Жаңылык

Таалайбек Аалиев: «Таштанды тазалоо маанилүү кесип»

Бишкектин, анын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүнүн бири-таштанды маселеси. Шаардан алыс эмес жерде жайгашкан таштанды полигону дайыма түтөп, жаңы конуштардын эле эмес, борбор калаанын абасын кошо уулантууда.  «Тазалык» Муниципиалдык ишканасы бардык жаңы конуштарды тазалаганга жетишпейт, кесепетинде ыксыз ыргытылган таштандылардын очогу көбөйүүдө. Мындан улам айрым жаңы конуштарды  жеке компаниялар тейлейт. Алардын бири «Тазалык Сервис» жоопкерчилиги чектелген ишкана. Ал «Ак Ордо», «Ала-Тоо» жана «Ала-Тоо2»  конуштарынын таштандыларын чыгарып, аларды бөлүп кайра иштетүүгө өткөрүшөт.

31 жаштагы Таалайбек Аалиев 2021–жылдан бери Бишкектин Ленин районуна караштуу «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Ала-Тоо2» жаңы конуштарын таштандыдан арылтуу менен алектенет.

«Бул жумушту баштаганыма бир жылдан ашты. «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Ала-Тоо2» конуштарынын таштандыларын чогултуу боюнча сынакка катышкам. Комиссия мүчөлөрү мага ишеним артышкан. Адегенде эл менен таанышып, маршрутун түзүп, эски ГАЗ 53 маркасындагы унааларды алып, таштандыларды чогултуп баштаганбыз. Жаңы конуштарда үй салгандар көп болгондуктан тургундар курулуш калдыктарын деле биздин машинеге жүктөй беришчү. Эски машиналар ага чыдабайт, тез тез бузула бергенинен транспортту ижарага алып жүрдүк. Кийин инвестиция тартып ЗиЛ сатып алып, азыр ошолор менен иштеп жатабыз».

Башында чогулткан таштандыларды полигонго жеткирчүбүз, бирок  убактыбыздын бары эле жолго кетип жаткандыктан, жакын жерден таштанды жай издеп, Новопавловка айылынан таптык.

«Ал жер такыр каралбай, пластик бөтөлкөлөр, желим баштыктар, тамак-аш калдыктары көрүнгөн жердин баарына жайылып баратыптыр. Айыл өкмөттүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жардамы менен ал жерди алып, тазалап, ирээтке келтирдик. 87 чоң унаа менен таштанды чыгардык, электр жарыгын тартып келип, кайтаруучу пост орноттук. Эми ал жакка эч ким мурдагыдай чаржайыт таштандысын ыргыта албайт. Биз келгенге чейин таштандыларды сорттогондордун эмгеги арзан бааланып, ПЭТ- бөтөлкөлөрдүн килогараммын 6 сомдон алышчу экен. Кайра иштетүүчүлөр менен сүйлөшүү аркылуу бааны көтөрдүк. Мында таштандыны сорттогондордо сапатка жана көлөмгө кызыгуу пайда болуп, айлыгынан тышкары кошумча киреше таба алышат. Аларга таштандынын кайсы түрлөрү кайра иштетилээрин өзүм үйрөттүм».

Жогорку окуу жайды бүткөндүгүм боюнча эки кызыл дипломум бар, бирок мен таштанды тазалоо алда канча маанилүү кесип экенин түшүндүм.

«Менин жогорку билимим тууралуу эки дипломум бар. Туризм жана юриспруденция. Албетте, бир жарым жыл мурун таштанды менен иштеп калам деген ой он уктасам түшүмдө жок болчу. Бардык ата-энелердей эле атам менен апам дагы мени бир кеңседе отурган, чоң кызматкер болот деп элестетишкен, анткени эки окууну тең кызыл диплом менен аяктагам. Бирок таштанды тармагында иштөөнү чечтим, анткени экологиянын көйгөйүнө  кайдыгер карап туралбай калдым, жасап жаткан жумуштун маанилүүлүгүн түшүндүм. Өзүбүз тейлеген конуштардын тургундарын бат-бат ишембилик өткөрүп турууга чакырып, керек жарактарын сатып берип турам».  

Биздин команда 22 кишиден турат, алардын көбү жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдөн, биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы барлар, жалгыз бой энелер жана мурда сот жоопкерчилигине тартылгандар дагы бар.

« Көптөр таштанды сорттогон же чогулткан адамдарды ичкиликке берилгендер деп түшүнөт, бул чоң жаңылыштык. Алар тескерисинче абдан чынчыл, жөнөкөй, кичипейил. Болгону мурда алардын туруктуу жумушу, айлык маянасы жок болчу, азыр андай эмес. Таштанды чогултууну уят дегендер да болду, алардын ар бири менен сүйлөшүп, куру намыска караганда үй-бүлөңдү татыктуу, ак эмгегиң менен тапкан акчага багуу алда канча маанилүү экенин түшүндүрдүм. Учурда 25 миң сомдон маяна алышат, сорттогон таштандынын дагы акчасын алышат, мындан тышкары социалдык пакеттер да каралган».

Азырынча WasteNet.KG биздин командага колдоо көрсөтүп жатат. Алар кызматкерлерге зарыл болгон жабдыктарды сатып алганга каражат бөлүштү.

«Команда толугу менен атайын формалуу болду, бул биздин статусту бир кыйла көтөрдү десем болот. Аба ырайында кандай гана өзгөрүүлөр болбосун биздин жумуш токтотбойт ошондуктан, атайы форма зарыл болчу. Мындан тышкары WasteNet.KG чоң-чоң каптарды жана караңгыда жарык берүүчү прожекторлорду алып беришти. Эми таштандыларды жеринен, тактап айтканда ушул полигондо иштетүүнү пландап жатам. Мында колго илингендерин ушул жерден, кайра иштетилбегендерин шаардык полигонго жеткирип турмакпыз. Ошондой эле, тамак-аш калдыктарын компостун жардамы менен жер семирткичке айлантсак деп турабыз. Учурда инвестиция тартуунун үстүндө иштеп жатам».

Бул долбоор «Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча WasteNet.Kg» пилоттук программасынын алкагында «КСО Борбордук Азия» агенттиги тарабынан, Эл аралык «The Coca-Cola Foundation» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул материал сөзсүз түрдө «WasteNet.Kg» пилоттук долбоорунун пикирин чагылдырбайт.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Мунара Боромбаева

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Пакеттен жасалган музоо үйлөрү

Ар бирибиздин үйүбүздө  пакеттер бар, аларды бизге дүкөндөрдө, базарларда, ал тургай кечелерде  беришет. Пакеттер бардык жерде. Бирок Бишкекте мындан арылуунун жолун табышкан, көрсө бардык пакеттерди кайра иштетүүгө болот экен. Бишкекте
Жаңылык

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш
Гендер жана климат

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму,