Royal Central Park долбоору Бишкек шаарында жазгы фестивалды жогорку деңгээлде уюштурду. Анда конокторуна кыргыз маданияты,улуттук даам, кыргызстанда өндүрүлгөн табигый таза азыктардын көргөзмөсү сунушталды. Мындан тышкары баалуу белектер берилди. Келген коноктор жазгы фестивалда түрдүү сынактарга катышып, акчалай дагы утуштарга ээ болду. Кыргыз эстрадасынын жылдыздары, бий ансамблдери мыкты маанай тартуулады.

Жазгы фестивалдын масштабдуу программасы кечке чейин уланып,көлмөдө шам чырактар кое берилди. Бул фейрверк менен коштолду. Royal Central Park “Жазгы фестивалы шаардыктарга эс алууга шарт тузүп берди.

Фестивалда жаш балдарга дагы өзүнчө программа каралган. Көргөзмөдө кыргыздын кол-өнөрчүлөрүнүн эмгектери дагы конокторду кызыктырды. Фестивалга компания жетекчилиги,өнөктөштөрү жана 3 миңге чукул шаар тургундары келди.

Белгилей кетсек, Royal Central Park долбоору мурунку ат майдандын ордуна көп кабаттуу турак-жай комплексин салып баштады. Бул комплексте тургундарга бардык шарттар каралган. Соода борборлору, мектеп, бала-бакча жана башка инфра структура жана социалдык обьектилердин курулушу жүргүзүлөт.

Royal Central Park долбоору аймактын жашыл чөйрөсүнө өзгөчө басым жасайт. Ага ылайык, көлмө, бак-дарак, жашыл аймак дагы түзүлөт. Курулуш иштери 12 этап менен ишке ашат. 8 жылда бүткөрүү пландалган комплекс 54 гектар аянтты ээлейт.





