Гендер жана климат

РЭЦЦА: “Пригородный айылындагы сугат суу көйгөйү чечилди”

Орто Азиядагы Регионалдык экология борбору (РЭЦЦА) тарабынан, Coca-Cola эл-аралык Фондусунун каржылык колдоосу менен пилоттук негизде 2,5 км ички чарбалык каналдар тазалынып, анын ичинен 100 метр канал бетондолуп, 2 жерге шлюз курулду. Бир жарым айга созулган иштер соңуна чыгып канал аркылуу дыйкандарга суу кое берилди. Дыйкан Тотугүл Исманованын айтымында дыйкандарды түйшөлткөн эң көйгөйлүү канал ушул жер болгон.

Нечен жылдан бери каналдар каралбай, суу жетпей дыйкандар кыйналып келгенбиз. Азыр бул каналды көрүп кубанып жатабыз, арык бар болчу бирок, аны камыш басып жаткан. 200 литр суу кое берсе деле дыйканга жетпей калчы, суу бар, жок эмес, көйгөй каналдарда болуп жаткан. Чүйгө көчүп келгенибизге 20 жыл болду, ал эми жер сатып алып дыйканчылык менен алектенгенибизге 10 жыл болду. Кээде сууну өзүм жыгып кеткенге туура келет, андай учурда камыш баскан каналдарга түшкөндөн коркот элем, жыландар бар бул жакта, эми каналдын ачкычы болсо сууну өзүм деле буруп кете берсем болот экен“.

Гайыпов Бектур, «Ак-Чий» АВП кеңешинин төрагасынын орун басары:
Айыл чарбада ирригация тармагында чоң көйгөйлөр бар, Coca-Cola, РЭЦЦага окшогон эл аралык уюмдардын ички каналдарды оңдоого көңүл буруп жаткандары дыйкандар үчүн абдан маанилүү. Эми болжолу менен 150 гектар жерге суу мурдагыдан батыраак, жоготуу жок жетип калат, дыйкандарга да суунун кезеги бат келет. Чынында каналдардын кейиштүү абалынын айынан бир эле суу эмес, түшүмдүүлүк дагы аз болчу. Суу жетпесе, эккен өсүмдүктөр жакшы түшүм бербейт. Мурда дыйкандардын жерин сугаруусу узарып, фермер 3 күндө сугарып бүтө турган жерин 10 күн дегенде араң суугарып бүтүрчү. Ал жерге 60 литр суу жеткириш керек болсо, биз 200 литр суу кое берет элек. Ушул каналда жоготуу чоң болчу, ал эми ылдый жактагы 40 гектар жерге суу такыр эле жетчи эмес. Эгер бул долбоор уланып, каналдар дагы оңдоп түзөөдөн өтсө, биздин дыйкандар өндүргөн продукцияларын жергиликтүү базарда сатканга жарап калат“.

РЭЦЦАнын Кыргызстандагы директору Кубан Матраимовдун билдиришинче долбоор Сугат сууга жана инфраструктурага жетүү аркылуу Борбор Азиядагы аялдардын абалын жакшыртуу жана экономикалык көз карандысыздыкты жогорулатуу максатын көздөйт. “Биз бүгүн, Аламүдүн районуна караштуу “Ак-Чий” АВПсында турабыз, бул биздин пилоттук проект. Бул долбоор үч мамлекетте иштеп жатат, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикистан. Кыргызстандан биз Чүйдө жайгашкан 2 АВПны тандап алганбыз, бүгүн каналдардын реаблитациялык иштерине күбө болуп турабыз. Долбоордун алкагында фермерлерге жардам берип, окутуп, реаблитациялык жумуштар жасалууда. Суу такыр жетпеген 30 гектардан ашык жер эми суу менен камсыз болушат. Биздин артыбыздагы каналдан болжолу менен 200 гектарга жакын жер сугарылат, ал эми жолдун ары жагындагы арык аркылуу 30 гектардан ашык жер суу ичет. Болжолу менен 150гө жакын дыйкан мурдагыдан көбүрөөк жана ылдамыраак суу менен камсыз болот“.

Автор: Анархан Алтымышова

Shares:

Related Posts

Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500
Гендер жана климат

Аймээрим Турсалиева: “Таштандыны сорттоо – экологияны сактайт”

Аймээрим Турсалиева менен Айнура Сагын  Кыргызстанда Tazar – мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Тазар өзүнө бир нече элементтерди камтыйт. Таштандыларды сорттоо, кайра иштетүүгө багытталган  билим берүүчү платформа, мындан тышкары тиркемеде катуу
Гендер жана климат

“Жердин чемпиону” Мария Колесникова: «Экология дегенде таштандыны гана түшүнчүмүн»

Өткөн жылдын аягында кыргызстандык Мария Колесникова БУУнун «Жердин чемпиону» аттуу эң жогорку экологиялык наамына ээ болду. Колесникова мындай сыйлыкка татыган Кыргызстандагы алгачкы адам. Мария экоактивист, Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн
айлана-чөйрө

Желимден кантип баш тартабыз?

Ар бирибиздин үйүбүздө желим баштыктар бар. Пакеттерди бизге бардык жерде берет: дүкөндө, базарда, ал тургай конокто. Ушу тапта Бишкек санитардык полигонго күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды төгүлөт. Экоактивисттердин эсебинде, алардын

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген