айлана-чөйрө

БУУнун беш атайын баяндамачысы Кыргыз  Өкмөтүн троллейбустарды токтотуу чечимин кайра карап чыгууга чакырды

БУУнун беш атайын баяндамачысы Кыргыз  Өкмөтүн троллейбустарды токтотуу чечимин кайра карап чыгууга чакырды. Аталган резолюцияны төмөнкү атайы баяндамачылар кайрылуу жасашкан:

  • адам укуктары жана экологиялык маселелер боюнча;
  • уулуу калдык маселелери боюнча;
  • саламаттыкты сактоо укугу боюнча;
  • жер шарындагы климаттын өзгөрүшү боюнча;
  • мамлекеттик иштерге катышуу маселелери боюнча.

Эске салсак, бир жыл мурун 19-июнда Бишкектеги троллейбус зымдарын бузууга келген авариялык унаа шаар тургундар тарабынан токтотулган. Бирок, тилекке каршы, демонтаж токтотулган жок. Бүгүнкү күндө мэриянын бул демилгеси шаардын транспорттук системасына тийгизген терс таасири боюнча эң кыйратуучу кадамдардын бири болуп калды десек болот.

БУУнун атайын баяндамачылары Кыргызстан климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж келишимнин мүчөсү экендигин эскертет  жана зыяндуу заттардын бөлүнп чыгышын азайтуу, адамдардын таза айлана-чөйрөдө жашоо укугун жана татыктуу турмуш шартын камсыз кылуу милдеттенмеси бар экенин белгилешет.

Резолюцияда троллейбустарды газ жана электробустар менен алмаштыруу экологияны жакшыртпастан, тескерисинче, абанын булганышын күчөтөөрү баса белгиленет. БУУнун атайын баяндамачылары Бишкектеги демонтаж иштерин токтотууга жана экологиялык жактан таза транспорт өнүгүүсүнүн стратегиясын кайра карап чыгууга чакырышат. Бул тургундардын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн зарыл.

Жарандардын, адистердин, Эл аралык коомдук транспорт биримдигинин жана Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынан келген кайрылууларга карабастан, Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылдын 29-августунда троллейбустарды Ош шаарына өткөрүп берүү чечимин кабыл алган.

Бул маселе боюнча мэрия менен соттук териштирүү уланууда.

Shares:

Related Posts

айлана-чөйрө

Устукандын климат менен байланышы

Достор, климаттын өзгөрүшүн ар бирибиз жон терибиз менен сезип жатабыз. Ага далил катары жайкысын ысык күндөрдүн көбөйүшү, сел каптоолор, суу тартыштыгы, жана кургакчылык. Окумуштуулардын айтымында, адамдын ишмердүүлгү климаттын өтө тездик
айлана-чөйрө

“Салттуу билим жана климаттын өзгөрүүсү: көчмөн экологиялык философиянын бүгүнкү актуалдуулугу”

Кезектеги “Жашыл подкасттын коногу Кыргыз салттуу билимин алып жүрүүчү журналист Мирхамид Токтогул болду. Материал «MoveGreen» коомдук бирикмеси жана «Дүйнө үчүн нан» эл аралык агенттигинин колдоосу менен даярдалды. Бул материалдын мазмунуна
айлана-чөйрө

Желимден кантип баш тартабыз?

Ар бирибиздин үйүбүздө желим баштыктар бар. Пакеттерди бизге бардык жерде берет: дүкөндө, базарда, ал тургай конокто. Ушу тапта Бишкек санитардык полигонго күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды төгүлөт. Экоактивисттердин эсебинде, алардын

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген