Экологиялык көйгөйлөр барган сайын негизги маселеге айланууда. CUT A DASH брендинин негиздөөчүлөрү, кыргыз дизайнерлери Айжан менен Сайкал Сейталиевалар дагы экологиялык проблемаларга арналган коллекциясын түзүп, Бишкекте көргөзмө уюштурду.
Виртуалдык реалдуулук функциясындагы “КЕШИК” мультимедиялык көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде оффлайн форматында өттү.
Интерактивдүү көргөзмө дүйнөнүн экологиялык абалын чагылдырат, ага келгендер менен объекттердин ортосунда өз ара байланыш түзүлүп, башка учурда элес албаган орчундуу нерселерди көргөзүп, өздөрүнүн экологиядагы ордун түшүнүүгө жардам берет.
Сүрөтчүлөр объекттерди түзүү үчүн кайра иштетилген пластикалык бөтөлкөлөрдүн материалдарын, ошондой эле ар бир нерсени үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонушкан.
Көргөзмөнүн онлайн версиясы www.keshik-gallery.com. Сайтында жеткиликтүү.
Көргөзмөнүн куратору, искусство таануучу Чолпон Тентиева экспозиция жашоодогу негизги элементтер болуп эсептелген суу, жер жана абанын образдары аркылуу түзүлгөнүн айтат. Ар бир элементтин өзүнүн инсталляциясы даярдалган. Мисалы, жер туурасында сөз болгондо биоартүрдүүлүк маселелери көтөрүлөт.
«Биз Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлардын, курт -кумурскалардын, канаттуулардын түрлөрүнүн жок болуп кетүү коркунучтарын инсталяциялар аркылуу чагылдырдык. Алар ак фондо сайма менен берилет, бул тунуктуктун, элестин, тактап айтканда жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жоголуп баратканынын белгиси. Анда эмне үчүн ушундай болуп жатканын да көрө аласыз. Ошол эле аңчылыкты айта турган болсок, биз алардын аймактарын басып алып, азык –түлүк базасын жеп коюп жатабыз», – деди ал.
Жердин инсталяциясы баш аламандык, ыксыз ыргытылган таштандылар аркылуу жеткирилген. Бул ресурстарды ашыкча керектөө жана адамдын эгоизм көйгөйүн баса белгилейт.
«Эгерде массалык рынок жана мода индустриясы жөнүндө айта турган болсок, алар планетанын таштанды басып кетүүсүнө чоң салымын кошот. Мында кыргыз элинин ысырапкорчулукка жол бербей, сарамжалдуу бол-деген философиясын эске салгыбыз келди. Бул жерде курак (курак куроо, жамаачы тигүү) техникасын эстен чыгарбоо зарыл. Анткени CUT A DASH бул коллекция үчүн мурунку көргөзмөлөрдөн арткан калдыктар менен кездемелерди колдонду. Ар бир кездеменин өзүнчө өмүрү болот, биз моданын тез -тез алмашуусу миллиондогон тонна кийимдин тигилишине алып келип, акыр аягы жөн эле өрттөлөт деген маселени түшүнөбүз. Модасы бүткөндөн кийин өндүрүлгөн продукциянын 15%гана кайра иштетүү үчүн экинчи колго тагыраагы, “секондхенд” катары пайдаланууга чыгат»,- дейт искусство таануучу.
Кийинки инсталляция токойлорду кыюуга арналган. Токой планетанын өпкөсү деп эсептелинет анын баалуулугу, орду, мааниси жогору экени талашсыз. Авторлор колго сайылган саймалар аркылуу чөптөрдү, талдардын тамырларын көрсөтүп дарактардын элесин жаратышкан.
«Андан кийин океандардын булганышы жөнүндө сүйлөшөбүз, бул көргөзмөдө чагылдырылган негизги элементтердин бири сууга байланыштуу. Океанга түз кире албаганыбызга карабастан, биз Борбор Азияда, Кыргызстанда жашаганыбыз менен түзүлгөн кыйын кырдаалга терс таасирибиз тиет. “Nature” журналынын маалыматы боюнча океанга жыл сайын 11 тонна пластик түшөт», – деди Тентиева.
CUT A DASH – Кыргызстанда тигилген кийимдердин бренди, анын коллекциялары туруктуу модага жана маданий багытка басым жасайт. Бренддин уникалдуулугу- GO VIRAL колдоосу менен уюштурулган көргөзмөлөр жана көркөм инсталляция түрүндөгү чыгармаларды презентациялоодо.
«Кешик, кыргыз элинин салты боюнча балдары, неберелери жана жакындары менен жакшы энергияны бөлүшүү максатында, адам үчүн маанилүү болгон тойдон келген тамак-аш жана белектер айтылат. Бирок биз келечек муунга, балдарыбызга, неберелерибизге кешик катары эмнени өткөрүп беребиз? Кандай жерди, сууну, абаны калтыраарыбыз биздин бүгүнкү иш аракетибизден көз каранды», – деген Чолпон Тентиева көргөзмөнүн аталышын ушундайча чечмелеп берди.
Автор: Мунара Боромбаева
Сүрөт: Мунара Боромбаева