Жаңылык

ВИДЕО: Стамбул аэропортундагы таштанды көргөзмөсү

Стамбул аэропортунун жүргүнчүлөр терминалы сүрөтчү Дениз Сагдычтын адаттан тыш экспозициялары менен кооздолгон. Бул тууралуу Түркиянын “Anadolu” басылмасы жазды.

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – эмгектер эски формалардын калдыктарынан,  топчулардан, желим кутучалардан, баштыктардан жана башка таштандылардан жасалган.

Түркиянын эң чоң аба портунун оператору “IGART” тарабынан уюштурулган “0” көргөзмөсү эл аралык каттамдар уча турган аймакта ачылган.

Сүрөтчүнүн айтымында, көргөзмөгө коюлган бардык экспонаттар жүргүнчүлөрдөн калган майда таштандылардан турат.

«Көргөзмөгө динине, тилине, өңүнө карабай таштандыдан чогултулган адамдардын портреттери коюлган. Эми дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктор таштанды калтырууга кылдат жана аң-сезимдүү мамиле жасайт деп ишенем», – деди Д.Сагдыч.

Көргөзмөгө жалпысынан 20 эмгек коюлган. Аларды жаратууга төрт айга жакын убакыт кеткен. Сүрөттөр бул жерде үч ай бою турат. Көргөзмөнүн негизги максаты – таштандыларды кайра иштетүүнүн маанисин, мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтуу.

Видео интернеттен алынды.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Күн ысып, балчылыктан түшкөн киреше азайды

Балчылык Асанбек Сасыкуловдун үй-бүлөсүнүн киреше булагы. Учурда анын 35 балчелеги бар. Бул ишти 1 балчелектен баштаган Асанбек байке жай мезгилинде күндүн  кескин ысып жатканына байланыштуу мурдагыдай түшүм албай калганын айтат.
Гендер жана климат

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму,
Жаңылык

Ашхабадда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Климаттын өзгөрүшү боюнча конференция өтүп жатат

Борбор Азия форуму Түркмөнстандын уникалдуу жана эндемикалык флора-фаунасынын көргөзмөсү менен ачылды. Биринчи күндөгү бардык иш-чаралар улуттук климаттык саясат, аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана климаттык ресурстарды мобилизациялоо маселелерине арналды. Алгачкы панелдик сессияда
Жаңылык

Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?

Бишкек бир канча жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыгууда. Economist.kg порталы уюштурган “Бишкек сезондуу кара түтүнгө даярбы?” аттуу  темада эксперттер, экологдор, мамлекеттик кызматкерлер ой бөлүштү.