Туруктуу айыл чарба жана гендердик теңчилик
Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагындагы 545 гектар жердеги ички каналдар капиталдык оңдоп түзөөдөн өтөт.
Ремонт иштери РЭЦЦА (Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбору) тарабынан, Coca-Cola эл-аралык Фондусунун каржылык колдоосу менен пилоттук негизде ишке ашмакчы.
Кара-Жыгач айылынын тургуну, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Асанова Минаранын айтымында сугат сууда колдонулуучу ички каналдар 1963-жылы салынган жана ал каналдар Кара Жыгачтагы эки айылды суу менен камсыздайт.
“Ушул каналдар аркылуу 499 дыйкандын үлүш жерлери суу ичет. Бирок, каналдарга 1981 жылдан бери капиталдык ремонт жасалбай, көп жери жешилип, жер менен жер болуп калды. Каналдын жээгинде өскөн бадалдар дагы аны талкалап жатат. Каналдын абалынан улам 60% чейин сугат суусу коромжуга учуроодо. Маселен, дыйканга 50 литр суу бөлүнсө анын болгону 20 литири гана көздөгөн жерге жетет“.
Жергиликтүү дыйкандар акыркы жылдары Чүйдө сугат суунун жоктугунан жана кургакчылыктан түшүмдүүлүк кескин кыскарганын айтып жатышат.
Буга климаттын кескин өзгөрүшү, акча-каражаттырынын жетишсиздигинен сугат каналдарынын үрөй учурган абалы болууда. Буга чейин ар бир фермер ашар кымасы менен каналдарды тазалоо, бүтөө иштерин өз алдынча атаркып келишкен.
РЭЦЦАнын Кыргызстандагы директору Кубан Матраимовдун билдиришинче долбоор “Сугат сууга жана инфраструктурага жетүү аркылуу Борбор Азиядагы аялдардын абалын жакшыртуу жана экономикалык көз карандысыздыкты жогорулатуу” максатын көздөйт.
“Бул сугат сууну үнөмдөөгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Ал үчүн биз сууну үнөмдөөчү алдыңкы технологияларды киргизебиз. Мисалы, каналдарды оңдоо, дыйкандарга тамчылатып сугаруу системасына өтүүгө колдоо көрсөтүү ишке ашырылат“.
Автор: Анархан Алтымышова