ЖаңылыкОкуялар

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен.

Бишкекте жайгашкан «Бивтор» заводунун ичинен ар кандай түстөгү чоң-чоң челектерди, түтүктөрдү, шлангтарды жана көптөгөн целлофан  баштыктарды көрдүк. Ишкананын коммерциялык директору Медер Аширалиев желим баштыктар кандай иштетилип, андан суу куя турган  түтүк же челектер кантип  жасалаарын  көрсөтүп, айтып берди.

«Биз кайра иштетилген жана органикалык чийки заттан продукциянын эки түрүн чыгарабыз. Басым кайра иштетүүгө жасалат. Пакеттерди ар кандай суусундуктарды чыгарган  компаниялардан, курулуш компанияларынын кампаларынан ошондой эле целлофанды кабыл алган бир нече пункттардан алабыз»,-деди.

Андан кийин бизге процессти көрсөтүштү

Бардык полиэтилендер, б.а. ишканага кирген биздин пакеттер термикалык жактан иштетилип, жуулуп, анан кургатылат экен.

Полиэтилендин үлпүлдөгү

Кийинки этапта алар  атайын техника менен майдаланып, үлпүлдөгөн абалга келтирилгенден кийин, тоголок гранулага айланат. Мына ушул гранулалар кайра иштетилген материал болуп саналат, анткени алардан ар кандай тиричилик буюмдары жасалат. 

Чийки зат үчүн колдонулуучу гранулдар

«Мисалы, суу жана  химиялык заттарды куя турган ар кандай өлчөмдөгү контейнерлер жана идиштер, жер сугарууга же дренаждоо үчүн пайдаланылган түтүктөр, шлангдар, таңгактоочу материалдар. Алардын ар биринде продукция кайра иштетилген чийки заттан жасалганы, техникалык муктаждыктарга гана жарактуу экени, тамак-аш өнөр жайына колдонууга мүмкүн эместигин көрсөткөн атайын белгилери бар», – дейт Аширалиев.

Ишкана тамак-аш жана ичүүчү суу үчүн сырьёну Россиядан алып келет.

Дренаждык түтүктөр

Жалпысынан«Бивтор» кайра иштетилген материалдардан продукциянын 5 түрүн чыгарат:

– Тамчылатып сугаруу үчүн суу түтүктөрү;

–Сууну  сактоочу  чоң бачоктор, ар кандай түрдөгү резервуарлар;

–Балык өстүрүүчү идиштер

–Музоонун үйлөрү

–Тиричилик таштандылары үчүн контейнерлер

Музоонун үйлөрү

«Музоонун үйлөрү биздин мамлекет үчүн жаңы нерсе, себеби муну биз гана жасайбыз. Алар алыскы жайыттарда, салкын жерде жүргөн дыйкандардын арасында чоң суроо-талапка ээ. Эрте жазда, жада калса жай мезгилинде жаңы төрөлгөн музоо үшүп калбашы үчүн ушундай  үйлөр жардамга келет. Бул үйлөрдө кармалган музоолор дайыма жылуу жерде тургандыктан тез торолот. Анын атайын жем салгычы, суу куйган жери бар болгондуктан  дыйкандарга ыңгайлуу».

Пакеттен даяр продукция чыгарууга бир жарым күн талап кылынат. Завод жылына 300 тонна пакетти кайра иштетет. Бирок Бишкекте мындай ишканадан болгону  үчөө гана бар.

Продукт кайра иштетилген материалдардан жасалганын жана техникалык муктаждыктарга гана колдонулушу керектигин көрсөткөн атайын белги

«Ишкана таштанды челекке түшкөн полиэтилендин баарын кайра иштетүүгө үлгүрбөйт. Эгерде ушундай заводдор көп болсо, анда экологияга сезилерлик салым кошо алмакпыз, биздин Бишкекте жылына 300 тонна—бул океандагы тамчыдай эле көлөм», – деди ал.

Балык өстүрүүчү резервуарлар

«Мен кесибим боюнча юристмин, бул чөйрөгө кокусунан аралашып калгам. Ишкананы башкарып жатканыма үчүнчү жыл болду. Жумушубуз  таштанды терүү деп тамашалап калабыз, бирок эмгегибиздин үзүрүн көргөндө кубанабыз. Таштандыны кирешеге айландыруу биринчиден, пайдалуу, экинчиден, жумуш орундары түзүлөт, үчүнчүдөн, айлана-чөйрөнү  тазалап, мамлекетке  салык түшөт».

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Жашыл демилгелерди илгерилетүүдө жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын ролу чоң”

"Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге алсыз бойдон калууда мындан улам жарандык коомдун, экологиялык уюмдардын өлкөдөгү жашыл демилгелерди алдыга жылдыруудагы ролу маанилүү болуп саналат", - деди "Кыргызстандын жашыл альянсы" бирикмесинин
Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык
Окуялар

Саман микроэлементтери боюнча ден соолукка пайдалуу

Нурлан Кальчинов чоподон жана самандан экологиялык үйлөрдү курат. Ал бизге экологиялык жактан таза үйлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. – Эмне үчүн чопо менен саман? – Чопо камыр сыяктуу,  жылуу, ийкемдүү
Без рубрики

Ашимова: “Климаттын өзгөрүшү боюнча мыйзам 2006-жылдан бери өзгөргөн эмес”

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн катаал таасирине дуушар болуп жатат, мында орточо температура жогорулап, жаан-чачын азайып, катуу кургакчылык каптап, табигый кырсыктардын коркунучу күчөдү. Бул чакырыктар биргелешкен аракеттерди жана чечимдерди талап кылат. Учурда