Гендер жана климатОкуялар

“Жердин чемпиону” Мария Колесникова: «Экология дегенде таштандыны гана түшүнчүмүн»

Өткөн жылдын аягында кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун «Жердин чемпиону» аттуу эң жогорку экологиялык наамына ээ болду. Колесникова мындай сыйлыкка татыган Кыргызстандагы алгачкы адам.

Мария экоактивист, Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн MoveGreen уюмунун жетекчиси. Ага мындай жогорку сыйлык Бишкек менен Оштогу абаны булгоочу заттар, анын ичинде PM2.5, PM10 жана азоттун диоксиди боюнча ар бир жыйырма мүнөт сайын маалыматтарды чогултуучу AQ.kg тиркемеси үчүн ыйгарылды.

Мария Колесникова ким?

– Мен Бишкекке жакын жерде туулуп -өскөм. Бирок каникулда Чолпон-Атадагы чоң энебиздикине барып, жай бою көлгө түшүп, тоого чыгып, гүл терип өткөрчүбүз. Ошондуктан Кыргызстанды изилдегенди, экскурсияга чыкканды жакшы көрөм, өлкөнүн бардык булуң-бурчун кыдырсам деп  кыялданам. Ата- энемдин талабы күчтүү болгондуктан жакшы окуганга тырышып, мектепте дайыма активдүү элем. Ар кандай сынактарды уюштуруп, коомго пайдалуу иш жасагым келчү, бирок экоактивдүүлүк мага эч качан жакын болгон эмес.

Кесибим боюнча журналистмин, ошондуктан экология боюнча маалыматтарды коомчулукка жеткирүү менин миссиям. Бул жөндөмдүүлүк MoveGreenде коммуникация боюнча иш алып барууга, ийгиликке жетишүүгө жардам берди. Жасап жаткан ишимди жакшы көрөм жана эмгегимдин үзүрүн көрүп жатам.

MoveGreenге ыктыярчы болуп келгенден кийин гана айлана-чөйрө, климаттын өзгөрүүсү деген эмне экенин түшүнө баштагам. Ага чейин экология дегенде бир гана таштандыны түшүнчүмүн. Бирок бардыгы дал ушундан  башталды. Биз кандай гана жоопкерчиликсиз керектөөчү экенибизди аңдап, адамдар күнүмдүк иш-аракети, жашоо образы  менен экосистеманы талкалап жатканы, мени айлана-чөйрөнү коргоо үчүн күрөшүүгө түрттү. Таштандыны азайтууну алгач өзүмдөн баштадым, тактап айтканда аң-сезимдүү керектөөгө өттүм.

Азыр Бишкектин булганган абасы тууралуу бардыгы билип калышты, жада калса чечим кабыл алуучу адамдар дагы мындан кабардар. Бул тема өлкөдө эң көп талкууланган, приоритеттүү маселелердин бирине айланды.

Активдүүлүк жөнүндө

— MoveGreenге чейин балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн  укугун коргоо уюмунда иштедим, алардын мамлекеттен жөлөк пул алуусун камсыздачубуз. Буга келгенче журналист катары Орусиядагы мигранттар, алардын позитивдүү  окуялары тууралуу блог жазып жүрдүм. Аял катары ар дайым үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, ала качууга каршы чыгып келем. 

Уран казууга каршы, аялдардын укугун коргоо, бизнес үчүн берилип кеткен тротуарларды кайтаруу боюнча тынчтык жүрүштөрдөн калбай катышам. Кезектеги ушундай митингге жөнөгөнүмдө апам «Кызым сага ушул керекпи?”-деп сурайт. Мен албетте, «Керек апа, керек!» -деп жооп берем. Эмнеге биздин укугубуз тебелениши керек? Шаардык бийликте, Жогорку Кеңеште аялдардын саны өтө аз. Шаар биринчиден аялдарга ыңгайлуу болуусу зарыл. Ошондо гана ал кары-картаңдарга, жаштарга, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жаш баласы бар энелерге коопсуз жана ыңгайлуу шаарга айланат. 

#бишкексмог жана ага болгон мамиле

–2017-жылы сенсорлорду орнотуп баштаганыбызда Бишкектин абасынын сапаты боюнча бир гана басылмадан маалымат көргөнбүз. Смог боюнча алгачкы ирет айтып чыкканыбызда, маалыматты 100дөн ашык басылма жазды. Ал учурда массалык маалымат каражаттары экология темасына көңүл бурушчу эмес,  эсимде, мен прогрессивдүү редакциялардын бирине “Бизде абанын сапаты боюнча маалыматтар бар, бөлүшүүгө даярбыз”,- деп жазганымда, алар «Рахмат, экология жөнүндө бир ай мурун жазганбыз”,- деп жооп беришкен.

Бүгүнкү күндө көптөгөн ММКры процесске катышып, маалыматтарды издеп, окуяларды тынымсыз чагылдырып келет. “Бишкексмог” деген сөз актуалдуу темага айланды. Анткен менен башында бизге эч ким ишенген эмес, жада калса айрым кесиптештерибиз дагы «ал туман же түтүн болушу ыктымал, бирок смог эмес” дешкен. Ошондой болсо дагы биз унчукпай тура албадык.

Себеби бул көйгөйгө жөн эле көзөмөл жүргүзүү аздык кылат, коомчулуктун көңүл буруусу, активдүү талкууга алышы, талап кылуусу маанилүү болчу. Ошондо гана өкмөт, муниципалитет маселени чечүүгө көңүл бурмак. Жөнөкөй экоактивисттерди эч ким тоготпойт болчу. Бир жылдын ичиндеги беш ай бою ушундай булганган аба менен дем алуу нормалдуу көрүнүш эмес.

Эмнеге менин активдүүлүгүмө көңүл бурушту?

– Биз “Кыргызстандын Жашыл альянсына” мүчөбүз, ага 60тан ашык уюм кирет, ал жактан маалыматтардын базасын түзүп, ММК менен иштешип, көптөгөн маанилүү функцияларды аткарабыз. Деген менен абанын сапатын жакшыртууда биз эч качан мамлекеттин ролун ала албайбыз.

Бирок өзгөрүүгө чоң салым кошуудабыз, буга чейин өзүбүз дем алып жаткан абанын сапаты эч кимди кызыктырбаса, азыр бардыгы буга кабатыр болуп, көңүл бурушат, ал тургай мурунку президент (Сооронбай Жээнбеков) экология Бишкек эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн приоритет болушу керектигин айткан.

Активисттердин аракетинин натыйжасында азыркы президент Садыр Жапаров Глазгодогу климат боюнча саммитке барды. CO2 эмиссиясын азайтуу боюнча белгилүү бир убадаларды берди, бул эко-коомчулук үчүн чоң жеңиш деп ойлойм. MoveGreen адамдар жаратылыш менен гармонияда жашашы керек деп эсептейт  жана ал үчүн бардык күч аракетин жумшайт.

Былтыр Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги түзүлдү. Азыр биздин бардык үмүтүбүз ушул министрликке артылууда, анын эбегейсиз ыйгарым укуктары бар. 2023-жылга чейин Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу боюнча өкмөттүн  планынын аткарылышын көзөмөлдөйт. “Кыргызстандын Жашыл альянсы” менен биргеликте ушул багытта 43 иш чара иштеп чыкканбыз, анын 10у жарым-жартылай аткарылып, болгону төртөө толук ишке ашты.

Жарым-жартылай аткарылган чаралар жылытуу мезгилиндеги абанын сапатын жакшырта алган жок. Конституцияга ылайык, мамлекет бизди ден соолугубузга зыян келбегендей айлана чөйрө менен жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы шарт. Бизден эч нерсени жашырбашы керек. Бул жарандардын негизги укугу.

Абаны булгоолордун негизги үлүшү сапатсыз көмүр жаккан жеке сектор менен жаңы конуштарга туура келет деп айтып жатабыз. Мэрия бул көйгөйдү газдаштыруу аркылуу чечсе болоорун билдирип келет. Биринчиден, газ биздин ресурс эмес, андыктан толугу менен башка мамлекеттерге көз карандылык пайда болот. Экинчиден, бул узак убакытта ишке аша турган процесс. Үчүнчүдөн, анын баасы эл үчүн өтө кымбатка турат.

Адистер маселени чечүү жолу үйдү, терезелерди, чатырларды, дубалдарды, полдорду жылуулоодо деп эсептейт. Анткени жылуулуктун 60%дан ашыгы сыртка кетет. Эгерде бир үй-бүлө жылытуу мезгилине 10 тонна көмүр алып жүргөн болсо, үйлөрүн жылуулагандан кийин 2,5 тонна гана колдонуп калышкан.

Дагы бир чечим – бул брикеттелген көмүр жана абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарды азайтуучу пиролиздик мештер. Энергияны үнөмдөөчү технологиялар күн сайын өнүгүп жатат, алар анчалык деле кымбат эмес, мисалы, пиролиздик мештин баасы болжол менен 60 миң сомду түзөт. Ал эми газды, газ казанын орнотуу 100 миң сомдон 120 миң сомго чейин жетет. Башкача айтканда муну чечсе болот, мамлекет заманбап технологияларды колдоно билиши керек.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөттөр Мария Колесникованын жеке архивинен алынды

БУУнун Туруктуу өнүгүүгө жетүүнүн 17 максаты.

№13 максат: Климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери боюнча күрөшүүнүн шашылыш чараларын кабыл алуу.




Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

Климаттын өзгөрүшү менен күрөшкөн багбан аялдар

Багбанчылык климаттын өзгөрүү коркунучунун алдын алат. Мындан улам "Фонд Илбирс" коомдук фонду Чоң-Кеминдеги 20 аялдан турган топко чычырканак тиккенге көмөктөштү. Долбоор Чоң-Кеминдин тоолорун байырлаган ак илбирсти анын азыгын сактоо, тоо
Окуялар

Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы

Алмаз Бараталиев менен Евгения Постанова Бишкекке жакын жердеги Лебединовка айылында жашашат. Алардын үйү башкалардан айырмаланып, “Быстротоктогу эко-үй” деп аталат. Бул үйдөн дээрлик эч кандай таштанды чыкпайт, себеби бардыгы ошол жерде
Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500
Окуялар

Саман микроэлементтери боюнча ден соолукка пайдалуу

Нурлан Кальчинов чоподон жана самандан экологиялык үйлөрдү курат. Ал бизге экологиялык жактан таза үйлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. – Эмне үчүн чопо менен саман? – Чопо камыр сыяктуу,  жылуу, ийкемдүү