Жаңылык

Таштандынын кайсы түрүн кайда, канча сомго сатса болот?

Катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) утилизациялоонун негизги көйгөйү жарандардын таштандыларды өз өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү боюнча маалыматтардын жоктугу болуп саналат. Көптөгөн мамлекеттер КТК кайра иштетүүчүлөргө өткөрүүнү таштандыдан арылуунун  натыйжалуу жолу катары колдонушат. Кыргызстанда буга жаңыдан гана көңүл бурулууда.

Маселен, бир жыл мурун Tazar – мобилдик тиркемеси ишке кирген. Ал таштандыларды башкаруу системасын жакшыртууга багытталган ыңгайлуу платформа жана жарандар менен таштандыларды кайра иштетүүчүлөр ортосунда байланыш түзүп берет. Тиркемеде таштандылардын түрлөрүн кабыл алуучу 200 пункттун даректери картада көрсөтүлгөн. Айнура Сагын менен Аймээрим Турусбекова  негиздеген инновациялык тиркеме өзүнө бир нече элементтерди камтыйт. Алар: Tazar – бул мобилдик тиркеме, таштандыларды сорттоо, кайра иштетүү боюнча билим берүү жана жарандардын таштандыларын үйлөрүнө барып чогултуп кетүү кызматы. Таштанды өткөргөн ар бир адам тазар бонустарга ээ болушат.

Мындан тышкары Аламүдүн, Ош, Дордой жана Орто-Сай базарларында катуу тиричилик калдыктарын кабыл алган чакан пункттар  бар.

-Бишкекте кабыл алуу пункттарына тапшырылган макулатурадан даарат кагазы жана төмөнкү сапаттагы картон, кагаздар чыгарылат.  

-Эски дөңгөлөктөрдөн спорт жана балдар аянтчалары үчүн атайын төшөмөлөр даярдалат.

-Эски майдан кир самын, текстиль калдыктарынан жылуулоочу материалдар жасалат.

-Айнекти 100% кайра иштетсе болот.

-Уулуу (кооптуу) калдыктар башка таштандылар менен чогуу ыргытылбаш керек. Кооптуу таштандылардын катарына батарейка, аккумулятор, медициналык калдыктар, кубаттоочу түзүлүштөр, энергияны үнөмдөөчү шамдар кирет.

-Тамак-аш калдыктары коопсуз, алар чиригенде жер семирткичке айланат.  Бирок желим баштыкка салынып ыргытылса, көп убакыт бою чирибей, касиетинен ажырайт.

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Анархан Алтымышова

Графика: Расим Ниязалиев

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Сүрөтчү Влад Сохин Тынч океандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу китеп чыгарды

Сүрөтчү Влад Сохин Warm Water аттуу китебин чыгарды. Анда климаттын өзгөрүшү Тынч океандын табиятына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу сүрөттөр чогултулган. "Көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн климаттын өзгөрүшү акыркы жылдары көп
Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык
Жаңылык

Эколог: «Смог — угардык газ, формальдегид, бензол сыяктуу уулуу заттардын топтому»

Сууктун түшүшү менен кошо келген смог көйгөйү, абанын булганышы  боюнча эколог Калия Молдогазиеванын пикирин  уктук.   --Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу ЖЭБде көмүр эки эсе көп жагылаары айтылып жатат, Бишкектеги абанын
Жаңылык

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат.