Жашыл-экономикаОкуялар

ВИДЕО: Кыргызстанда пластикти кайра иштетүү кандай өнүккөн?

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрлөрүн, целлофан, картон, кап жана алюминий кабыл алат. Мекеме жетекчиси Айбек Ормоновдун айтымында желим бөтөлкөлөрдү экспортко чыгарышат, ал эми калган катуу тиричилик калдыктары жергиликтүү кайра иштетүүчүлөргө сатылат.

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Оператор, монтаж: Руслан Кубанычбеков

Shares:

Related Posts

Жашыл-экономика

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана
Жаңылык

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен. Бишкекте
Жашыл-экономика

Кыргызстанда алгачкы Күнэлектр станциясы курулат

«Бишкек Солар» компаниясынын «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» долбоорунун алкагында күн электр станцияларынын үлгүлөрүн көрсөттү. Компания директору Азамат Искембаев «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» Кыргызстандагы ири долбоордун баштапкы кубаттуулугу 300
Жашыл-экономика

Кундус Кырбашева: «Жашыл энергия дүйнөлүк тренд»

Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн таасири Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча быйыл кескин түрдө сезилди. Кургакчылык жана суунун жетишсиздиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыскарышына алып келди. Кыргызстанда  дагы суу  тартыштыгы жылдан жылга күчөп, быйыл