PROclimate – бул өлкөдө туруктуу, позитивдүү өзгөрүүлөргө умтулган адамдар жана уюмдарга багытталган маалыматтык-коммуникациялык платформа. Биздин негизги максатыбыз дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан экологиялык, климаттык окуяларды чагылдыруу, ошондой эле глобалдык көйгөйдү чечүүдөгү жаңы технологиялар, ийгиликтүү тажрыйбалар жөнүндөгү маалыматтарды кеңири жайылтуу.

МИССИЯбыз – Кыргызстандын шаарларын, аймактарын жашыл жана туруктуу өнүктүрүү идеяларын, практикаларын, адамдардын жоопкерчиликтүү, экологиялык таза жүрүм-турумун жайылтуу, мамлекеттин өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, мындан тышкары БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган иш-чараларды чагылдыруу.

Биз төмөнкү уюмдар менен кызматташтык:

·GRID-Arendal – Норвегияда жайгашкан коммерциялык эмес экологиялык байланыш борбору. Анын колдоосу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан жергиликтүү жамааттардагы аялдар тууралуу сторителлинг форматында видеоролик даярдалды.
· Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги «Эко жаша» долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү, анын алкагында жергиликтүү жамааттардагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча 18 сторителлинг форматындагы видеоролик, ошондой эле 9 түшүндүрүүчү эксплейнер даярдалды.
·Биз Германияда жайгашкан n-ost журналисттик тармагы жана медиа бейөкмөт уюму менен кызматташуудабыз. Долбоордун алкагында биз Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү жана адаптация темасында биринчи “Жашыл Подкаст” подкасттар сериясын тартып баштадык.
·Биз ошондой эле Кыргызстандагы экологиялык уюмдар менен кызматташып келебиз, мисалы: MoveGreen коомдук бирикмеси – абанын сапатына жарандык мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча;
“Кыргызстандын жашыл альянсы”; «Тазар» коомдук бирикмеси — таштандыны сорттоо боюнча платформа;
Бишкек заманбап искусство мектеби; Интерньюстун Кыргызстандагы аймактык кеңсеси; «Илбирс Фонду» коомдук фонду, ошондой эле бир катар башка уюмдар бар.

Биздин команда:

Мунара Боромбаева — 15 жылдан ашуун медиа тармагында иштеп келе жаткан климаттык журналист.Акыркы 4 жылдан бери экология жана климат темаларына терең көңүл буруп, туруктуу өнүгүү, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация жана жашыл практикаларды Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары жайылтууга арналдым.

Менин журналисттик жолум социалдык көйгөйлөр, экономикалык абал жана саясат темаларына арналган маектер, макалардан башталган. Бирок климаттык кризистин олуттуу деңгээлин аңдап түшүнгөндөн кийин, кесиптик багытымды өзгөртүүгө түрткү болду. Учурда, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашып жашап жаткан адамдардын, жамааттардын жана чечимдердин чыныгы окуяларды, жергиликтүү демилгелерди, глобалдык процесстерди да чагылдырам. Ошондой эле 2024-жылы Бакуда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча Тараптар конференциясы (COP) сыяктуу эл аралык иш-чараларга активдүү катышам.

АЛТЫМЫШОВА АНАРХАН АЛЫМБЕКОВНА-PROclimate.kg порталынын кош негиздөөчүсү, климаттык журналист

Билими: 2003-2008-ж.ж Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети.
Адистиги: Журналист-PR факультети
Эмгек жолу: 2011-2022 жылдар аралыгында журналистика тармагында (газета, журнал, радио, телеканал, продакшн студиларда) журналист, кабарчы, парламенттик кабарчы, котормочу, алып баруучу, диктор катары эмгектендим. 2022-жылдан бери кесиптешим Мунара Боромбаева менен бирге PROclimate.kg веб сайтын негиздеп иштеп жатабыз.
Максатыбыз: Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптациялык чаралар жана экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталган кыргыз тилиндеги контентти көбөйтүү. 2022-2023 жана 2024-жылдары РЭЦЦА/Дүйнөлүк Банк тарабынан уюштурулган Борбор Азия мамлекеттериндеги “Климаттын өзгөрүшү боюнча 3-4- жана 5-конференцияларды”чагылдырдым.
Катышкан окуу, тренингдер;
2017-жыл 24-26-март, Internews эл аралык уюмдун “Медиа для эффективного освещения вопросов окружающей среды и природных ресурсов в Центральной Азии” аттуу эл аралык тренинг. Бишкек.
2019-жыл 21-24-август, “Изменение климата – актуальная тема для СМИ” аттуу эл аралык тренинг. Алматы, CAN EECCA
2022-жыл Vanishing treasures / Журналисттердин климат жана экология тармагындагы көйгөйлөрдү чагылдырууда сторителлинг аркылуу кызыктуу материалдарды даярдоо боюнча тренинг. Бишкек, UNEP
2023-жылы “Климаттын өзгөрүшү жана ММК” аттуу тренинг. РЭЦЦА, Дүйнөлүк Банк, Душанбе.
2024-жылы Internews дата журналистика боюнча тренинг
2024-жылы МувГрин коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “CLIMATE CAMP” тренинги. Бишкек.