Жаңылык

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган.

Насыя абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоого, абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртууга, турак жайларды жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө, Бишкекти жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат.

Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.

Shares:

Related Posts

Жаңылык

Президент Садыр Жапаровго кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр НургожоевичкеУрматтуу Садыр Нургожоевич! Жогорку Кеӊеш тарабынан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорунун (мындан ары
Жаңылык

Таштандынын кайсы түрүн кайда, канча сомго сатса болот?

Катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) утилизациялоонун негизги көйгөйү жарандардын таштандыларды өз өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү боюнча маалыматтардын жоктугу болуп саналат. Көптөгөн мамлекеттер КТК кайра иштетүүчүлөргө өткөрүүнү таштандыдан арылуунун  натыйжалуу жолу
Жаңылык

Тамак-аш калдыгынан электр энергия өндүргөн «Флюид»

Мэриянын билдиришинче  Бишкекте күнүнө 1000 тоннадан ашык таштанды чыгат. 2019 –жылкы БУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык,  алардын 56% тамак-аш калдыктары  же болбосо органикалык таштандылар түзөт. Өкүнүчтүүсү тамак-аш калдыктары башка таштандылар менен аралышып
Жаңылык

Сүрөтчү Влад Сохин Тынч океандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу китеп чыгарды

Сүрөтчү Влад Сохин Warm Water аттуу китебин чыгарды. Анда климаттын өзгөрүшү Тынч океандын табиятына кандай таасир этип жаткандыгы тууралуу сүрөттөр чогултулган. "Көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн климаттын өзгөрүшү акыркы жылдары көп

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген