16-октябрь Дүйнөлүк азык-түлүк күнү. Бул күн – диалог үчүн аянтча болуп азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө түшүнүктөрдү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө 7 миллиард адамды тойгузууга жетиштүү азык-түлүк өндүрүлөт, ошентсе дагы күнүгө 690 миллион адам ачка калууда. Ошол эле учурда жыл сайын өндүрүлгөн азык-түлүктүн үчтөн бири ысырап болот. БУУ ДАТП дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда, калктын аялуу катмарын азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун камсыз кылуу боюнча иш аракеттерин жүргүзүп келет.
Айыл чарба адиси, фермер Манас Саматов фермерлерди интенсив бактарды өстүрүү багыты боюнча окутуп, көчөт өстүрүүнүн пландоодон тартып, органикалык продукция алуу үчүн кандай жер семирткичти колдонуп, топуракты кантип даярдоо керектигин, сугаруунун жолдорун, сактоо жайлары жана башкалар тууралуу маалымат берет.
Адис менен азык-түлүк коопсуздугу, органикалык продукция жана дыйканчылыкты кантип өнүктүрүү боюнча сөз кылдык.
-Манас агай, пандемия айыл-чарба эң маанилүү сектор экенин көрсөттү, Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу кантип жатат?
-Акыркы жылдары азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүктү көп колдонуп калдык. Бирок биз бул жалаң эле айыл-чарба министрлигинин же президенттин милдети эмес экенин түшүнбөй жаткандайбыз. Азык-түлүк коопсуздугу жалпы улуттук жоопкерчилик. Маселен, айрымдар жылуу үйүндө отуруп алып арзан эт, май, нан жегиси келет. Тигинин баасы кымбат, мунун баасы өстү деп нааразы болушат. Жылуу жерде отуруп алып «каприз» жасоо жакшы эмес көрүнүш, бул караңгылык. Айыл-чарба продукциясын өндүргөн фермерлер менен жалпы керектөөчүлөрдүн ортосундагы кызыкчылыктын балансы болуш керек. Эгерде айыл чарба өндүрүшүндө киреше жок болсо дыйкан дыйканчылык менен алектенбей калат. Ал дагы мигрант болуп аргасыздан башка мамлекетке кетет. Продукциянын аз өндүрүлүшү дастокронго келген азыктардын баасынын кымбатташына түздөн-түз таасир этет. Фермерлердин артында кыргыздын калкынын 3/2си турат. Себеби биздин элдин басымдуусу айыл жеринде жашайт. Ошондуктан фермердин кызыкчылыгын бир кадам алдыга кое жүргөнүбүз жакшы. Фермерлер эл баккан кишилер.
-Кыргызстандын импортко көз карандылыгы кыйынчылыктарды жаратып келет эмнеге биздин дыйкандар негизги азыктарды өндүрбөйт?
-Биздин дыйкан фермерлер алда канча жөндөмдүү. Айыл чарба продукцияларынын бардык түрүн өндүрүү колдорунан келет. Бирок, ал үчүн өлкөдөгү дыйкан-фермерлердин билимин жогорулатуу, ар тараптуу колдоо көрсөтүү талап кылынат. Маселен, жакында эле USAID уюмунун атаандаштыкты, сооданы, жумуш ордун көбөйтүү долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Сары-Камыш жана Кара-Ой айылдарында жайгашкан интенсив бактар, мөмө-жемиш сактоочу жайлар менен тааныштыруу орун алды. Ал Талас жаштарынын демилгеси менен уюштурулуп, натыйжада илимий-практикалык семинар өттү. Ага Кыргызстандын ар бир аймагынан дыйкандар, айыл чарба тармагына тийешеси жок ар түрдүү кесип ээлери, жаштар катышышты. Аларда “биз деле Европанын деңгээлиндеги мөмөлүү бактарды тигип, үй-бүлөлүк агробизнес түптөсөк болот экен” деген ишеним пайда болгонун байкадым. Демек, кыргыз жерин бүтүндөй мөмөлүү бактар өлкөсүнө айландыралы деген өзөктүү максатыбыздын ишке ашуу динамикасы кескин өсүп жатат.
Айыл чарба биринчи кезекте илимди, билимдүүлүктү талап кылган өндүрүш. Ошондой эле, бул сектордун айлана-чөйрөнүн тазалыгына түздөн-түз таасири бар. Азыр бардык нерсени экологиялык тазалык деген түшүнүк менен өлчөп калдык. Ошол экологиянын эң негизги өзөгү- бул адам баласы. Айыл-чарба өндүрүшүндө айлана чөйрөнү бузбай керек болсо аны арттырып, аймактардагы айрым өздөштүрүлбөгөн жерлерге бак тигип, киреше алып келе турган нукка өзгөртүү негизги стратегиялык багыт. Биз көчмөн эл катары кышкысын кыштап, жайкысын жайлоого келип, жерге этият мамиле жасап, жайлоодо өндүрүлгөн сары май, курут, каймак сыяктуу кышка камдаган оокат менен күн көрчүбүз. Мында жаратылышка зыян келбей, азык-түлүк коопсуздугу деген көйгөй жокко эсе эле. Кандайдыр бир деңгээлде ошого канааттанып жашап келгенбиз. Бүгүнкү күндөгү адам баласынын керектөө чөйрөсү кеңейди. Ысык суу, муздак суу, электр энергиясы айтор комфортко ылайыкташтырылган бардык шарттар түзүлүш керек болууда. Албетте, заман өзгөрдү ошол эле учурда бул нерселерди ырааттуу, ысырап кылбай колдонууну сиңиргенибиз жакшы.
-Быйыл суу тартыш болгонуна байланыштуу түшүмдүүлүк азайганы айтылууда. Сугат көйгөйлөрүн чечүүнүн кандай жолдору бар?
-Өлкөнүн 95% тоолор түзөт. Айдоо жерибиз 1 миллион 250 миң гектар. Бул 5 эле пайызды түзөт жана бүгүнкү күндөгү биздин калктын санына жетишсиз. Жерге батпай калдык, жер жок. Экстенсивдүү ыкманы, аянттарды кеңейтүүнү колдонуп бүттүк. Эми интенсив жолуна өтүшүбүз керек. Бул аз аянттан көп түшүм алуу дегенди билдирет. Же болбосо малдын туягын арттырбастан асылдуулугун жакшыртып, аз туяктан көп киреше табуу. Тамчы сугат системасы менен бирге жаңы ыкмалар келди. Буга чейин тоо этектеп жайгашкан эл кайсы жерден арык өтсө ошондон ылдый жаткан жерлерди гана суугарып оокат кылып келгенбиз. Тамчы сугат системасы жана электр энергиясын пайдалануу аркылуу насос бар жерлердеги арыктын өйдө жагындагы жерлерди да иштетип, түшүм алуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Тилекке каршы биз баягы эле 1 млн 250 миң гектар жердин айланасында сөз кылып, ошону айланчыктап жүрөбүз. Айыл чарбасындагы маселени комплекстүү чечкенге аракеттенгенибиз маанилүү. Бүгүнкү күнү суунун көлөмүн өлчөй турган бүт техникалар бар. Өлчөө жок жерде башкаруу мүмкүн эмес. Ушуларды санариптештирсек-бул бир жерде отуруп пульт менен канча суу каякка кетип жатканын, ким канча сууга муктаж, канча аянтка эгин экти дегенди көзөмөлдөө. Дагы бир жаңы түшүнүк, басым сугат системасы. Буга жамгыр сугат системасы, тамчы сугат системасы кирет. Мында чоң дарыялардан, мөңгүлөрдөн агып келген суулардын көлөмүн өлчөп, талаага кетип жаткан сууну да билүүгө мүмкүн. Ошондо гана сугат системасын алаканга салгандай көрүп туруу мүмкүнчүлүгү ачылат. Басым системасында шлангдар аркылуу суу басым менен берилип, өтө кеңири шарттарды ачат. Жөн эле жайма сугат, жапайы сугатты колдоно бербей сууну өсүмдүктүн түбүнө берүү менен сууну ашыкча жерге агызуудан арылабыз. Дагы бир жакшы жери суу жетпеген жерлерге отоо чөп дагы чыкпайт.
-Айыл чарба сектору экономиканын локомотиви деп келебиз, эгер бул тармак жетиштүү деңгээлде өнүксө кандай көйгөйлөрдү чечсек болот?
– Жакында 17 күн боюу өлкөнү кыдырып чыктык, жерлер кысыр жатат. Бул пайдаланылбай жөн эле турат дегенди билдирет. Бирок арпа сепсең ага кеткен чыгым өзүн актабаса жер кысыр калгандан дагы жаман көрүнүш болот. Ошол үчүн чөп сээп келебиз. Мисалы жакшы баксаң 1 гектар бедеден 500 түк чөп алышың мүмкүн. Бир түктү 200 сомдон сатканда канча киреше келээрин эсептей бериңиз. Биздин элге маалымат жетпей жатат. Айыл тургундары, фермерлер өтө консервативдүү эл келет, айыл тургундары өзүнүн очогун таштап кетпейт. Ички, тышкы миграцияга түрткү болуп жаткан себептердин эң негизгиси-бул жокчулук. Жокчулук менен токчулуктун ортосундагы ажырымды кыскартыш ар бирибиздин милдетибиз. Бир үй-бүлө 1 гектар жерине кирешелүү бак тигүү менен канга салам бербей оокат кыла алат. Анткени багбанчылыктын рентабилдүүлүгү техникалык өсүмдүктөргө салыштырмалуу 10 эсе өйдө турат. Бул дагы өзүнчө интенсив жолу менен кетүүнүн багыты. Аз жерден көп түшүм алууга сөзсүз көңүл бурушубуз керек себеби жер өтө тартыш. Мындан тышкары ийри мүйздүү малдын санын кыскартып, сапатын арттырууга көңүл буруу абзел. Айдоо жерге күзүндө малдарды кое берсең ал жерлерди кайра иштетүү өтө кыйын болуп калат. Жакында Оштон Чоң-Алайга келаткан бир жарым сааттын ичинде короо, короо койлордун жолду тосуп калганына күбө болдук. Ошончо койдун бир короосу эле тандалма, пародалуу экен. Андан бери келгенде арашан койлойрун көрдүк. Бир кочкор 190 кг чыгат, айласыздан салыштырат экенсиң да, эмнеге биз асыл тукум малдарды бакпайбыз, сандан сапатка өтө турган убак качан келет? Кочкордогу Кара күңгөй айылына бардым, талаанын баары толтура мал, айылды болсо малдын көптүгүнөн чаң баскан. Мына, Баткенден баштап Ат-Башыга чейин ушундай көрүнүш.
Автор: Анархан Алтымышова
Сүрөт: Мунара Боромбаева