Жаңылык

ВИДЕО: Стамбул аэропортундагы таштанды көргөзмөсү

Стамбул аэропортунун жүргүнчүлөр терминалы сүрөтчү Дениз Сагдычтын адаттан тыш экспозициялары менен кооздолгон. Бул тууралуу Түркиянын “Anadolu” басылмасы жазды.

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – эмгектер эски формалардын калдыктарынан,  топчулардан, желим кутучалардан, баштыктардан жана башка таштандылардан жасалган.

Түркиянын эң чоң аба портунун оператору “IGART” тарабынан уюштурулган “0” көргөзмөсү эл аралык каттамдар уча турган аймакта ачылган.

Сүрөтчүнүн айтымында, көргөзмөгө коюлган бардык экспонаттар жүргүнчүлөрдөн калган майда таштандылардан турат.

«Көргөзмөгө динине, тилине, өңүнө карабай таштандыдан чогултулган адамдардын портреттери коюлган. Эми дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктор таштанды калтырууга кылдат жана аң-сезимдүү мамиле жасайт деп ишенем», – деди Д.Сагдыч.

Көргөзмөгө жалпысынан 20 эмгек коюлган. Аларды жаратууга төрт айга жакын убакыт кеткен. Сүрөттөр бул жерде үч ай бою турат. Көргөзмөнүн негизги максаты – таштандыларды кайра иштетүүнүн маанисин, мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтуу.

Видео интернеттен алынды.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Климаттын өзгөрүшү эң чоң жаратылыш кырсыгына алып келди

Батыш Европа өлкөлөрү, биринчи кезекте Германия, ошондой эле Бельгия, Нидерландия, Швейцария жана Австрия суу ташкынынын кесепеттери менен күрөшүүнү  улантып жатышат. Илимпоздор муну акыркы 1000 жылдыктагы  эң күчтүү кырсык деп аташты.
Жаңылык

Эколог: «Смог — угардык газ, формальдегид, бензол сыяктуу уулуу заттардын топтому»

Сууктун түшүшү менен кошо келген смог көйгөйү, абанын булганышы  боюнча эколог Калия Молдогазиеванын пикирин  уктук.   --Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу ЖЭБде көмүр эки эсе көп жагылаары айтылып жатат, Бишкектеги абанын
Жаңылык

ЦАКИК-2023: “Климаттын өзгөрүшү боюнча 5-конференция” Дүйшөмбүдө өттү

Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) май айында Дүйшөмбү шаарында кезектеги 5-конференциясын өткөрдү. Ал «Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын кесепеттерин жумшартуу программасы» ошондой эле бул программаны каржылоону улантуу