ЖаңылыкКлимат

Ашхабадда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Климаттын өзгөрүшү боюнча конференция өтүп жатат

Борбор Азия форуму Түркмөнстандын уникалдуу жана эндемикалык флора-фаунасынын көргөзмөсү менен ачылды.

Биринчи күндөгү бардык иш-чаралар улуттук климаттык саясат, аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана климаттык ресурстарды мобилизациялоо маселелерине арналды.


Алгачкы панелдик сессияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр климаттык саясаттагы өсүүлөр жана пландарды талкуулашты, өзгөчө УДАС 2.0дөн УДАС 3.0гө өтүү, улуттук жетишкендиктер, аймактардын максаттарга жетүү дымактарына көңүл бурушту.


Климаттык каржылоо боюнча талкууда эл аралык жана аймактык эксперттер каржы ресурстарын мобилизациялоонун практикалык инструменттерин жана механизмдерин, анын ичинде ЕБ программаларын, GIZ, италиялык климаттык фонддордун, NDC өнөктөштүк демилгесин жана жергиликтүү банктардын тажрыйбасын көрсөтүштү.


Аймактык климаттык кызматташтык жана климаттык адилеттүүлүк маселелерине арналган талкуу – чек арадагы демилгелер, эрте эскертүү системалары, ден-соолук программалары, туруктуу айыл чарбасы тууралуу болду. БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү катышкан панелдик дискуссияда климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде социалдык теңчилик, инклюзия жана аярлуу топторго колдоо көрсөтүү, ошондой эле климатка туруктуу экономикаларды куруу стратегиялары жана аз көмүртектүү өнүгүүгө бет алуу зарылчылыгы айтылды.


Конференцияга Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер, окумуштуулар, ишкерлер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

ЦАКИК-2025 РЭЦЦА тарабынан уюштурулуп, Түркмөнстандын Өкмөтүнүн, Борбордук Азиядагы Суу жана Энергетика Программасынын (CAWEP), Дүйнөлүк Банктын RESILAND CA+ программасынын, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) жана башка уюмдардын колдоосу менен өтүп жатат.


Автор: Жанна Хусаинова, PR/коммуникация боюнча консультант/эксперт, РЭЦЦА

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш
Жаңылык

Эксперт: “Кыргызстан энергияны бай өлкөлөрдөй эле колдонот, үнөмдөбөйт”

"Жашыл подкастта" Юнисон Групп коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдрасулова менен энергоэффективдүүлүк, имараттарды жылуулоо, каражат үнөмдөө, жашыл энергия, каржылык колдоо сыяктуу темаларда сүйлөштүк. PROclimatekg / #MediaNet менен биргеликте КЫРГЫЗ тилиндеги алгачкы ЖАШЫЛ подкасттардын
Жаңылык

Сүрөтчү Влад Сохин Тынч океандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу китеп чыгарды

Сүрөтчү Влад Сохин Warm Water аттуу китебин чыгарды. Анда климаттын өзгөрүшү Тынч океандын табиятына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу сүрөттөр чогултулган. "Көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн климаттын өзгөрүшү акыркы жылдары көп
Гендер жана климат

Шааркана: “Полигондогу кирешени уюшкан кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт”

Көп жылдан бери чечилбей келген полигон маселеси Бишкектин башкы көйгөйү. Ал 1990-жылы жабылышы керек болчу, бирок ушул күнгө чейин колдонулуп анда топтолгон таштандынын бийиктиги  26 метрге жетти.  Movegreen коомдук уюуму,

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген