Климат

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ: БОРБОР КАЛААНЫ ЧАҢ БАСЫП, ЧӨЛГӨ АЙЛАНЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?

Бишкектеги жашыл аймактардын жетишсиздиги, экологдордун изилдөөлөрү, шаар кеңейгенден кийинки бул маселени чечүү жолдору жөнүндө- эколог, ботаник жана геомаалымат адиси, «Демилге Арча» коомдук фондунун жашылдандыруу маселелери боюнча эксперти Дмитрий Переяславский менен маектештик.

Бүгүнкү күндө ордо калаа Бишкекти жана аны курчаган конуштарды жашылдандыруу кандай ишке ашып жатат? Себеби буга чейин экологдор иликтөө жүргүзүп, анда борбор калаанын аймагынын 66 пайызы экологиялык жактан тиешелүү талаптарга жооп бербей турганын аныкташкан. Бул маселе учурда кандай?

Экологдордун иликтөөсүнө ылайык, 2013-жылдан 2021-жылга чейин Бишкектеги жашыл аймактардын көлөмү 20 пайызга дейре азайып кеткен. Жашыл аймактар булар – сейил бактар, гүл бакчалар, көп кабаттуу турак-жайлардын короолоруна тиешелүү атайын жашылдандырылган тилкелер. Учурда дал ушул нерселерге таңсыктык чоң жана бул көрсөткүч жылдан жылга көбөйүп барууда. Сан менен айта турган болсок, борбор калаанын жалпы аянтынын 3 пайызын гана сейил бактары түзөт. Анан да бул иликтөөлөр Бишкектин аянты кеңейтилгенге чейин жүргүзүлгөн. Буга кошумча жашыл аймактар Бишкекте бир кылка жайылтылган эмес. Мисалы, Ленин району борбордогу эң ири район болгону менен мында жашыл тилкелер боюнча көрсөткүч кейиштүү абалда. Себеби, сейил бактары жалпы аянтынын 1 гана пайызын түзөт. Көз карандысыздык жылдар аралыгында сейил бак, сквер болот деген жерлердин дээрлик көпчүлүгү курулушка берилип кеткен. Мындай аракеттер учурда жашылдандыруу жаатында бир катар көйгөйлөрдү алып келүүдө. Ошол эле убакта, бир канча жыл аралыгында эле борбор калаанын тегерек-четинин баары конуштар, турак-жайлар менен курчалды. Бул өз кезегинде экологиялык ар кандай көйгөйлөрдүн келип чыгуусун шарттайт жана жыл өткөн сайын таңсыктык олуттуу түрдө байкала баштады. Андыктан учурда коңгуроо кагып, бул көйгөйлөрдүн алдын алуубуз өтө зарыл.

Жашыл тилкелердин жетишсиздиги кандай экологиялык көйгөйлөргө алып келиши ыктымал?

Биз анализ жүргузгөндө Бишкектеги жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү дал жашыл аймактарга жеткиликсиз экенин да аныктаганбыз. Эл аралык стандарт боюнча аталган тилкелер тургундар жашаган жерден 500 метр алыстыкты гана түзүүсү зарыл. Башкача айтканда, турак-жайлардын тегерек четинде чакан сейил бактар, скверлер же жашылдандырылган тилкелер болушу керек. Борбор калаанын 65 пайыздайы бул көрсөткүчкө туура келбейт. Өзгөчө Ленин жана Свердлов райондорунда бул абал кейиштүү деп дагы бир жолу белгилегим келет. Жашыл аймактардын таңсыктыгы кандай көрүнүштөргө алып келет? Биринчиден абадагы PM 10 көрсөткүчү жогору болот (0-10 микрон өлчөмүндөгү абадагы чоңураак бөлүкчөлөр – PM 10 деп аталат. PM – Particulate Matter – бөлүкчөлөрдүн аббревиатурасы) же башкача айтканда чаң көп болот. Ошондой эле температуранын туруксуздугу пайда болуп, бул өзгөчө жай айларында байкалат. Мунун баары адамдын саламаттыгына да кедергисин тийгизбей койбойт. Андыктан бул дыкат ойлоно турган маселе.

Жашылдандыруу боюнча сөз болгондо эле ирригациялык тутум маселеси жана ал ордо калаада начар абалда экени айтылып келет. Ошол эле убакта жаз алды менен арыктарга акыр-чикирлер толуп калып, суунун агымына да бир кыйла зыянын тийгизет. Бул боюнча пикириңиз кандай?

Бишкектин ирригациялык системасы совет доорунда курулган. Алардын көбү талкаланып, пайдалануу мөөнөтү бүтүп да калган. Калаа ичиндеги арыктар Борбор Азия өлкөлөрүнө таандык болгон уникалдуу көрүнүш десек да болот. Алар тек гана бак-дарактарды сугаруу үчүн эмес, жайдын аптабында температураны төмөнтөтүүгө да жардам берет. Бирок, дал ошол арыктардын иштен чыгуусу, сугат суусун жоготууларга алып келет. Андыктан адистер Бишкек шаарында жабык ирригациялык тутумдарды сунуштап келишет. Бул ошол эле жер алды менен кеткен ири суу түтүктөрү. Алар жаз-жай убактарында колдонулуп, суунун бир кылка, тиешелүү көлөмдө берилишин камсыздайт. Ошондой эле, сугаруунун жаңы ыкмаларын колдонууну да киргизсек болот. Бул – тамчылатып сугаруу. Ал эми скважиналар аркылуу артезиан сууларын сугарууга колдонуу бул – ысырапкорчулук деп айтат элем. Себеби, бул суу көптөгөн убакыттарда барып гана калыбына келет. Биз байкагандай жер алдындагы суулардын деңгээли түшүп кетип, ичүүчү сууга таңсыктык жаралып калууда. Андыктан баскыч-баскычы менен анализдеп, сууну бөлүштүрүү жаатында аракеттерди көрүү зарыл. Ошондой эле заман талабына ылайык, ирригациялык тутумду инвентаризациядан өткөрүп, аны башкарууну электрондук форматка алып келүү зарыл. Дегеле чоң шаарларда сугаруу тутуму абдан маанилүү. Себеби, суу жетпей калган бак-дарактар бат эле куурап калат. Бул өз кезегинде ордо калаада температуранын жогорулап, чаң басып, жолдогу ызы-чуулардын катуу жаңырышына алып келет.

Жашылдандыруу, абаны тазалоо жаатында бак-дарактардын ролу баа жеткиз. Атамекендик экологдор Кыргызстандын климаттык шарттарын эске алуу менен Бишкек шаарына кургакчылыкка, катаал климаттык өзгөрүүлөргө туруштук бере ала турган бак-дарактарды отургузуу керектигин да айтып келишет. Бул жагы кандай каралган?

Бишкек шаары тоо этектей, жарым чөл климаттык аймакта жайгашкан. Демек өсүмдүктөр, бак-дарактар дарыя жээктерин улай өсүшөт. Ал эми башка тилкелеринде адамдын көмөгү жок жашылданып кетүүсү өтө кыйынга турат. Ордо калаада көбүнесе Түндүк Америка, Европа жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген флора өсөт. Өлкө тоолуу болуп, климаттык шарт катаал болгондуктан башка жактан алынып келген флоранын ыңгайлашып кетүүсү кыйынга турат. Айрым өсүмдүктөр сууну көп талап кылса, кээ бирлери температуранын туруксуздугун көтөрө албайт. Мисалы Кыргызстанда кыш мезгилинде күн ачуу тийсе, түндө катуу суук болот. Андыктан бак-дарактарды тандоодо чыдамкай келгенине басым жасоо керек. Ордо кааланын конуштарында жашыл аймактар өтө аз. Дал ошол тилкелерге кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү алып келүү зарылчылыгы курч турат. Алгач кургакчылыкка туруштук берген, абаны тазалаган бак-дарактарды отургузуп, андан кийин гана декоративдик, башкача айтканда шаарга көрк бере турган бак-дарактарга көңүл буруу зарыл. Алар да ар кандай зыянкечтерге туруштук берүүсү керек.

“Бул материал “МувГрин” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында даярдалды. Бул материалдын мазмуну үчүн журналист Акмарал Сабатар жооптуу. Материалда айтылган пикирлер “МувГрин” коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.”

Автор: Акмарал Сабатар

Shares:

Related Posts

Климат

Климат темасы эмне үчүн маанилүү?

Бишкекте төртүнчү ирет “Кыргызстан 30+” жарандык форуму өттү, ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр катышты. Форумда төрт теманын алкагында талкуу жүрдү: жергиликтүү жамааттар, чакырыктар жана жарандар; коомчулуктун баалуулуктары, келечекке болгон көз
Carbon Free Kyrgyzstan

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш. Кыргызстандын негизги документи – УДАС эмне жөнүндө?

Өткөн жылдын ноябрь айында Глазгодо БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы өттү (COP 26). Бул биздин планетадагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү процессиндеги маселелерди чечүүдөгү негизги глобалдык платформа болуп
Климат

Таштанды полигондогу “TRASH-3” экофестивалы

Таштанды полигонунун жанындагы "Алтын-Казык" конушунда "TRASH-3”, тагыраагы  искусство+экология (art + ecology) аттуу экофестивалы өттү. Уюштуруучулардын айтымында үч ай бою сүрөтчүлөр жана эко -активисттер менен “Искусство + Экология” темасында иштер жүргүзүлүп,
Гендер жана климат

Желим баштык чогултуп, экологияны сактаган Анархан

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык же идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин Бишкекте күн сайын 500

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген