Гендер жана климатЖаңылык

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму, “Tazar” коомдук фонду жана #Бишкексмог демилгеситарабынан уюштурулган Бишкектеги «Шааркана» бейформал иш-чарага чогулган мэриянын өкүлдөрү, эксперттер, экологдор жана жарандар ушул теманы талкуулашты.

“Tazar” мобилдик тиркемесинин  негиздөөчүсү  Аймээрим Турсалиева полигондо  үйүлгөн таштандылардын морфологиялык курамы боюнча презентация жасады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын  2019-жылдагы иликтөөсүнө ылайык, Бишкектеги полигондо топтолгон таштандылардын дээрлик 70% кайра иштетсе болоору айтылат. Мисалы, анын  50% тамак-аш калдыктары түзгөндүктөн аны таштанды полигонуна жеткирбей иштетүүгө мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда иштетилбей турган калдыктарды мамлекет коопсуз жайда жок кылуу шартын түзүшү керек. Тилекке каршы  Бишкекте тигүү цехтеринен чыккан, жарактан чыккан  электрондук буюмдарды, чоң көлөмдөгү эмеректерди,  курулуш таштандыларын эч ким албайт. Медициналык каражаттарды, тамак-аш калдыктарын, мотор майларын жана дөңгөлөктөрдү кабыл алган бирден  пункттар бар. Ошол себептен шаар тургундары муну көп биле бербейт”.

Таштанды жайынан чыккан  сасык  жыт менен түтүн шамал аркылуу бүт шаарга тарайт.

Tazarдын  эксперти  Мунара Молдобаеванын айтымында полигондо мыйзамсыз иштегендер таштанды челектердеги кагаз, желим, айнек, темир сыяктуу сатууга  жарактуу  буюмдарды гана терип, акча жасашат.

Санитардык нормалар сакталбайт. Ошондуктан таштандылар полигонго барганга чеийин эле аралашып, кайра иштетүүчүлөргө жеткенче, булганып  сапатын  жоготот.  Негизи Бишкектен өтө алыс эмес жерде орун алган  санитардык  полигон 1990-жылы жабылышы керек болчу. Бирок ушу күнгө чейин пайдаланылып отуруп,  таштандынын бийиктиги 26 метрге чейин жетип калды. Ал жака төгүлгөн  тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралашканда бөлүнүп чыккан метан өрттөнүп, жыл боюу түтөп, шамал аркылуу кайра калааны көздөй каптап, сууну, топуракты  булгайт. Ошондой эле полигондон  агып  чыккан  суюктуктар чогулуп, фильтратты – уулуу көлдү пайда кылууда”.

Ошол эле учурда Бишкектеги биогаз өндүрүүчү Флюид ишканасына тамак-аш калдыктары жетишпей жатканы белгилүү болду.

Биз тамак-аш калдыктарын кайра иштетип  биогаз жана органикалык жер семирткичтерди өндүрөбүз. Техниканын чыныгы кубаттуулугу күнүнө 3,5 тоннага чейинки тамак-аш калдыктарын иштетүүгө жетет. Анткен менен ушу тапта болгону  жарым тоннаны биогазга айлантып жатабыз. Себеби сырье жетишсиз, бизге болгону өзүбүз макулдашкан тамактануу жайлары  гана  желбей калган азыктарын алып келип турушат”,- деди “Флюид” коомдук фондунун жеткечиси Андрей Ткачев.

Аналитик, Бишкек заманбап искусство мектебинин мүчөсү (БиШСИ) Бермет Бөрүбаева өзүнүн презентациясында полигондогу таштандыларды сорттоонун канчалык маанилүү экенин айтып берди.

Мен акыркы бир нече жылдан бери ушул полигонго жакын жайгашкан жаңы конуштардын тургундары менен тыгыз иштешип келатам. Мени өкүндүргөнү алардын үйлөрү таштанды жайга жакын салынганы аз келгенсип көпчүлүгү ошол антисанитардык абалда полигондо иштешкенинде. Албетте, алардын көбү өпкө оорууларына, рак жана инфекциялык илдеттерге чалдыгышат. Себеби таштандыдан чыккан түтүн алар жашаган конуштарды каптайт. Мындан айрыкча кичинекей  балдар, аялдар жапа чегет. Түрдүү оорууларга чалдыгышып,  өмүрлөрү кыскарат”, – дейт Бөрүбаева.

“Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кеңешчиси Адиль Назаров  таштанды тармагын эбек эле криминал басып алганын айтып, аны жоюуш үчүн саясый күч талап кылынат деди. 

Биздеги таштанды иштетилип, негизинен сырье катары Казакстан, Өзбекстан жана Россияга сатылат. Мына ошол таштандыдан түшкөн кирешени  уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт. Ал эми таштанды мафиясын жоюуш үчүн өлкөдөгү жогорку кызматтагылардын саясый чечими талап кылынат”.

Азыркы полигонго атайын газ чыгарып туруучу түтүкчөлөр коюлган эмес. Ошондуктан  андан чыккан уулу заттар атмосферага тарап, климаттын өзгөрүшүнө салымын кошууда.

Санитрадык полигондун жетекчиси Чынгыз Асылбаев шаар ичине таштандыны кабыл алуу жайлары ачылаарын билдирди.

“Мэрдин тапшырмасы менен шаардагы төрт районго 5тен таштанды кабыл алуу жайлары курулууда. Жалпы 20га чукул кабыл алуу пункттарына түшкөн таштанды ошол жактан бөлүнүп, сорттолуп, сатылат. Ал эми киреше Европа Өнүктүрүү Банкына болгон карызды төлөөгө жумшалат”.

Мэриянын проекттерди ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Кубатбекованын айтканына караганда  жаңы полигон 2023-жылы ишке берилет.

Учурда баасы 7 млн евро турган жаңы санитардык полигонду куруу иштери жүрүп жатат. Анын аянты 30 гектрады ээлейт. Ал эми 75 гектар жерди  чапчыган эски полигонду рекультивациялоо иштери 2023-жылдын октябрь айына белгиленген. Биздин план  боюнча ошол убакытка чейин таштанды сорттой турган заводду ишке киргизебиз. Кийинки жылдын октябрында азыркы полигонду жаап, июнь айында жаңы таштанды таштоо жайын иштетип баштайбыз. Бирок, полигонго төгүлгөн ташандынын көлөмү азайбаса  жаңы таштанды полигону деле бат эле толуп калат”.

Автор: Анархан Алтымышова, Мунара Боромбаева

Сүрөт: МувГрин

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Климаттын өзгөрүшү эң чоң жаратылыш кырсыгына алып келди

Батыш Европа өлкөлөрү, биринчи кезекте Германия, ошондой эле Бельгия, Нидерландия, Швейцария жана Австрия суу ташкынынын кесепеттери менен күрөшүүнү  улантып жатышат. Илимпоздор муну акыркы 1000 жылдыктагы  эң күчтүү кырсык деп аташты.
Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Климаттын өзгөрүшү боюнча 5-конференция” Дүйшөмбүдө өттү

Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) май айында Дүйшөмбү шаарында кезектеги 5-конференциясын өткөрдү. Ал «Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын кесепеттерин жумшартуу программасы» ошондой эле бул программаны каржылоону улантуу
Жаңылык

Швейцария дүйнөдөгү экологиялык эң таза өлкө

Абанын ашыкча булганышы, жагымсыз экологиялык кырдаал азыркы глобалдык дүйнөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелет. Өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо узактыгы, төрөлүү деңгээли, ден-соолугунун бекемдиги жана жалпы жыргалчылыгы ушул проблеманын чечилишинен көз каранды.