Жашыл-экономика

Кыргызстанда алгачкы Күнэлектр станциясы курулат

«Бишкек Солар» компаниясынын «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» долбоорунун алкагында күн электр станцияларынын үлгүлөрүн көрсөттү.

Компания директору Азамат Искембаев «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» Кыргызстандагы ири долбоордун баштапкы кубаттуулугу 300 МВт болсо, бара-бара кубаттуулукту чоңойтуу пландарын жана жайкы каникул учурунда Тору- Айгырдагы мектепти электр энергия менен камсыз кылуучу күн панелдери орнотулаарын айтты.

«Жаңы станция аймакты электр энергия менен камсыздап, буга чейинки энергиянын жетишсиздигин жоет ошондой эле, жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет»,-деди Искембаев.

Долбоордун болжолдуу баасы 300 миллион АКШ долларын түзөт.

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Динара Акматованын айтымында администрация «Бишкек Солардын» долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 500 гектар жайыт жерди трансформациялаган.

«Ысык-Көл районундагы 12 айыл өкмөтүнүн 7сү дотацияда турат алардын ичинде Тору –Айгыр дагы бар. Мындан улам бул долбоор айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртат деп ишенебиз»,-деди Акматова.

«Бишкек Солардын» «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» долбоору Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат.

Курула турган 300 МВт күн электр станциясынын болжолдуу жылдык өндүрүмү 600 миллион кВт сааттан ашык.

Бул жылына 140 миллион кубометр жаратылыш газын колдонууга барабар.

Ошондой эле кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясынын иштеши жылына 300 миң тоннадан ашык СО2нин атмосферага бөлүнүп чыгуусуна бөгөт коет.  

Компания Баткен облусунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарын туруктуу энергия жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында  кубаттуулугу 30 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча социалдык долбоордун үстүндө активдүү иштеп жатат.

Долбоордун өнөктөшү, казакстандык «TGS констракшн» компаниясынын аткаруучу директору Жоомарат Моминбаев күн станциясы 155 миң үй-бүлөнү же жылына 600 миң адамды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздай турганын кошумчалады.

Бул Кыргызстандын калкынын 10%га жакынын түзөт.

Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Ербол Сарыпбеков долбоор өлкөдөгү күн электр станцияларын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

«КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» расмий ачылышы 28-майга белгиленген.

Автор: Анархан Алтымышова

Сүрөт: Руслан Кубанычбеков

Shares:

Related Posts

Жашыл-экономика

Кундус Кырбашева: «Жашыл энергия дүйнөлүк тренд»

Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн таасири Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча быйыл кескин түрдө сезилди. Кургакчылык жана суунун жетишсиздиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыскарышына алып келди. Кыргызстанда  дагы суу  тартыштыгы жылдан жылга күчөп, быйыл
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
Жаңылык

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алучу жай “Треш-6” фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстанда пластиктен технологиялык синтепон чыгарган алгачкы цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг
Carbon Free Kyrgyzstan

Электро унаа—таза жана үнөмдүү

Электро транспорттун кеңири жайылышы абага бөлүнүп чыккан парник газдарынын эмиссиясын азайтат. Бишкекте расмий түрдө 370 000 автомашина каттоодон өткөн, өлкөгө айрыкча эски унаалар келет. Ал эми изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы унаалар орто