Окуялар

Исмаил Карыпов: “Эко-жашоо образын ата-энем үйрөткөн”

Исмаил Карыпов экоактивист. Ал социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу адамдарды күтүп жаткан чоң кырсыктар жана болуп жаткан көрүнүштөр жөнүндө айтып турат. Ошондой эле экологиялык адаттар тууралуу лайфхактарды бөлүшүп, аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жашоо образын жүргүзүүгө үндөйт.

– Исмаил, экоактивизмге кантип келип калдыңыз?

– Экологиялык жашоо образы мага ата-энемден өткөн деп ойлойм. Себеби кичинекей кезибизде атам  “үйдөгү жарыкты өчүргүлө, тиш жууганда сууну агызып койбой үнөмдүү колдонгула, тамакты ысырап кылып көп бышырбагыла, ыргытпагыла” деп көп айтчы.

Апам дагы дайым байкелерибиздин кичинекей болуп калган кийимдерин  кийгиле деп айтып турчу. Чоңойгондо досторумдун баары эле ушундай түшүнүктө жашабаганын түшүндүм. Алар күнүмдүк ысырапкорчулука көп маани беришпейт, албетте, кээ бир нерселерди билишет, бирок практика жүзүндө колдонгондор  жок. Бир нерсени ашыкча колдонсок, баары бир өзүбүзгө эселеп кайтып келет. Ыргыткан таштандылар полигондо жылдап жата берет, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып, абаны булгайт.  Биз таштанды полигонду балдарыбызга мурас катары  калтырабызбы? Ата-бабаларыбыз бизге дүйнөдөгү эң таза, жаратылышы кооз өлкөнү тапшырган да…

Мектепте окуп жүргөндө, кийин деле жаныма тамак салып алчумун. Бул адатым үчүн мени шылдыңдап, сараң деп басмырлап жүрүштү. Бирок алар маанилүү нерсени – анын маңызын, тактап айтканда, бул менин аң-сезимдүү тандоом экенин эске алышкан жок. Муну акчам жок болгондуктан эмес, үйдүн тамагы дайыма даамдуу, ден соолукка пайдалуу жана бир жолу колдонулуучу идиштерди ыргытып, айлананы таштандыга толтурбоо үчүн  жасайм. Жаныңа тамак салып келүүдө акча үнөмдөлөт, таштанды чыкпайт, ошондой эле туура тамактануу жагынан пайдалуу.

–Эко-адаттарыңыз тууралуу башкалар менен  бөлүшүүнү чечтиңиз…

– Ооба, экологиялык жашоо образын карманууда күн сайын жаңы нерсени үйрөнүп, адам ашыкча нерселерсиз жашай аларын түшүнөсүз. Биз таза экосистеманы ыплас эгоизмге алмаштырдык. Ушунун баарын билип туруп, унчукпай кою кыйын болду, ошондуктан алар жөнүндө айта баштадым.

Айрыкча биздин көчөдөгү желим бөтөлкөлөрдүн көптүгү абдан жагымсыз эле. Бир күнү атам экөөбүз акылдашып баклажка чогултуу үчүн эко-тор орноттук. Элестетиңиз, алты ай бою көчөдөгү желим бөтөлкөлөр жок болду, элдин баары эко-торду көрүп, аны ошол жакка ыргытып, таштандыларды кадимкидей иргей башташты.

Бирок, башка көйгөйгө туш болдук: адамдар эко-торго бөтөлкөлөрдү гана эмес, башка иргеп чыгууга мүмкүн болбогон тиричилик таштандыларын да ыргыта башташты. Албетте, баарын дароо эле үйрөтүү мүмкүн эмес экен, убакыттын өтүшү менен баары нормага айланды. Баары ушундай кичинекей кадамдардан башталган. Менимче, биз – азыркы учурдун адамдары тарыхыбыз жана байыркы маңыздуу, маанилүү жашообуз менен болгон байланышты үзүп алгандайбыз.

Элибиз эзелтеден көчмөн болгон, көчмөн турмуш көп нерсе менен көчүп-конууга жол берген эмес. Демек, ысырапкорчулук жана керексиз нерселер минимумга түшүрүлгөн. Алар ашыкча буюм, азык-түлүк айлана-чөйрөгө жана өзүбүзгө зыян экенин түшүнүп, көчүп конуп келишкен. Бир жерден экинчи жерге көчүүдө артын тазалап, отунун да калтырбай, керек болсо күлүн жерге көмүп, бардык нерсени сарамжалдуу колдонуп келишкен. Кийимдерди эскиргенче кийип, таптакыр колдонулбай калганда аны курак  куроого колдонушчу. Мында эски кийимдин кесиндилери кайрадан жаңы нерсеге айланат. Мисалы, ошол эле төшөктөр, курак туш кийиздери ж.б. Климаттын өзгөрүүсү биздин күнүмдүк жашообуз менен тыгыз байланышкан жана муну тез арада чечишибиз керек.

Жөнөкөй эле мисал, биз чоң үйлөрдү куруп, бирок өзүбүз кичинекей времянкаларда жашайбыз. Мунун баардыгынын биздин жашообузга, аң-сезимибизге, шайлоого кантип барарыбызга, кимди тандаганыбызга, иш-аракетибизге, жашообузга түз таасири бар. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Бизге эч кандай жаңы нерсени ойлоп табуунун кереги жок, жөн гана унутулуп калган бардык жакшы эски нерселерди калыптандырышыбыз зарыл – жоопкерчиликтүү тандоо, аң-сезимдүү керектөө жана эко-жашоо образы.

Социалдык тармактардагы постторуңуздун натыйжалуулугу сезилеби?

–Мен болжол менен эсептеп көрсөм, социалдык тармактар ​​аркылуу экоактивдүүлүгүм учурунда 200гө жакын адам эко жашоо образына өткөн. Маселен, алар таштандыны сорттогонду үйрөнүшкөнүн,  бирөө бак тиккенин, экинчиси эко баштыкка өткөнүн билдирди. Ошол эле 200 адам дагы 200 кишини бул адамттарга үйрөтө алса, бул эң сонун жылыш болмок!

Сиздин аудитория, катталуучулар кимдер?

– Менин аудиториям негизинен баары, анткен менен көбүнчө жаштарга кайрылам. Постторумду кызыктуу жана эсте кала тургандай кылып чыгарам. Кыргыз тилин үйрөнүп жатам, максатым  кыргыз тилдүү аудитория үчүн өзүнчө контент түзүү.

Экоактивисттер кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

– Менимче, күнүмдүк турмушта көптөгөн экоактивисттер өздөрүнө өздөрү айткан сындан жабыркашат. Мисалы, сиздин экологиялык жактан таза эмес экениңиз, эмне болуп жатканын ойлонгонуңуз, же сиз дагы деле бүт дүйнөнү өзгөртө албай жатканыңыз, пакеттеги бир нерсени сатып алганыңыз ж.б. Бул күнөөлүү сезимди жеңип  жашаганды үйрөнүш керек.

– Постторуңузда бак отургузуу боюнча билдирүү бар. Бул тууралуу кенен айтып берсеңиз?

– Былтыр кышында сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн дос болуп жүргөнүбүзгө бир жыл толду. Бул күндү пайдалуу жана ашыкчы чыгымды талап кылбагандай кылып белгилөөнү туура көрүп, алдыбызга жазга чейин акча үнөмдөп, көчөт отургузабыз деген максат койгонбуз. Бак-дарактарды отургузуу, пайдалуу экологиялык иш-чаралар биздин жашоочулардын адатына айланышын каалайбыз. Көчөттөрдү «Сүйүү» сейил багына отургузуу сунушталып, бардык кайрымдуу жарандар менен бирге 90го жакын көчөт отургуздук, Калган 51 көчөттү Кой-Таш айылындагы  медресеге жөнөткөнбүз. Окуучулар көчөттөрдү өстүрүү жана сугаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алышкан.

Жалпысынан 141 көчөт отургуздук, анын ичинен 90 бак тамыр жайып өстү. Башында буга капа болдук, бирок ал жактын кызматкерлери бул абдан жакшы көрсөткүч экенин, чынында 100 дарактын 40ы гана тамыр жайып кетээрин айтышты. Кийинки максатыбыз Кыргызстан боюнча 1 миллион бак отургузуу.

Экоадам катары  эмне кыласыз?

–Биринчиден, аң-сезимдүү керектөө. Зарыл болгон, практикалык  нерселерди гана сатып алганга  аракет кылам. Нервди, убакытты коротуп, бир эле жолу колдонула турган, бирок 1000 жылга из калтырган нерсеге акча сарптабайм.   Экинчиден, үйдөгү таштандыларды иреттейм. Бактыга жараша, биз жеке үйдө жашагандыктан таштандыларды сорттоо алда канча ыңгайлуу. Ошол эле учурда көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына TazarApp тиркемесин сунуштайт элем, андан  кайда жана кандай таштандыларды өткөрө алаарыңызды биле аласыз.

 Үчүнчүдөн, мен өзүм билген нерселердин баарын баракчамда жөнөкөй тил менен айтып берем. Жакында Париж келишимине кол койгон мамлекеттердин жетекчилерине видео кайрылуу жасадым: https://youtu.be/PRETGuAnoBo лайк, репост, комментарийлер менен колдоп коюңуздарды өтүнөм. Ошондой эле сиздер үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу бардык негизги эко-терминдерди, адаттарды, лайф-хактарды бир жерге топтодум. Окуу, көрүү үчүн пайдалуу шилтемелер дагы бар.

Чек-лист эко-темаларды түшүнүүгө жардам берип, жашоодогу экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүүгө себеп болот деп ишенем: https://school.cabar.asia/ru/books/chto-dolzhen-znat-kazhdyj-chelovek-ob-okruzhajushhej-srede/

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Исмаил Карыпов

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен. Бишкекте
Окуялар

Желим бөтөлкөнүн сугаттагы пайдасы

Алмаз Бараталиев менен Евгения Постанова Бишкекке жакын жердеги Лебединовка айылында жашашат. Алардын үйү башкалардан айырмаланып, “Быстротоктогу эко-үй” деп аталат. Бул үйдөн дээрлик эч кандай таштанды чыкпайт, себеби бардыгы ошол жерде
Жашыл-экономика

Пластикти кайра иштетүү

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын  чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тармакта жети жылдан бери иш алып барган «Эко-Технолоджи» ишканасы ушу күндө пластиктин бардык түрүн, целлофан, картон, кап жана
Окуялар

Саман микроэлементтери боюнча ден соолукка пайдалуу

Нурлан Кальчинов чоподон жана самандан экологиялык үйлөрдү курат. Ал бизге экологиялык жактан таза үйлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. – Эмне үчүн чопо менен саман? – Чопо камыр сыяктуу,  жылуу, ийкемдүү