» бренди менен алма, мандарин, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштерден кургатылган катырактарды жасап келет. --Азыркы
Жашыл-экономика

Эко жалаяктар

Таштанды жайларына ыргытылган полиэтилен көөктөр жана жалаяктар айлана-чөйрөгө зыян келтирген уулуу заттарды бөлүп чыгарарын билчү белеңиз? Бирок, Айсулуу Борбуева мунун экологиялык альтернативасын таба алды! Айсулуу 3 жылдын ичинде эле чирип